Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:19

Камчы Көлбаев Бишкекке алынып келди


Камчы Көлбаевге издөө салынганы тууралуу Интерполдун сайтындагы жарыя. 21-июль, 2011.
Камчы Көлбаевге издөө салынганы тууралуу Интерполдун сайтындагы жарыя. 21-июль, 2011.

УКМК кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү аталган Камчы Көлбаев Дубайдан Бишкекке жеткирилип, камакка алынганын кабарлады.

УКМК тараткан маалымат боюнча, Кыргызстандагы кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү деп саналган Камчы Көлбаев 8-декабрда Дубайдан Бишкекке алынып келди. Бул тууралуу аталган комитеттин маалымат кызматынын башчысы Нурлан Токталиев буларды айтат:

- УКМКнын кызматкерлери Камчы Көлбаевди Дубай шаарынан Бишкекке алып келишти. Ага бир нече беренелер боюнча кылмыш иши ачылган. Учурда Көлбаев УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Токталиев билдиргендей, Камчы Көлбаевге Кылмыш-жаза кодексинин адам уурдоо, талап-тоноо, кылмыштуу топту уюштуруу, куралдарды жана жарылуучу заттарды алып жүрүү, маңзаттарды өндүрүү жана таратуу сыяктуу жети берененин негизинде кылмыш иши козголгон.

УКМК Көлбаевдин алынып келгенин тастыктаганы менен анын Дубайдан кандай шартта кармалып, кантип Бишкекке жеткирилгени тууралуу толук маалыматты берген жок.

Көлбаевдин адвокаты Икрамидин Айткулов да бул боюнча азырынча комментарий берүү эрте экенин билдирди:

- Чындыгында эле мен Көлбаевдин адвокаты болуп саналам. Бирок азыркы учурда анын иши тууралуу комментарий бере албайм.

Көлбаевди кармоо операциясы жөнүндө толук маалымат берилбегени коомчулукта ар түркүн түкшүмөлдөргө жол ачты. Себеби быйыл күздөн бери эле Камчы Көлбаевдин өз ыктыяры менен менен Кыргызстанга келээри тууралуу кептер айтылып жаткан.

Мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Субаналиев Көлбаев Кыргызстанга өз ыктыяры менен келди деген пикирге кошулаарын билдирди:

- Негизинен Кыргызстан менен Араб Эмираттарынын ортосунда экстрадиция тууралуу келишим жок. Ошондуктан алып келбей жатышпады беле. Мен Камчы Көлбаев өзү келди деп ойлойм. Себеби буга чейин деле Кыргызстандан чыгып кеткен анын бир нече жан-жөөкөрлөрү келип, сурак бере баштаган болчу.

Ал эми УКМКнын мурдагы төрага орун басары Артур Медетбеков Көлбаевдин табышмактуу жагдайда кармалышын төмөмөнкүчө божомолдойт:

- Чындыгында эле Камчы Көлбаев өзү эле келет экен деп көптөн бери эле айтылып жаткан. Эми мунун табышмактуу жагдайда кармалышы тууралуу бир нерсе деп айтуу эртерээк. Эгер Көлбаев чындыгында эле укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынын оперативдик маалыматтар, келишимдердин негизинде кармалып келсе, анда алардын иши мактоого татыйт. Бул кылмыштуулукка болгон күрөштүн аягына чыгарууга болгон жакшы демилгени көрсөтөт. Эгер мурдагы бийликтердин тушундай эле биздин саясатчылар кайсы бир саясий кызыкчылыктан улам соодалашып, анын Кыргызстанга келишине шарт түзүп берсе бул жакшылыкка алып барбайт.

Камчы Көлбаев Кыргызстанда бир катар чуулгандуу иштерге шектелип, "кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү" катары сыпатталып келет.

38 жаштагы Камчыбек Көлбаев Чолпон-Ата шаарында туулган. Уюшма кылмыштуу топтун бирден-бир негизги өкүлү катары саналып келет. Ал узак убакыт бою кылмыш дүйнөсүндө Рысбек Акматбаевдин жан-жөкөрү болуп, бирок кийин анын тобунан бөлүнүп чыккан.

2000-жылы Рысбек Акматбаевге кол салды деп күнөөлөнүп, Көлбаев 25 жылга эркинен ажыратылган. Бирок эки жыл өтпөй мунапыска ылайык мөөнөтүнөн мурун камактан бошотулган. 2010-жылдагы апрель ыңкылабынан соң Көлбаевди Бишкек милициясы кармап, бирок белгисиз себептер менен коё берилген. 2011-жылы Кыргызстанда уюшма кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө карата күрөш башталып, Көлбаевге издөө жарыяланган болчу.

Андан соң былтыр жайында Камчы Көлбаев, Алманбет Анапияев жана Адилет Касенов биргелешкен операциянын алкагында Дубай шаарында кармалып, ИИМ аларды алып келүү аракеттери жүрүп жатканы айтып келген. Көлбаев менен бирге кармалган Касенов болсо быйыл июлда Кыргызстанга алынып келинген болчу.

Ал ортодо АКШ президенти Барак Обама Камчы Көлбаевди дүйнөдөгү кооптуу баңги барондорунун тизмесине киргизгени да бар.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG