Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:28

Керимбаев: Жол кырсыгын таптакыр тыюу мүмкүн эмес


ИИМдин Жол коопсуздугу боюнча башкы башкармалыгынын жетекчи орун басары Темиркан Керимбаев “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Депутаттын шоопуру мас абалында кызматтык унаа айдап баратып эки адамды сүзүп кетип, бирөө каза тапканы маалым болду. Былтыр Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин ошол кездеги башчысы Кеңешбек Дүйшөбаевдин айдоочусу да адам сүзүп алган эле. Кызматтык унаалардын жол эрежесин бузган, кырсыкка кабылган учурлары көппү?

Темиркан Керимбаев: Мен бул суроого жооп берерден мурда жалпы статистиканы айтайын. Бизде өткөн жылы 4 813 жол кырсыгы катталып, андан 1 миңден ашуун адам каза болуп, 6697 адам денесинен ар кандай жараат алды. Булардын арасында деле түрдүү министрликтерге, мекемелерге таандык унаалар деле бар. Бизде атайын KG номурлуу унаалар канча жол кырсыкка кабылган деп баса көрсөтүлгөн баяндама жок. Бирок мына быйыл жыл башынан бери 2 кырсык катталып жатат.

Буга чейин 25-февралда кечки саат 9да өкмөттүн аппаратынын нөөмөттөгү унаасы Бишкекте жөө адамды коюп кеткен.

Учурда МАИ кызматкерлери жол кырсыгын алдын алуу боюнча бир топ иштерди жүргүзүп жатат. Дал ошол KG номурлар боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары менен бирге өткөн жылы бир топ иштер жасалган. Айрыкча туура эмес колдонулуп жаткан автоунаалар боюнча депутаттар өздөрү катышып, биздин кызматкерлер менен чогуу бир топ иштер жасалган.

“Азаттык”: Ички жобо боюнча депутаттардын кызматтык унаалары дем алыш күндөрү гаражда туруш керек экен. Мындай тартип башка мамлекеттик мекемелерде деле болсо керек. Жобонун аткарылышын ким көзөмөлдөйт?

Темиркан Керимбаев: Эгер кызматтык унаанын айдоочусунун колунда күбөлүгү болсо, атайын уруксат кагазы, техникалык талону болсо биз аларды “айдаба, алып барып гаражга кой”, - деп айта албайбыз. Биз алар жол эрежесин бузганда гана кандайдыр бир чара колдоно алабыз.

Унаалардын техникалык сапатын, айдоочунун ден соолугун мамлекеттик унаалар турган гараждын жетекчилиги караш керек. Себеби "машина берилди, болду" деп көз жуумп койбош керек. Сөзсүз түрдө убакыт таап, айдоочуларды гаражга чакырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп коюушу зарыл.

“Азаттык”: Буга чейин “Крутой” деген рейд жүргүздүңүздөр эле. Ушундай иш-чаралардан майнап чыгабы? Жол эрежесин бузгандар азаябы?

Темиркан Керимбаев: Мен башында белгилегендей, өткөн жылы Жогорку Кеңештен кат түшүп, өздөрү демилге көтөрүп, биздин кызматкерлер менен чогуу иштешкен. Бул сөзсүз түрдө натыйжасын берет. Жыйынтыгын байкаса болот. Бирок бүгүнкү күндө жол кырсыгын, жолдогу эреже бузууларды таптакыр болтурбай коюу мүмкүн эмес экен.

“Азаттык”: Ички иштер министрлигине таандык унаалар тууралуу айтып бересизби. Маселен “МВД” деген номурлуу машиналардын светофор кызыл жанып турганына карабай өтүп кеткен, маңдайындагы унааларды аралай айдаган учурларын көрүүгө болот. Эгер шашылыш, чукул тапшырма менен кетип баратса атайын сирена коюп, же МАИ кызматкерлеринин коштоосунда жүрүшү керекпи же, “МВД” деген номуру эле жетиштүүбү?

Темиркан Керимбаев: Кээде биз тараптан жол эрежеси бузулган учурлар болуп жатат, бул моюнга ала турган нерсе. Ошол ИИМдин кызматтык унаасы иштин кызыкчылыгы боюнча кандайдыр бир шашылыш кетип баратса, унаанын үстүнө маяк, сирена орнотулган болсо, айдоочуга аларды колдонгонго уруксат берилет. Муну деле өтө кылдаттык менен колдонушу керек. Ал эми “МВД” деген номур жол эрежесин бузганга эч кимге уруксат бербейт.

XS
SM
MD
LG