Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:26

Ошто "маңзат барону" атыккан адам кармалды


Кыргызстандагы маңзаттарды кармоо опеарциясынан бир учур. 21-июль, 2012.
Кыргызстандагы маңзаттарды кармоо опеарциясынан бир учур. 21-июль, 2012.

Mаңзатты көзөмөлдөө кызматы 2010-жылкы июнь окуяларына жана маңзат кылмышына шектелген адамды кармады.

Кыргызстандын манзаттарды көзөмөлдөө кызматы бул ишти орусиялык кесиптештери менен бирге ишке ашырды. 2010-жылдагы кандуу июнь окуясына да катышы бар деп, издөөдө жүргөн бул адамга Орусияда да кылмыш иши козголгон экен.

Маңзат соодасына жана башка кылмыштарга шектелген бул адам Ош шаарында 6-февралда кармалганы 11-февралда ачыкка чыкты. Маңзаттарын көзөмөлдөө кызматынын жетекчисинин биринчи орун басары Гуламжан Анарбаев “Азаттыкка” буларды билдирди.

- Бул киши маңзат соодасы менен көп жылдан бери шугулданып жүргөн. Анан канча жолу милиция жана башка органдар кармаса деле, дайыма соттон чыгып кетип жүргөн. Азыр Орусияда козголгон иштин негизинде кармап, үйүн тинттик. Эми бул сапар узагыраак камалат го деп үмүт кылып турабыз. Анын иши боюнча маалыматтар жетиштүү.

Маалыматка ылайык, кармалган адам 49 жаштагы өзбек тектүү Хайрулла Маматханов аттуу жаран жана ал кайсы бир кылмыш тобунун лидери. Тергөөнүн жүрүшүндө анын 2009-жылы Орусиянын Иркутск облусуна 133 килограммдан ашык апийим жөнөткөнү да аныкталган.

Гуламжан Анарбаев бул адамды Ош шаарынын “№1 маңзат барону” деп сыпаттап, ал маңзат соодасына бир туугандары менен чогуу аралашканын белгиледи:

- Бул Оштун “№1 маңзат барону”. Негизинен маңзаттарды Орусияга жиберип турган. 2000-жылдары бул жана бир тууганы 800 килограмм менен кармалган. Бул адамдын агасынын балдарынын да кылмыш иштери бар. Бирок бүт бардык кылмыш иштеринин акыркы чечимдери жок, жыйынтыктары чыкпай калган. Баарын тең эле тергөө убагында кыскартып сала беришкен.

Маңзат көзөмөлдөө кызматынын кабарлашынча, Маматханов 2010-жылы Ош окуяларында массалык башаламандыкка активдүү катышкан деген шек менен да издөөдө жүргөн. Коогадан кийин үйүн тинткенде 40 килограмм маңзат, ок-дарысы менен курал-жарак, куралдуу кагылышка ылайыкталган үч КаМАЗ унаасы табылган. Ал эми ушул жылдын 17-январында милиция тарабынан кармалып, бирок сот аны эч кайда чыкпоо тил каты менен коё берген экен. Ал башка адамдарга катталган 40тан ашык үйдүн жана батирдин, ошондой эле ондонгон автоунаалардын ээси экени да айтылууда.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын мурдагы орун басары, генерал Артур Медетбековдун айтымында, Ооганстанда өндүрүлгөн маңзаттын 20 пайызы Кыргызстан аркылуу өтөт.

- Маңзат менен шугулдангандардын арасында кыргыздар да, тажиктер да, өзбектер да бар. Бирок алардын баары Кыргызстандын жарандары. Дүйнөдөгү маңзатка каршы күрөшүүдөгү маалыматтар боюнча, негизинен Ош шаары наркожол катары маанилүү ролду ойнойт. Ооганстанда 7 миң тоннага жакын маңзат өндүрүлсө, анын 20 пайызы Кыргызстан аркылуу өтөт.

Башка бир эсептөөлөрдө, дүйнөдө маңзат соодасынан жылына 65 млрд. доллар киреше түшсө, Кыргызстан аркылуу өткөн маңзаттын нак акчалай көлөмү 7 млрд. доллар чамасында. Кыргызстан аркылуу өткөн маңзат Казакстанга, Орусияга, андан ары Европага тарайт. Кыргызстандын аймагында отуздай баңгизат ташып, шугулданган топ бар экени айтылып жүрөт.

XS
SM
MD
LG