Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:08

Кырсыкты алдын алса болот беле?


Казакстан -- жол кырсыгынан бир көрүнүш. 8-май, 2012. (Сүрөттү "Азаттыкка" Караганда облустук ички иштер департаменти сунуштады.)
Казакстан -- жол кырсыгынан бир көрүнүш. 8-май, 2012. (Сүрөттү "Азаттыкка" Караганда облустук ички иштер департаменти сунуштады.)

Караганда облусунда Орусияга бараткан мигранттар отурган машине кырсыкка учурап, 16 кыргызстандык каза тапты.

"Арай көз чарай" талкуу кыргызстандык мигранттардын жол коопсуздугуна арналды. Талкууга ТИМдин миграция департаментинин башчысынын орун басары Майрамбек Бейшенов менен "Замандаш" ассоциациясынын жетекчисинин орун басары Айдар Олжобаев катышты.

“Азаттык”: Казакстанга, Орусияга автоунаа менен жөнөгөн мигранттардын жол коопсуздугун ким көзөмөлдөйт? Бул маселе мыйзам алкагында кандай чечилген?

Олжобаев: Тилекке каршы бул маселе мыйзам алкагында чечилген эмес. Борбор калаабыздагы чыгыш жана батыш автобекеттеринин абалынан эле баары көрүнүп турат.

Машиненин техникалык абалын карай турган, айдоочулардын эмгек тартибин карай турган эч бир орган жок. Караганда облусунда Орусияга бара жатып кырсыкка учураган автоунаада 12 кишинин ордуна 15-16 киши салып алганы, айдоочунун күбөлүгүн МАИ кызматкерлери алып коюп, убактылуу күбөлүк менен айдап жүргөнү аныкталбадыбы. Демек бул жерде айдоочунун да, мамлекеттик органдардын да жоопкерчилиги бар. Анткени айдоочулар эс албайт, унаасына жүргүнчүлөр толору менен жүрүп кете беришет, жанында аны алмаштыруучу шериги бары-жогу да белгисиз. “Кудайга аманат” деп эле кете беришет, аягы келип мына ушундай трагедиялар болуп атат.

Бейшенов: Бул маселе бизге караганда Транспорт министрлигине көбүрөөк тийиштүү. Биз сыртка кетип жаткан адамдарга маалымат берип, ар кандай кырсыктарды алдын алуу иштерин жүргүзөбүз.

Жүргүнчүлөрдү сыртка стихиялуу ташууну мыйзамдаштыруу боюнча иш-чаралар да өтүп жатат. Биз автобекеттерге барып, чет мамлекеттерге автоунаа менен кетип жаткандарга айтабыз, алар бизге чет жакка чыгуу укугунан пайдаланып жатканын айтышып, көп учурда бизди угушпайт.
Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Чет мамлекеттерге автоунаа менен жүргүнчү ташууга уруксат берилеби?

Бейшенов: Бул маселени бир эле биз эмес, тиешелүү бардык министрликтер чогуу иштеши керек. Мындан 2-3 жыл мурун биз “жүргүнчүлөрдү чет мамлекетке топ-тобу менен ташуу” маселесин мыйзамдаштыруу боюнча бир катар маселелерди өкмөткө койгонбуз. Анткени Кыргызстандын ичинде автоунаа менен жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн атайын уруксат алынышы керек, ал эми сыртка, чет мамлекеттерге ташуу үчүн уруксатты унаанын техникалык абалын, айдоочунун тажрыйбасын тыкыр иликтеп, анан гана берүү керек.

Олжобаев:
Жай айында “Замандаш” ассоциациясы бүткүл дүйнөдөгү кыргыздардын башын бириктирип, конгресс өткөрүүгө даярданып жатабыз. Миграция, мигранттардын коопсуздугу боюнча маселелердин чечилишин ошол конгресстин атынан кыргыз өкмөтүнө жолдойбуз.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG