Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:38

“Бета Стореске” касын тиккен ким?


Бишкекте “Бета Сторестеги” бомба тууралуу жалган маалымат боюнча атайын кызмат иликтөө баштады.

Соңку эки аптада аталган соода борборго жардыргыч зат коюлганы жөнүндө ушуну менен экинчи ирээт жалган маалымат түштү.

Эмне себептен түркиялык бизнесмендердин “Бета Сторес” супермаркеттери бомба коюлду деген чуунун курмандыгы болуп жатат?

Бишкек милициясы супермаркеттеги бомба тууралуу маалыматты 8-ноябрда кечке жуук алган. Шаардык ички иштер башкармалыктын маалымат катчысы Айгүл Давлетбаева жардыргыч зат коюлганы 22-октябрдагы маалыматтай эле далилденбегенин “Азаттыкка” билдирди:

- Бизге ушундай маалымат түшкөндө, биринчи кезекте коомдук коопсуздукту камсыздайбыз. Бомба коюлду деген районду курчап, тосуп, текшерүүгө алабыз. Анан топтолгон материалдардын баары атайын кызматка берилет.

Азыр Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бул эки факт боюнча иликтеп-текшерүүгө киришти. Атайын кызматтын маалымат катчысы Нурлан Токталиев мындай жалган маалымат бергендердин дээрлик көбү аныкталарын жана алардын басымдуу бөлүгү өспүрүмдөр болорун айтып берди:

- Кылмыш жаза кодексинде 228-берене бар. Ошондо мындай жалган маалымат берген үчүн айып көрсөтүлгөн. Ага ылайык, үч жылга чейин эркинен ажыратылат жана айып пул салынат. Көп учурда жашы жете элек балдар, окуучулар жана студенттер болуп жатат. Ошондуктан тиешелүү профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлгөн болчу. Ата-энелерине айып пул салынган.

Ушуну менен былтыр жыл башынан бери коомдук жайларга бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат боюнча 8 факт катталды.

Ал арада “Бета Сторестин” жетекчилиги тартип коргоо органдарына окуяны тезинен териштирип, күнөөлүүнү аныктоо тууралуу өтүнүч кат даярдап жатат. Компаниянын юристи Элдар Гулиев өздөрүнүн бир канча жоромолдорун санады:

- Биз негизинен муну компаниянын имиджин булгагысы келген атаандаштарыбыздын, же жашы жете элек бейбаш балдардын колунан келип жатат го деп эсептейбиз. Биз тартип коргоо органдарына тезирээк чара көргүлө деп кат даярдадык. Анткени бул окуялардын баары компаниянын ишине кедергисин тийгизип жатат. Биз ошондой эле бизде мурун иштеп кеткен кызматкерлердин баарын териштирип-текшерип жатабыз. Балким аларда бизге кандайдыр бир таарынычтары болуп, ушундай кадамдарга барышы мүмкүн.

Жергиликтүү талдоочулар бул атаандаштарды базардан сүрүп чыгаруу үчүн колдонулган ыплас ыкма экенине көп ынанбай турат. Көз карандысыз экономист Азамат Акелеевдин баамында, буга жеке таарынычтар көбүрөөк себеп болушу мүмкүн:

- Ички базарыбыз кичинекей болгондуктан атаандаштар бирин бири жакшы эле таанышат. Кээ бирде ачык, узакка созулган көралбастыктар болбосо эле, ишкерлер маселелерди ар кандай ассоциациялардын ичинде эле чечип алышат. Менимче бул жерде “Бета Стореске” кандайдыр бир таарынычы бар, же адилетсиздикке кабылдым деген кызматкери же кардары болушу мүмкүн. Анткени биз бул соода борборго байланыштуу жаңжалдарды да укканбыз.

Былтыр жайында “Бета Сторес” чоң чырга кабылган болчу. Аталган соода борбордун кызматкери, түрк жараны Гүнеш Йылмаз сатуучу Чолпон Орозбаеваны сабап салганы айтылган. Бул ишти караган шаардык сот түрк жаранын үй камагына чыгаргандан кийин ал качып кеткен. Буга байланыштуу Бишкекте бир канча жолу жаштар нааразылык акцияга чыккан.

Йылмаз октябрь айында кыргыз-казак чек арасында кармалып Казакстандан Кыргызстанга кайтарылган. Ушул жылдын башында түрк жараны 6 жылга эркинен ажыратылган эле.

XS
SM
MD
LG