Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:38

ӨКМ: Суу ташкындан кооптонууга негиз жок


Тез-Төрдөн ашкан суунун чуусу
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:57 0:00
Түз линк

Тез-Төрдөн ашкан суунун чуусу

Бишкектин өйдө жагындагы Тез-Төр көлүндө суу көбөйүп кетиши ылдыйдагы айылдардын калкын жана шаардыктарды дүрбөлөңгө салды.

Суу ташкын тууралуу кабар бүгүн эртең мененки саат ондор чамасында тарап, аны уккандар заматта дүрбөлөңгө түштү. Мындан улам Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов маалымат жыйынын өткөрүп, шаарды суу каптайт деп дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жоктугун билдирди. Анын айтымында, көлдүн деңгээли күн ысып, мөңгүлөрдүн көбүрөөк эришинен улам көтөрүлгөн. Азыр көлдөн келген Ала-Арча суусунун көлөмү азайып калды. Бишкекти аралап өткөн суулардын деңгээли коркунуч жаратпайт.

Тез-Төр көлүнүн суусу куюлган Ала-Арча дарыясынын Байтик айылындагы бөлүгүндө суу нугунан ашкан жок. Аталган айылга барган “Азаттыктын” кабарчысы Жанар Жолдошбаевдин билдиришинче, азыр дарыядан ылайланган суу агып жатат. Эвакуация жүргүзүлөөрүн уккан жергиликтүү тургундар суунун жээгине топтолгон. Айрымдары Байтиктеги көрүстөн жайгашкан дөңсөө жерге машиналары менен чыгып алышкан.

Бүгүн саат ондор чамасында Адыгене капчыгайындагы Тез-Төр көлү ташыганы тууралуу кабар түшкөндө Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ала-Арча суусун бойлой жайгашкан айылдарга эвакуация тууралуу эскертүү берген экен. Мындан тышкары Чоң-Арык айылынын жашоочулары менен Ала-Арча капчыгайында эс алып жүргөндөр коопсуз жайга жеткирилген. Министрлик дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жоктугун, суунун көлөмү азайып калганын билдирүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, бүгүн саат тогуз жарым-ондор чамасында көл суусунун ташышынан улам аймактагы Ала-Арча дарыясынын агымы секундуна 15-20 кубдан 30-35 кубга чейин көбөйгөн. Азыр көлдөн ташыган суунун көлөмү азайганынан улам дарыянын деңгээли түшүп, коркунуч азайды.

Кооптуу жагдай түзүлгөн Байтик айылынан сүрөтбаян

XS
SM
MD
LG