Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:53

Абак жетекчиси алмашса абал оңолобу?


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстанда түрмө башчыларын алмаштыруу уланып жатат. Кандуу окуя катталган Чүйдөгү 50-абактын жетекчисинен башка дагы алты түрмөнүн башчысы кызматтан алынды.

Айрым байкоочулардын пикиринде, түрмөдөн адамдардын качышы, кызматкерлердин өлтүрүлүшү боюнча ириде Жаза аткаруу кызматынын жетекчисинин жоопкерчилиги каралышы керек.

Өткөн аптанын этегинде Бишкектеги №1 жана Оштогу №5 тергөө абагынын жетекчилери кызматтан алынды. Жаза аткаруу кызматынын маалымат катчысы Элеонора Сабатарова мындай кадрдык өзгөрүүлөр дагы уланарын “Азаттыкка” билдирди:

- Азыркы учурда 2,3,8 жана 16-абактын башчылары алмашты. Андан сырткары тарбия, оперативдүү иштер боюнча бөлүмдүн, башкармалыктын жетекчилери, жалпысынан 15тей адам алмашты. Кадрдык алмашуулар дагы уланышы мүмкүн.

Өкмөттөн маалымдашкандай, Бишкектеги жана Оштогу тергөө абактарынын жетекчилери өкмөт башчынын көрсөтмөсү менен иштен алынды. Аталган абактардагы мыйзамсыз, уставга жат кыңыр иштер тууралуу коомчулукта көп сөз болуп келген.

Абак жайларында өндүрүлгөн продукциялардын көргөзмөсү. 12-август
Абак жайларында өндүрүлгөн продукциялардын көргөзмөсү. 12-август

Мисалы, Оштогу №5 тергөө абагынын жетекчиси Абдыкадыр Асановго мындан бир жыл мурун түрмөдө жаткан жаранга үйүнө барып келүүгө уруксат берген деп айып тагылып, кылмыш иш козголгон эле. Бирок бул иштин эмне менен аяктаганы коомчулукка белгисиз бойдон калган.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун бир тууганы Абдыкадыр Асанов 2012-жылы ишинде алешемдиктерди кетирген деген жүйө менен кызматтан да алынган. Бирок ал Жаза аткаруу кызматынын жетекчилигин соттон утуп алып, бир жылдан кийин ордуна кайра отурган болчу.

Азыр абактардагы жалпы абалды өкмөттүк комиссия иликтеп жатат. Премьер-министр Темир Сариевдин маалымат катчысы Бакыт Асановдун билдиришинче, комиссиянын корутундусуна ылайык, дагы чаралар көрүлмөкчү:

- Өкмөт башчы кыска мөөнөттүн ичинде Жаза аткаруу кызматын реформалоо боюнча план иштелип чыгышын тапшырган эле. Анын алкагында негизги маселелердин бири болуп жаза аткаруу тутумундагы негизги түзөтүү мекемелеринин, тергөө абактарынын кадрдык саясатын карап чыгып тиешелүү чараларды көрүү тапшырылган. Азыркы учурда №50 абактагы окуя боюнча өкмөттүн алдындагы комиссия иштеп жатат. Анын жыйынтыгы менен дагы тиешелүү чара, тиешелүү чечим кабыл алынат. Анын катарында өз милдетин жетиштүү деңгээлде аткара албаган жетекчилерди кызматтан бошотууга чейинки иштер талап кылынган.

Ушул тушта айрым байкоочулар 50-абактагы кандуу окуяга байланыштуу эң ириде Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Алик Мамыркуловдун жоопкерчилиги каралышы керектигин айтып жатышат. Аталган кызматтын байкоочу кеңешинин төрайымы Чолпон Өмүрканованын айтуусунда, бир катар бейөкмөт уюмдар, Акыйкатчы институту жана Кыйноолорго каршы улуттук борбор менен бирге, эмки аптадан тарта көз карандысыз иликтөө жүргүзүп, сунуш даярдашмакчы:

- 2012-жылы №1 тергөө абагындагы окуя боюнча парламенттик угуу өткөндө Жаза аткаруу кызматына чукул арада реформа жүргүзүү керек, деп айтып чыкканбыз. Аталган кызматтын жетекчилигин тез-тез эле алмаштыра берген болбойт, бул милиция же аскерий орган эмес, бул социалдык институт деп айтканбыз. Ушул кандуу окуядан мамлекет туура тыянак чыгарып, туура чечимдерди кабыл алат деп үмүттөнөбүз. Мына, төрт кызматкер өлдү, түрмөдөн качып чыккандардын көбү өлтүрүлдү. Биринчиден адам укугу сакталышы, мыйзамдын чегинде иш жүргүзүлүшү керек.

Абактан качкандарды издөө операциясы. 16-октябрь
Абактан качкандарды издөө операциясы. 16-октябрь

Ал арада 12-октябрдагы кандуу окуяда каза болгон түрмө кызматкерлеринин жакындары бул окуянын тыкыр иликтенишин талап кылып жатат. Алар 26-октябрда Бишкекте маалымат жыйын өткөрүп, өлкө жетекчилерине кайрылды. Каза болгон кызматкерлердин бири Фархад Орозбек уулунун бир тууган агасы Максат Өмүров ушул тушта күнөөнү өлгөн кызматкерлерге оодара салуу аракети жүрүп жатканын айтып чыкты:

- Кылмышкерлерди өлтүргөндөн кийин өлгөн түрмө кызматкерлерине, менин иниме жана жанындагыларга эшиктерди ушулар ачып берген деген сөздөр чыгып, күнөөнүн баарын аларга илип койчудай абалга келип калдык. "Тергөө бүтсүн" деп бизди ары-бери айдап жатат. Убакыт өтүп жатат, балким тергөө деле бүтүп калгандыр. Бизге аны деле айтышпайт. Ошондуктан премьер-министр, президенттен бул окуянын акыйкат иликтенишин суранабыз. Мына атайын операцияда каза болгон милиция кызматкерине жардам беришти, түрмө кызматкерлери болсо каралбай калды. Алар да кызмат учурунда каза болду, алардыкы да эрдик. Ошондуктан алардын үй-бүлөсүнө жардам берилишин, “баатыр” деген наам берилишин сурайбыз.

Кыргызстанда жалпысынан 10дон ашык түрмө, алты тергөө абагы бар жана анда 15 миңдей адам отурат. Өлкө эгемен алган жылдан бери эле түрмөлөрдү реформалоо иш-аркети майнаптуу болбой келет. Мындан улам абактарга байланыштуу бир катар чуулуу окуялар катталган, далай жолу тополоң да чыккан.

XS
SM
MD
LG