Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 06:00

Эл үнү / Коом

Атайын коопсуздук чарасынан кийин үйсүз калган Топозовдор

Быйыл 5-январда Бишкектен жогору тоо төштө куралдуу топту кармоо боюнча атайын коопсуздук чарасы өткөнү маалым. Операция учурунда бир үй өрттөнүп кеткен, ошол үйдө кароолчу Майрамбек Топозовдун оокат-кечеси, анын үй-бүлөсүнө тиешелүү бардык документтер күйүп жок болгон. Азыр Топозовдордун үй-бүлөсү төрт баласы менен ар кайсы жерде баш калкалоодо.

Майрамбек Топозовдун үй-бүлөсү, 7-февраль, 2011-жыл.
Текст көлөмү - +
Чоң короодо ээн-эркин ары-бери чуркап, жашынмак ойногонду жакшы көргөн Адилет эми атасы, апасы, төрт бир тууганы менен Токмоктогу таежесинин бир бөлмөлүү батиринде тыгылып баш калкалап жаткан кези.

Адилеттин апасы Салтанат Жунусова чебер тикмечи экен.

Айылдаштары ага турмуш курган кыздарына сеп заказ берип, бала-чаканы бакканга акча тапчу.

Эми үйүнөн да, кичинекей бизнесинен да кол жууп, заманасы куурулуп жатканы.

Майрамбек Топозовдун аялы жана уулу Адилет
2011-жылдын 5-январында куралдуу адамдарды кармоо чарасы маалында үйдө сакталган үч сепке жетерлик кебез, кездемелер күйүп кеткен.

"Кардарлардан алдын-ала акча алгам, эми аларды кантип кайтарам" деп Салтанат Жунусова кейип отурат.

-  Элдин заказдарын алып иштетчүбүз. Ошол заказдарым күйүп кетти. Акчаларын алып койгом.

Эми "качан бүтүрүп бересиң" деп сурап атышат. Биз өзүбүз эч нерсебиз жок отурсак каяктан төлөп беребиз?

Кийим тиккен машинкаларым бар болчу, арендага алган. Ошолордун баары күйүп кетти.

Күйөөм да милициялар сабагандан бери ден соолугу болбой калды. Күнү-түнү башым деп сыздачу болду. Кабыргасы да ооруп жыла албай атат. Иштейин десе же ишке да жарабай калды.

Үйүнөн да, ден соолугунан да ажырады

Топозовдор болсо Арашан айылы туштагы короону Кыргызстандын коопсуздук жоокерлеринин тандалма тобу (спецназ) курчоого алып, жоочулар менен ок атышуу учурунда  өз үйүндө болбогонун айтышууда.

Ошол коогалуу күнү үйдүн кожойкеси балдары менен төркүнүнө кеткен экен.

Ал эми Майрамбек айылдаштары менен ичкилик ичип отурганын, кийин террорчуларга тийешеси бар делип, негизсиз камакка алынганын айтып отурду.

Майрамбек Топозов кызы Адинай менен
- Кечинде келип мени сабап, колумду бурап, милиция алып кетти. Түнкү 12-1ге чейин "террорчулар менен байланышың бар" деп сабашты. Электрошок, дубинкалар менен да сабашты.

Эмне кылып гана мени кордогон жок. Кафель полдо оонап жаттым, ошолордун алдында.

Түнүчүндө мал ыргыткандай камап салышты. Анан түнкү үчтөрдө "эй, сен билесиңби үйүңдүн жарылганын" деп айтышты. Мен ал үй меники болбогонун, ал үй энергетика министринин орун басары Нурлан Жороевич Маматовдуку экенин, мен анын кол алдында кароолчу болуп иштегенимди айттым.

Майрамбек "исламчы террорчу" эмес экени билинген соң акыры бошотулуптур.

"Бөөдө ур-токмокко алынганым тууралуу органдарга арыз менен кайрылуудан корктум" дейт ал.

- Мен корктум. Мен милицияларды билем. Канчалаган байкуш балдар милицияга арызданабыз деп запкы жегенин көргөм. Чөнтөгүмө нашаа, героин салып, мени кайра камап салса менин төрт балам кайра талаада калабы? Мен ошон үчүн коркуп барган жокмун эч кимге.

Ден соолугуна залака кеткен Майрамбек "тогуз жылда таап-ташыган мүлкүмдү эми ким кайтарып берет, жоопкерчиликти ким мойнуна алат" деп башы катып отурат.

Майрамбек Топозовдун кызы Бегай
Тартип коргоо органдары өткөргөн коопсуздук чарасынан жөн-жай жарандар жапа чеккенде алардын чыгымдарынын ордун толтуруу жагы мыйзамда каралганбы?

Бул суроо менен "Азаттык" үналгысынын кабарчысы адвокат Кайрат Загибаевге кайрылды. 


Загибаев мырза Жарандык кодексте мындай жобо атайын каралганын баса белгилеп айтты.

Топозовдордун үй-бүлөсүнө юридикалык жана гуманитардык жардам көрсөтүп жаткан укук коргоочу Токтайым Үмөталиева атайын коопсуздук иш-чарасын өткөргөн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет мүлк доосуна жооп берүүгө тийиш деп эсептейт.

- Бүт жоопкерчилик азыр куралдуу күчтөрдүн мойнунда болот. Биринчи кезекте генерал Дүйшөбаевдин мойнунда.

Күч органдары жанагы жапа чеккен үй-бүлөнү өз кароосуна алып, алардын материалдык, моралдык чыгымдарын төлөп бериш керек.

УКМКнын атайын операцияны кандай өткөрүш керек, жарандардын мүлкү үчүн кандай жоопкерчилик тартат деген өзүнүн жобосу бар. Атайын фонддору да бар. Ошол фонддору аркылуу жардам бериш керек.


Эми жардам болобу?

Атайын операция, 5-январь, 2011-жыл
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрага орун басары Марат Иманкулов 5-январда уюштурган операциядан карапайым үй-бүлө жапа чегип, көчөдө калганы тууралуу кабары жок экенин, бирок мамлекет сөзсүз колдоо көрсөтүшү керектигин билдирди.


- Жанагындай шартта калып калса алар албетте жардам алыш керек. Аны жалдаган киши Нурлан Маматов да четте калбастан жардам бериш керек. Мен биринчи ушуну тактайын, кандай мүмкүнчүлүгүбүз бар экен, мүмкүнчүлүгүбүз болсо өкмөткө кайрылып көрөбүзбү, иши кылып кызматкерлерибиз менен кеңешип көрөм. Жардам бергенге аракет кылабыз.

Үстүбүздөгү жылы 5-январда Бишкектен жогору тоо этектеги Арашан айылы ченде куралдуу топту кармоо боюнча атайын иш-чара өткөн.

Куралчан эки жоочу жок кылынып, бирөө тирүүлөй колго түшүрүлгөн.

Ок атышуу маалында УКМКнын бир кызматкери октон мерт болгон.

Колго түшүрүлгөн Эдил Абдрахманов аттуу 25 жаштагы жигит абак жайында тергөөгө көрсөтмө берип жатат.

Ал эми коопсуздук чарасынын айынан өрттөлгөн үйдө жашаган бир үй-бүлө азыр ушинтип ар кайсы жерде күн кечирүүдө.

Тасма баян. 5-январдагы коопсуздук чарасы.

Жүктөө
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Чинара Дуйшекеева каяктан: Бишкек
11.02.2011 16:18
Майрамбекке окшоп арак ичкен кыргыздын еркектеринин кесепетинен аялдары кор болуп Москвада, Россияда дворник болуп кочо шыпырып, кафелерде пол, ыдыш аяк жууп орустун алкаш еркектеринин сасык тошокторуно аргасыздан жатып берилип журушот колдон колго отуп. О-о кудай! Качан эл катарына кирер экенбиз

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
11.02.2011 04:17
Million dolllarynar bar biraz jardam kylsanar olboysundorgo e, duyshobaev degen.
Moynuna alasyn dep kiynagany da ashykcha

кимден: Каке каяктан: Россия
10.02.2011 19:25
Майрамбектин арак ичип жүргөнү туура эмес дечи, бирок ага окшогон кыргыздын азаматтары канча, ал эмес Россияга келип алып да арак ичип жүрүшөт. Эми бул көйгөй бир эле кишиники эмес, бүт Кыргызстандыкы. "Карабаса катын кетет" дейт эмеспи, анын сыңарындай бийликтеги "сөрөйлөр" ич ара саясатын токтотуп, элди ойлобосо, эртең кыргыздын жигиттери эмес кыздары, аялдары арак ичмек түгүл ,"террорист" болуп кетиши ажеп эмес. Иштеген иши, жашаган жайы жок болсо, жанына баткан үчүн деле арак куйган жакка, акча берип азгырган жерге кетет да. Ошондуктан туугандар, бир Майрамбектин арак ичкен күнөөсүнөн да, 100 миңдеген жаранга Майрамбекке окшоп арак ичкенге мажбур кылган мамлекеттин күнөөсү чоң.

кимден: Калыбек каяктан: РФ
09.02.2011 20:19
Мен дагы коп балалуу эркекмин. Колумда торт балам, биринчи аялымдан эки балам бар. Ушул отуп жаткан турмушумда балдарымды ачка калтырууну ыраа корбойм. Балапандарымдын турмуш жашоосун оор, ачкачылык, тарткылык дуйно менен алмаштыргым келбейт. Колумдан келген эмгегимди алар учун жумшоого аракет кылам жана уй-булоомо береке беришин кудайдан тилейм. Арак ичпейм, тамеки чекпейм балдарымдын жакшы жашоосу учун курошом.
Ушундай жакшы тилектерди озумдун кыргызыма дагы каалайм. Мусулманчылыкка берилип, жакшы жашоо жолуна тушуу мезгили келип жетти.
Пикирге жооп

кимден: Бека
10.02.2011 04:24
Рахмат Калыбек жигит экенсиң!
Сендей кыргыздын жигиттери көөөп болсун!
А то Цыгандын эриндей эрке талтаң жалкоолор, арак менен алп урушкан аңкоолор көбөйүп кетти кыргызда.

кимден: анаржан каяктан: Батыш
09.02.2011 20:15
мотурайган балдары сонун экен, аман болушсун. Майрамбектей жигиттер толтура Кыргызстанда, аларда жашоодогу туңгуюктан чыгалбай, жумушсуздук жана жалпы коомдогу жакырдануунун айынан ушундай акыбалда. Коопсуздук комитети, ички иштер министрлиги Майрамбектин балдарын көчөдө калтырбай, сөзсүз жардам көрсөтүшү керек! Ошону күтөбүз бул эки мекемден, алардын жетекчилеринин деле балдары бар чыгар.
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
10.02.2011 00:14
Ооба, ошону айтсан. Кысталактын балдарына эле жалко болуптур. Тим эле мотурайып, жожолордой болуп отургандарын карасан? Мындай нерсе медиа холдинг тараптан катуу сынга алынып, жогорку бийликтен прессинг болгондо анан буларын (Душебаев менен Рысалиев) бир нерсе кылымыш болуп, реакция кылышат. А так менин такыр козум жетпейт булардын жардам беришине. Ашкере кетсем кечирип койосунар!

кимден: кыргызкыз каяктан: аракстан
09.02.2011 16:01
ошол Майрамбектей канча эркек бар Кыргызстанда,!!!!! силер ошонуле коруп калып, "байкушка" жабышып алдынар. Балдарын баккандын ордуна арак ичип, аялдарын иштетип койгон, уй эмес сарайы жок, алма быш озума туш деп отурган кыргыздар он миндеп саналат.

кимден: Эрмек каяктан: Бишкек
09.02.2011 12:47
УККнын бул операциясы ийгиликтуу болгон. Себеби, уч уюушулган бандиттик топтун адамдары (террорист эмес) жок кылынды, ичинен бироо колго тушурулду. Буга каршы УКК бир адамынан ажырады, албетте, жоготуусуз алышса да болмок, бирок, жоготуусуз болбойт да. Жакшы жери уй ээлери адамдык жоготууга учураган жок. Ал эми материалдык зыянды мамлекет сосуз толтуруп беруусу керек.
Ал эми уй ээси боюнча, ал албетте, бандиттер эмне учун анын уйун тандаганы боюнча сосуз суралмак. Мумкун ал уй-булосун торкунуно жонотуп, озу арак ичип эч нерсе билмексен болуп журушу бандиттер тарабынан уюшулушу да мумкун эмеспи. Кудай сактасын, бирок, менин уйумду бандиттер тандап, уй-булонду кочуро тур, сенин уйун айылдын чети бизге ылайык десе, мен деле коркконуман ошондой кылам да.

кимден: Айнура каяктан: Бишкек
09.02.2011 12:08
Мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн бирөөнүн үй оокаты күйүп, өздөрү 4 баласы менен ар кайсы жерде жүрүшөт, ал эми Дуйшебаев бир байкуштун үйү күйүп кеткени менен иши жок жургону кандай. Иманкулову ошондой бекен деп тан калып койгону кызык, эмне ээн сарайга барып кыйратып келдик деп ойлошту беле, же кай жерден, кимдин уйунон болгонун оздору басып барып корушкон эмеспи. Топозовдордун эмне оокаты болсо аны, моралдык чыгымдарын кошуп толоп беришсин да.Бул УКК деген немелер бир уй-булонун жабыр тартканына баш оорутпай, тоону томкоргонсуп мактанганына жиним келип жатат. Бечара келин менен торт баласынын убалы кимге, куйоосун эсепке кошпогондо.

кимден: кыргыз
09.02.2011 11:28
Урматтуу Азаттык !
Менин сунушума копчулук окурмандар кошулат болуш керек. Силерден чон сураныч, ушул маселенин артынан тушуп, многу уй-булоого мамлекет тарабынан жардам берилишине жетишкиле, сооп учун.
УКМК аябай мактанып жатышты эле, эрдик кылса суро кылсын жарым жартылай ишти таптап кетпей.
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: алыстан
10.02.2011 23:24
Туура, президенттик апаратка дейре жеткируу жана прессалардын бардыгы жазып чыгышса жакшы болот эле.Бул уй булоого абдан боорум ооруп турат. Жожолордой болгон балдары,эмне ичип эмне тамак жешет?
Оокат кылдырган тикме машинасы да орттонуп кетсе.Балдардын энеси жакшынакай жубай экен.Чыккан чыгымдын баардыгын орундатып беришсе,орттонгон уйду устун жаап ондоп беришсе бул эми менин таттуу кыялым болсо керек.???
Балдардын атасы ичкенин токтотпосо болбойт!

кимден: ошол
09.02.2011 10:07
уяты жок кыйратып салгансып мен арак ичип жургом дейт. кичинекей торт баланды иштеп акча таап баксан боло. милиция кызматкерлери эмнеге арак ичесин деп дагы сабак койсо болмок.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2315 - жалпы саны)

Аты-жөнү жазылбаган: Шаамерчемге
Менимче. эгер латын тамгасына десек, сиздин сунушка караганда кыргиз тилине 1939-жылы кийрилген латын ... Толук

Сөз таануу