Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:22

Бишкекте үрөй учурган кылмыштар көбөйдү


Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү көчөлөрдүн бири.
Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү көчөлөрдүн бири.

Соңку күндөрдө удаама-удаа жаш кыздардын өлтүрүлүшү, борбордун чок ортосундагы атыш бишкектиктерди кыйла чочутуп койду.

Бишкектин тургуну Аяна акыркы мезгилде кечинде көчөгө чыгуудан чочулап калды. Ал сабактан чыгаары менен атасына телефон чалып, үйгө аны менен чогуу кеткенге аракет кылат. Буга соңку мезгилде Бишкектеги катар-катар менен жаш кыздардын өлтүрүлүшүнө байланыштуу ар түрдүү каңшаар тарашы себеп болгон:

- Сабактан кечирээк чыгам. Чыгаар менен атама чалып, мени алып кет деп айтчу болдум. Себеби шаардагы акыркы окуялардан кийин караңгы кирээри менен ар түрдүү шектүү адамдардан чочулап калдык.

Чындыгында эле акыркы бир апта ичинде Бишкектеги коопсуздук социалдык тармактардагы эң көп талкуулаган темага айланды. Алсак, 14-мартта Бишкектин чок ортосунан 20-25 жаштардагы кыздын мыкаачылык менен өлтүрүлгөн сөөгү табылса, 16-мартта шаардын чекесиндеги Байтик айылынан 19 жаштагы Камила Дүйшөбаеванын киши колдуу болгон сөөгү табылды. Камила 10-март күнү өз үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз кеткен эле. Бул окуялардан кийин шаарда маньяк пайда болду деген каңшаар тарады. Бирок күч органдары мындай кептерди жокко чыгарды. Ал эми өткөн түнү болсо борбор калаанын Элебесов жана Арал көчөлөрүнүн кесилишинде атышуу катталды. Анда Ниссан үлгүсүндөгү автоунаа автоматтан бир нече жолу аткыланган. Унаада кандын тагы да калган. Бул кылмыштуу топтордун өз ара чатагы деген жоромолдор айтылууда.

Бул окуялардан соң Бишкек көчөлөрүндө сурамжылоо жүргүзгөндө да көпчүлүк жарандар коопсуздук үчүн тынчсызданаарын байкадык:

Айбек: Албетте кооптоносуң. Жердин баарында эле өлтүрүп кетти, уурдап кетти деп айтылып жатат. Гезиттер жазып жатат. Баарынан мурда балдарымдын коопсуздугунан корком.

Керез: Өткөндө бир кызды өлтүрүп кетти деп социалдык тармактарда жазып чыккандан кийин коркуп калат экенсиң. Ошондон кийин караңгыда эшикке чыкпаганга аракет кылам.

Жумабек: Көчөгө чыккандан көп деле коркпойм. Бирок карындаштарыма эртерээк келгиле деп айтып калдым.

Укук коргоочу Нурбек Токтакунов да шаардыктардын чочулоосун негиз бар деп санайт. Себеби милиция жөнөкөй шаардыктардын коопсуздугун коргоого жөндөмсүз болууда:

- Акыркы окуяларды эле карасак, милиция өз милдетин аткара албай жатканы белгилүү болуп калды. Алар кылмыштын бетин ачтык дегени менен шаардыктар сыртка чыгуудан чочулап калышты. Мындай шартта ар бир жаран өз коопсуздугун коргобосо, милиция иштебей жатат. Реформа ишке ашпай жатат.

Укук коргоочу жөнөкөй жарандардын коопсуздугун коргоого анчейин маани бербей жатканын билдирди. Мындан улам Токтакунов өлкө жетекчилигин ички иштер органдарынын реформасын тезирээк ишке ашырууга чакырат.

Анткен менен Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү укук коргоочулардын тынчсыздануусун негизсиз деп четке кагууда. Маселен, Бишкек шаардык милициясынан кабарлашкандай, былтыр борбордо катталган кылмыштын саны мурдагы жылга салыштырмалуу 4 пайызга азайган. Ошону менен бирге шаарда милициянын аймактык бөлүмчөлөрүнүн саны көбөйтүлүп жатат.

Шаардык милициянын жетекчиси Мелис Турганбаев да бишкектиктердин коопсуздук үчүн тынчсыздануусуна эч негиз жок деп эсептейт:

- Кооптоно турган эч нерсе деле жок. Кылмыштар күндөгүдөй эле катталып жатат. Эми адам бар жерде кылмыш болот экен, аларды ачып жатабыз. Эгер катталган кылмыштар ачылбай, көзөмөл солгундаса бир жөн эле.
Ал эми шаардыктардын коопсуздугун, тынчтыгын сактоо үчүн бир катар аракеттерди көрүп жатабыз. Мисалы, шаардын ар кыл тарабына 44 милициянын атайын пункттарын ачканбыз. Быйыл дагы 12ини ачалы деп жатабыз. Шаарда күнү–түнү милиция кызматкерлери тартипке көз салып жатат.


Ал эми Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин төрагасынын орун басары Бактыбек Калмаматов да шаардыктардын тынчсыздануусун жөндүү деп санайт. Депутат шаар көчөлөрүнө көзөмөл камераларын орнотуп, “Коопсуз шаар” деп аталган долбоорду ишке ашыруу абалга жардам бермек деген ойдо:

- Ар бир жарандын коопсуздугун мамлекет камсыз кылууга түздөн-түз милдеттүү. Бирок учурда ИИМ менен күч структуралары бул милдетти толугу менен аткаруугу жөндөмсүз болуп жатат. Ошондуктан биздин фракция “Сырткы видео байкоо жөнүндө” мыйзам долбоорду киргизип жатат. Ал мыйзамга ылайык, шаар көчөлөрү үзгүлүктүз видео көзөмөлгө алынып, коопсуздукту сактоого өбөлгө түзмөк.

Өлкөдөгү кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүү жана ички иштер органдарын реформалоо маселеси көптөн бери эле талкууланып келатат. Бул боюнча өкмөттө бир нече жумушчу топ түзүлүп, талкуулар өткөн. Былтыр жыл аягында бул багыттагы күрөштү күчөтүү үчүн укук коргоо органдарына эки айлык мөөнөт чектелген. Бирок андан бери бир нече ай өтсө да ал иштердин жыйынтыгы сезилбегенин укук коргоочулар айтып келет.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG