Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:23

Шектүү тик учактардын сыры жана чыры


К-32 үлгүсүндөгү тик учак.
К-32 үлгүсүндөгү тик учак.

Өткөн жылдын июль-август айларында чек арадан мыйзамсыз өтүп, Ооганстандан келген үч тик учак боюнча жаңы жагдайлар аныкталууда.

Бул тууралуу ишти иликтеп жаткан Транспорт прокуратурасы парламенттеги комитет жыйынында билдирип, бир топ адамдардын жоопкерчиликке тартыла турганын эскертти.

Анткен менен тиешелүү мекемелер жана тик учактардын ээлери учактардын учуп келишинде одоно мыйзам бузуулар жоктугун билдирүүдө. Алардын айтымында, бул учактар Кыргызстанда мыйзам чегинде оңдоп-түзөлүп, андан соң кайра учуп кетмек.

Беделге шек келтирген көз боёмочулук

Транспорт прокуратурасы эски учактарды Кыргызстанга оңдотуу шылтоосу менен алып келип, каттатып, кайра чет өлкөдө колдонуп жүргөн көз боёмочулук ачыкка чыкканын билдирүүдө. Транспорт прокуратурасынын жетекчиси Кубанычбек Мамакеев мындай көз боёмочулук Кыргызстандын учактарынын кара тизмеде болуп келе жатышына жана өлкө авиациясынын беделине доо кетирип жатат деп эсептейт. Ал Кыргызстандагы айрым мамлекеттик мекемелердин көмөгү менен жасалып келген бул көз боёмочулук 2004-жылдан бери уланып келатканын кошумчалады.

- Бул тик учактар Кыргызстанда оңдоп-түзөөлөр үчүн келбейт. Алар баарынан мурда каттоо номурун алып, тик учактын учууга жарактуу мөөнөтүн узартуу үчүн гана келишет. Мен расмий айтып коёюн, Кыргызстандагы бир эле каттоо номери менен башка жактарда колдонулуп жүргөн ондогон учактар бар.

Өткөн жылы 22 июлда К-32, андан кийин, 13-августта жана 30-августта Ми-8 үлгүсүндөгү эки тик учак Кыргызстанга Дүйшөмбү шаары аркылуу Ооганстандан учуп келген. Транспорт прокуратурасынын билдиришинче, ал тик учактардын тиешелүү документтери болгон эмес жана чек араны мыйзамсыз кесип өткөн. Ага ылайык, тик учактар камакка алынып, жалган документ жасоо, кызматынан кыянат пайдалануу, салык төлөөдөн качуу жана аткезчилик боюнча кылмыш иштери козголгон.

Учактарды кармоо туура эмеспи?

Бирок учактын ээси болгон “Sky one free zone K” компаниясынын өкүлү Турген Ишеев ал тик учактар Кыргызстанга оңдоп-түзөө үчүн гана келгенин, аларды камакка алуу туура эмес болгонун билдирди. Анын айтышынча, аталган компания Араб эмирлигинин Дубай шаарында катталган.

- Бул тик учактар эч кандай жүгү жана жүргүнчүсү жок, бош, техникалык кароо жүргүзүү үчүн келген. Бул жакка ресурстары бүтөйүн деп калганда, арыз беришип келишкен. Ал эми аларды техникалык кароодон өткөрүүгө келишимдер тик учактарды бир сыйра карагандан кийин түзүлмөк.

Бул тик учактар Ооганстандын ички аба каттамында НАТОнун согуштук жүктөрүн ташуу иштерине колдонулуп жүргөн. Мамлекеттик бажы кызматы, Жарандык авиация департаменти жана “Манасавиасервис” ишканасы тик учактардын Кыргызстанга келишинде одоно мыйзам бузуулар жоктугун белгилешүүдө.

Маселен, “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасынын башкы деректири Шакир Жангазиев да тик учактардын уруксаты болгонун айтат:

- Биздин аба мейкиндигинде жылып жүрүү борбору чек арадан учуп өткөнгө уруксат берет. Булардын үч каттамга тең уруксаты болгон.

Чындык кай тарапта?

Бирок прокуратура өз жүйөөсүнө бекем турууда. Кубанычбек Мамакеев кылмыш ишинин негизинде бир топ адам жоопкерчиликке тартыла турганын эскертти:

- Тергөө бүткөндөн кийин бул жерде сүйлөп отургандардын баары жоопкерчиликке тартылат. Мен расмий билдирип койоюн, анткени булардын берген маалыматтары жана документтери чындыкка коошпойт.

Ошондой эле Мамакеев тик учактардын ээси “Sky one free zone K” өкүлү маалыматтарды бурмалап, мамлекеттик жетекчилерди, анын ичинде депутаттарды да адаштырып жатканын кошумчалады.

-Компаниянын өкүлү болгон бул жигит болсо Араб эмиратынан расмий ишеним катты алып келип берем деген. Ар бир машинада өзүнүн документи, техникалык паспорту болот. Тик учак деген аты эле болбосо, булардын бир да документтери жок. Кандай келген? Чек араны кантип кесип өткөн? Мындан тышкары үч мамлекеттик мекеме үч башка жалган маалымат беришкен.

Транспорт прокуратурасынын билдиришинче, учактардын чыныгы ээси аныкталбай жатат. Болжол менен алар айрым маалыматтарда Кыргызстандын, кээ биринде болсо Орусиянын жараны саналган Билал Насир Малик деген адамдыкы. Ошол эле учурда анын Пакистандын жараны экени тууралуу да сөздөр бар.

XS
SM
MD
LG