Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:37

Өкмөт башчы ИИМдин ишине канааттанбайт


Милиция күнүнө арналган салтанаттан. Ош шаары, 1-ноябрь, 2013.
Милиция күнүнө арналган салтанаттан. Ош шаары, 1-ноябрь, 2013.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев өлкөдөгү криминогендик кырдаал боюнча Ички иштер министрлигинин ишин сынга алды.

Өкмөт башчы милицияга кайрылган жарандарга чындап жардам берүүнү, Кара-Кече көмүр кениндеги абал боюнча чукул чара көрүүнү тапшырды. Айрым байкоочулар өкмөт башчынын сынында жүйө бар деп эсептейт.

22-апрелде Ички иштер министрлигинин жетекчилери менен жолугушкан премьер-министр Жоомарт Оторбаев Кыргызстандагы азыркы криминогендик кырдаалды начар деп баалады. Ал жыл башынан бери оор жана өтө оор кылмыштардын саны 19 пайызга өскөнүн белгилеп, ички иштер министрине чукул чараларды көрүүнү тапшырды:

- Ички иштер органдарына кайрылган жарандарга чындап жардам берилиши керек. Кримоногендик кырдаал боюнча чаралар көрүлүшү шарт. Сынды туура кабыл алгыла. Тилекке каршы, өлкөбүздө бейкапар жашоо орнотуу мүмкүн болбой жатат. Жума сайын адам өлтүрүү фактылары катталат. Эки жуманын ичинде эле Бишкекте эки кыздын сөөгү табылды.

Оторбаев Нарындын Жумгал районунда жайгашкан Кара-Кече көмүр кениндеги абалга кеңири токтолду. Өкмөт башчы сөзүндө кендеги Айбек Мамбеталиев аттуу жарандын өлүмү жана ага байланыштуу чатакты териштүү үчүн түзүлгөн комиссия корутунду чыгарганын маалымдады. Ага ылайык тиешелүү чара көрүлөрүн эскертти:

- Көмүр кен менен уюшма кылмыш топтордун байланышы бар деген маалымат берилген. Милиция кызматкерлеринин да катыштыгы бар. Көмүр мыйзамсыз ташылып, иш жүзүндө көзөмөлсүз калган. Эч ким көзөмөлдөгөн эмес. Ушунун айынан жанагындай иш болду. Ички иштер органдарынын кызматкерлерин сөзсүз жоопко тартуу керек.


Нарын облусунун губернатору Аманбай Кайыпов “Азаттыктагы” маегинде тартип орнотуу максатында Кара-Кече көмүр кенине бараткан жолго эки бекет коюлганын айтып берди. Анда милиция кызматкерлери жана салыкчылардан сырткары Кара-Кечеде көмүр казган бардык ишкананын өкүлдөрү болмокчу:

- Ушундай бекеттер жок болгон үчүн уюшма кылмыш топтор кенге кезексиз кирип, элдин кыжырына тийген учурлар болгон. Азыр биз бекеттерди койгондон кийин баары тартип менен кирет. Ар бир ишкананын өкүлдөрү келген унааларды катар-катар менен киргизе баштайт. Кайра көмүр жүктөп чыгып атканда, ар бир унаа каттоого алынат.

Былтыр жыл этегинде Кара-Кечеде Айбек Мамбеталиев аттуу жаран каза тапкан. Анын өлүмүнө шектелген үч милиция кызматкери кармалган. Алардын соту болуп жатканда жабырлануучулар милиция кызматкерине бензин чачып, өрт койгон болчу.

ИИМдин маалымат катчысы Жоробай Абдраимов өкмөт башчынын милиция кызматкерлеринин иши боюнча айткан сынын негиздүү деген менен тартип коргоо органдарынын иши начарлап кетти дегенге кошулбайт:

- Статистика көрсөткөндөй, соңку учурда Кыргызстанда кылмыштын саны жыл өткөн сайын азаюуда. Ачылган кылмыш иштердин көрсөткүчү да жогорулап баратат. Кээ бир багыттар боюнча кылмыш өскөн. Бирок биз калган көп багыт боюнча кыйла ийгиликке жетиштик. Албетте, иш болгондон кийин кемчилик да болбой койбойт. Ал кемчиликтерди оңдоого аракет кылабыз.


“Реформа жана анын жыйынтыгы үчүн” биримдигинин мүчөсү Урмат Казакбаев милициянын ишиндеги алешемдиктерди бул тармакты реформалоо иштеринин кечеңдеши менен түшүндүрдү:

- Жарандык активисттерге эшигин ачып, чогуу иштешүү аракеттери болуп жатат. Бирок бул жөнөкөй карапайым жарандардын коопсуздугун камсыздоого эч кандай таасир эте алган жок. Эл милиция менен чогуу иштеп, тартип коргоо органдарынан коркпой ишенип кайрылганда гана таасири тиет. Ошондо гана милиция жакшы иштеп атат деп айтса болот. Жарандык активисттерди чакырып алып, тегерек үстөл талкууларын өткөрүү менен эле чектелсе андан майнап деле чыкпайт.

Айтор өкмөт башчынын ички иштер министри Абылда Суранчиевди ачык сынга алышы ар кандай божомолдорго жем таштады. Жоомарт Оторбаев премьер-министр кызматына киришип жатканда, ишин жөндөй албаган өкмөт мүчөлөрү кызматтан алынарын эскерткен эле.

XS
SM
MD
LG