Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:56

Селге кошул-ташыл жер көчтү


27-апрелден 28-апрелге караган түнү жааган жаандан кийин Кыргызстандын айрым аймактарында сел жүрүп, кээ бир жерлерде жер көчкү түштү.

Табигый кырсыктарды алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу иштери кандайча жүрүп жатканы тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин оперативдүү-нөөмөт бөлүмүнүн башчысы Рамис Сатыбеков маалымат берди.

- Түндө жааган жаандан да түштүктүн айрым аймактарын сел каптады деп айтылып атат, тагыраак маалымат берсеңиз.

- 27-апрелде саат 19:30 чамасында Баткен облусунун Лейлек районунун Булак-Башы айылында мөндүр аралаш нөшөрлөп жааган жаандын натыйжасында сел жүрдү. Анын кесепетинен 30 үйгө суу кирип, 45 тамдын тамаркасын суу каптады.

Мындан тышкары арыктар менен жолдор жуулуп, ФАП менен Булак-Башы мектеби да селге кабылды. Азыркы учурда Баткенде өзгөчө кырдаалдар министри, анын орун басары облус башчылары менен кошо селдин кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүүдө.

Баткенден тышкары Ош менен Жалал-Абад облустарында да сел жүрүп жатат. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы айылында сел жүрдү.

- Селдин келтирген чыгымдары кандай эсептелип жатат?

- Селдин кесепеттерин жарандык коргонуу комиссиясы эсептеп жатат. Андан тышкары биздин мониторинг департаментинин кызматкерлери иштеп жатышат. Алар Алай жана Чоң-Алай райондоруна кетишти, анткени бул аймактарда 27-апрель күнү жер көчкү жүрдү.

- Жер көчкү боюнча кененирээк айтып берсеңиз, мал-жан аманбы?

- Алай районунун Бүлөлү айыл аймагындагы Чоң-Бүлөлү айылынын Кызыл-Кыштоо чегинде 27-апрелде саат 12лер чамасында тоо бетинде жер көчкү активдешип, жарака пайда болгон. Анын алдында үч үй бар экен, андагы тургундардын баары коопсуз жерге көчүрүлдү.

Ал эми Чоң-Алайдагы Кулчу айылында кечээ саат тогуздар чамасында жер көчкү жүрүп, бактыга жараша үйлөргө жеткен эмес. Ал жердеги 5 үйдүн тургундары да коопсуз жактарга көчүрүлдү. Өзүңүздөр билесиздер, быйыл жаан-чачын көп болуп жатат, ошондуктан сел да көп болуп атат. Жер көчкү ар кайсы жерден түшүүсү мүмкүн, андай коркунуч бар.

- Сел каптоону алдын алуу иштери жүргүзүлүп жатат деп маалымдадыңыз. Кандай иштер жүрүп жатат? Дамбаларды бекемдөөбү, арыктарды кеңейтип чабуубу?

- Жарандык коргонуу штабынын башчысы – премьер-министр, анын орун басары - өзгөчө кырдаалдар министри. Ошол башчынын буйругу бар, ар кандай табигый кырсыктарды алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу үчүн Транспорт министрлиги техника, күйүүчү май менен, Саламаттык сактоо министрлиги дары-дармек жагынан камсыздашы керек.

- Эми ошол күйүүчү май, тиешелүү техникалар, дары-дармектер толук жетиштүүбү?

- Жетишинче иштеп жатабыз. Бир райондо иш бүтсө, андагы техникаларды, кызматкерлерди башка дагы муктаж болуп жаткан райондорго жиберип иштеп жатабыз.

- Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел каптоону алдын алуу боюнча эскертүү берилди деп маалымдап жатат. Бул эскертүү кимге берилет: жергиликтүү бийликкеби, карапайым жашоочуларгабы же өзүңүздөрдүн куткаруучуларгабы?

- Шашылыш билдирүүлөр маалымат каражаттары, уюлдук телефон операторлору аркылуу чөнтөк телефондорго жеткирилип атат. Мындай эскертүүлөрдү жергиликтүү бийлик элге түшүндүрүп, жеткириши керек. Ошондой эле ар бир жаран биздин эскертүүлөрдөн өз коопсуздугу үчүн туура натыйжа чыгарууга тийиш.

- Маегиңиз үчүн рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG