Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:07

Миллиондордун изи чыкты


7-апрелден кийин Курманбек Бакиевдин жакындарына таандык делген 21 миллион доллар табылган.
7-апрелден кийин Курманбек Бакиевдин жакындарына таандык делген 21 миллион доллар табылган.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындарына таандык делген акчалардын кимдерге таратылганы ачыкка чыкты.

Убактылуу өкмөттүн каржы министри Темир Сариев 20-январда Жогорку Кеңеште миллиондогон долларлар кантип корогону тууралуу жашыруун документти ачык жарыялады. Анда бийлик органдарынын жана өкүлдөрүнүн тизмеси камтылган.

Жүз миңдеген долларлар кантип таратылган?

Темир Сариевдин маалымдашынча, банк жашиктеринен Курманбек Бакиевдин жакындарына таандык деп, бирок так ээси аныкталбаган 21 миллион доллар алынган. Мынча ири сумманын анык ээси чыкпагандыктан, мыйзамга ылайык, өлкө казынасына эмес, Улуттук банкка сакталууга коюлган.
Топчубек Тургуналиев 5 миң, Азимбек Бекназаров 120 миң, Өмүрбек Текебаев 20 миң, Эмил Каптагев 10 миң доллар алган...

Убактылуу өкмөт түштүктөгү оор кырдалдуу жөнгө салуу үчүн бул каражаттар эки жолу алынганын Темир Сариев кошумчалады.

- 1 миллион 143 миң доллар биринчи алынган акча менен таратылган. Калган 856 миң доллары ошол бойдон Улуттук банктын эсебинде турат. Бул акчаларды берген казначейдин орун басарынын колунда ар бири боюнча документ бар. Мунун баары убактылуу өкмөттүн токтому менен кеткен. Экинчи жолу 5 миллион доллар алынган.

Темир Сариев бул 5 миллион доллардын 2,5 миллиондон ашыгы коротулганын жана акчалардын көбү тарип коргоо органдарына берилгенин тактады:

- Улуттук коопсуздук комитетине, Коргоо министрлигине, Ички иштер министрлигине берилген. Санап көрсөңөр, ИИМге 800 миң долларга чейин бериптирбиз. УКМК 500 миң доллар алыптыр. Коопсуздук катчылыгы 100 миң доллар алыптыр.

Убактылуу өкмөттүн каржы министри жарыялаган документке ылайык, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө да кырдаалга жараша каражаттар бөлүнгөн экен. Мисалы Топчубек Тургуналиев 5 миң, Азимбек Бекназаров 120 миң, Өмүрбек Текебаев 20 миң, Эмил Каптагев 10 миң доллар алган.

Туштүк коогалаңы маалында маалымат саясатын жүргүзүү үчүн Коомдук биринчи каналга 20 миң, ЭлТР телеканалына 10 миң доллар берилген.

Парламентте “Ата Мекен” фракциясынын төрагасы, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Өмүрбек Текебаев өзү алган 20 миң доллар тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, бул акчалар июнда Жалал-Абаддагы жаңжалды басууга жумшалган:

- Убактылуу өкмөт кереги тийиши ыктымал деп колума 20 миң доллар берип жөнөттү. Акчаны Темир Аргенбаевич (Сариев) өзү берди. Мен барарым менен “кур келген жокмун, акча менен келдим”, - дедим. Мына, Ноокендин акими отурат, орун басарларынын баарын жыйнап аз-аздан буларга тиешелүүсүн бердим. Алардын баарынын тил каттары бар. Бул тууралуу каржы министрине отчет бергенбиз. Убактылуу өкмөттүн атынан курман болгон милициянын үйүнө жардам бергенге, милицияга бензин куюп бергиле деп ошол жердеги жергиликтүү адамдарга берип акчанын баары таратылган.

Азимбек Бекназаров Жалал-Абадга жүз миң доллар алып барган

Ош облусунун губернаторунун орун басары Таалай Зикиров “Азаттыкка” коогалуу күндөрү бюджетте каралбаган акчалар келип турганын бышыктады. Бирок канча каражат алынганын, кантип коротулганын так айта алган жок:

- Менде андай маалымат жок. Бирок чындыгында ошол убакта бул жерде митингде турган адамдар ачка турган жок. Элдик кошуундарды кармаш үчүн да каражат керек болгон. Акчалар ушуга окшогон иштерге жумшалган.

Жалал-Абад облусунун губернатору Бектур Асановдун маалымдашынча, аймакка Азимбек Бекназаров 100 миң доллар алып келген:

- Тополоң күчөп жатканда, 13-май болуш керек эле, ошол убакта курс ушундай болчу, бизге 4 миллион 5 миң сом алып келген (А. Бекназаров). Ошол убакта бизде башка каражат жок эле. Кошумча элдик кошуун, сырттан келген милиция кызматкерлеринин жата турган жерлери, күйүүчү май деген сыяктуу тармактарга берилген. Биз пайдаланган каражаттар тууралуу так, ар бир сомуна чейин отчет бергенбиз.

Өткөн жылдын май айында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Азимбек Бекназаров менен Темир Сариевдин бир миллион доллар тууралуу телефон аркылуу сырдуу сөздөрү Интернетте жарыяланып кеткен. Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева жана башка мүчөлөрү мынча ири каражаттар түштүктөгү кырдаалды басууга жумшалганын билдиришкен болучу. Эми сегиз айдан кийин коомчулукка али табышмак болуп келген милллиондордун сыры четинен ачыкка чыга баштады.

XS
SM
MD
LG