Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:08

Баткен облусун жоюу демилгеси козголду


Баткендин бир айылындагы балдар.
Баткендин бир айылындагы балдар.

Баткенде чек арада жайгашкан айылдарда чыр-чатактар улам-улам чыгып жатат. Маселени чечүү үчүн чек араларды аныктоону тездетүү сунуштары айтылган. Бирок парламентте Лейлек жана Баткен райондоруна түз өкмөттүк башкаруу киргизип, Кадамжай районун Ош облусуна кошуу сунушталды. Бул сунуш канчалык актуалдуу жана маселени чечүүгө жардам бере алат?

“Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусуна мына ушул маселе коюлду. Талкууга Жогорку Кеңештин депутаттары Ташполот Балтабаев жана Назарали Арипов, атайын кызматтардын генералы Артур Медетбеков катышты.

“Азаттык”: Назарали мырза, бүгүн парламент жыйынында Баткен облусун жоюп, Лейлек жана Баткен райондорун түз өкмөттүк башкаруу киргизүүнү сунуштадыңыз. Бул эмне берет, сиздин сунуш эмнеге негизделди?

Арипов: Биринчиден, Кыргызстан 22 жылдан бери эгемен болсо, Баткен жана Лейлек райондору эгемендүүлүктү ала элек. Ошондуктан менин сунушумду негизги максаты - чек араны тактоо. Азыр бул жерде Баткен облусу жоюлат экен деген ар кандай сөздөр кетип жатпайбы. Жок, облусту жоюу эмес. Сөз облустун натыйжалуулугун карап чыгууда болуп жатат. Лейлек районун ала турган болсок, биз 650 чакырым Тажикстан менен чектешип турабыз. 120 миң элибиз бар. Тажикстандын алты району менен чектешебиз. Бүгүнкү күндө күндө Тажикстан чек арада жайгашкан дотациялык райондорун, тагыраак айтканда 13 районун республикалык башкарууга алган.

Бүгүнкү күндө Лейлек, Баткен райондорунда болуп жаткан окуялардан кабардарсыздар. Ошого өкмөт түздөн-түз жоопкерчиликти алып, маселени чечиш керек. Чек араны аныктабасак, Кыргызстандын өнүгүшүнө тоскоол болууда.

“Азаттык”: Ташболот мырза, облусту жоюп, түздөн-түз өкмөттүк башкаруу киргизүү маселени чечеби?

Балтабаев: Кыргызда бир сөз бар, “ойсоке кыз оюндагысын кылат” деген. Бул идея ошого окшош болуп жатат. Бул эч кандай натыйжа бербейт. Эгер райондорду республика аркылуу башкарууну киргизсек эле маселе чечилсе, анда Кыргызстан тез эле өнүгүп кетпейт беле...
Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз


  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG