Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:24

“Ислам мамлекети” Кыргызстанга сөөмөй кезеди


Жихадга үндөгөн кыргыз жараны. Сүрөт Kloop.kg сайтынан алынды
Жихадга үндөгөн кыргыз жараны. Сүрөт Kloop.kg сайтынан алынды

Кыргызстандын күч органдары кыргыз жарандарын “Ислам мамлекети” террордук уюмуна кошулууга үндөгөн видеокайрылууну иликтеп жатат.

25-июлда кыргызча сүйлөгөн белгисиз адамдын жихадга чакырган кайрылуусу интернетке жарыяланды. Кыргызстан мусулмандар башкармалыгы диний-терроризмге байланыштуу соңку окуялардан улам алдын алуу иштерин күчөткөнүн “Азаттыкка” билдирди.

YouTube сайтына жайгаштырылган тогуз мүнөттүк видеокайрылуу жарыялангандан алты сааттан кийин алып салынды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Ички иштер министрлиги видеодогу адамдын тек жайын, тасма кайсы жерде тартылганын тактап жатат.

Дин таануучу Кадыр Маликов видеого байланыштуу жагдайды опурталдуу деп сыпаттады жана бир катар маанилүү жагдайларга көңүл бурат. Анын баамында, видео Кыргызстанда тартылган деп кесе бүтүм чыгарууга болбойт:

- Биринчиден, бул Кыргызстан элине алгачкы түз кайрылуу болду. Буга чейин Сирия, Ирак мамлекетинен Кыргызстан элине атайын чакырык болгон эмес. Анда "Кыргызстан капырлардын өлкөсү", "халифатка кетиш керек" деген мазмундагы сөздөр айтылды. Бул “Ислам мамлекети” террордук уюмунун жетекчилигинин макулдугу менен даярдалганы анык. Кыргызстандын бийлиги туура эмес системада бараткан деген жүйө менен расмий жихад жарыяланды.

Кадыр Маликов мындай мазмундагы видеолор дагы жарыяланышы ыктымалдыгын, Кыргызстанда радикалдашууга шарттар түзүлүп калганын эскертти:

- Шайлоонун алдында, экономикалык-социалдык абалдын начарлашы, аны менен катар коррупция, акыйкатсыздык өңдүү көрүнүштөр жаштарды радикалдашууга түртүшү мүмкүн. Айрыкча мамлекеттик жетекчилердин хижаб, мечиттерди көзөмөлдөө тууралуу билдирүүлөрү да кошул-ташыл болушу ыктымал. Динге ишенген жаштар коомдо өз ордун көрө албай жатат. Аларды чукул арада коомго аралаштыруу керек. Светтик бийликке болгон ишеним азайып жатат. Ошондуктан ушундай жагдай радикалдашууга өбөлгө болот.

Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынын жетекчиси Максат ажы Токтомушев диний-экстремизмге байланыштуу соңку окуялардан улам алдын алуу иштери күчөтүлгөнүн “Азаттыкка” айтып берди:

- Кыргызстандагы бардык имамдарга тапшырмалар берилди. Мамлекеттин ынтымагы, аманчылыгы, чагымчылдыкка алдырбоо, ар бир жарандын туура эмес нерселер менен күрөшүүсү боюнча жыйын өткөрүлүп, окуу бөлүмүнө тапшырма берилип, жума күнгө чейин бардык имамдарга тиешелүү материалдар берилет. Андан сырткары опурталдуу деген региондордо имамдарды, аксакалдарды, диний аалымдарды чогултуп жыйындарды өткөрөбүз. Азыр өкмөткө да жыйынга чакырып жатышат. Буйруса, мамлекеттин жардамы менен тартипке салабыз.

Сирияга согушканы кеткен казак жихадчылары
Сирияга согушканы кеткен казак жихадчылары

Президентке караштуу “Ыйман” фонду кийинки айда имамдар үчүн эки жумалык окутуу уюштуруп жатат. Фонддун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков күч менен эмес, идеологиялык жактан күрөшүү натыйжалуу экенин белгиледи:

- Экстремисттик идеологияны алып жүргөндөр идеология майданында катуу аракеттенип жатат. Алар билинип-билинбей эл арасында да иш алып барууда. Ошол эле мезгилде идеясын бир нече тилде интернет жана башка байланыш каналдар аркылуу да таратып жатат. Болгондо да коомдун эң аярлуу жерлерин таап иштеп жатат. Экинчиден, светтик деген дүйнөнүн ар башка жеринде ар башкача түшүндүрүлөт экен. Мисалы, постсоветтик өлкөлөрдө дин менен коом бөлүнүп калат. Ошон үчүн мектептерде дин боюнча сабактарды киргизүү кыйын болуп жатат. Анан мамлекет динге каршы болуп жатат деп ушуну да пайдаланышат. Ошондуктан ар бир кадамыбызды туура түшүндүрүп иштешибиз керек экен. Айрыкча диний ишмерлер менен көбүрөөк иштешибиз керек. Мындан улам биздин фонд имамдарга көп көңүл бурууда.

Соңку учурда Сирияга кетип жаткан кыргыз жарандарынын саны көбөйүүдө. Мындан улам кыргыз бийликтери жазаны катаалдатууга киришти.

Өткөн аптада президент Алмазбек Атамбаев "Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Анда чет өлкөдө куралдуу кагылыштарга, согушка катышкан, же экстремисттик-террорчул уюмдарда машыгуудан өткөн кыргызстандыктарды сегиз жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратуу тууралуу атайын берене кирди.

XS
SM
MD
LG