Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 05:59

Коопсуздук

Жал айылындагы бир үйдө жардыруу болду

Бишкектин чет жакасындагы Орок айыл өкмөтүнүн башчысынын үйүндө кечээ кечинде жардыруу болуп, бактыга жараша андан эч ким жабыркаган жок.

Жүктөө

Жардыруудан үйдүн айнектери күбүлүп калган.

Текст көлөмү - +
Чүйдүн Сокулук районуна караштуу Орок айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Кубатбек Дүйшөналиевдин Жал айылындагы үйүнүн короосунда кечээ кечки саат 10дорго чукул жардыруу болгон. Дүйшөналиев “Азаттыкка” бул жардырууга айыл өкмөттүн мурунку жетекчилигинин тиешеси болушу мүмкүн экенин, анткени буга чейин анын дарегине коркутуп-үркүтүүлөр болгонун айтты: “Айыл өкмөттүн мурунку жетекчилигинин тушунда Жал айылында 27 гектар жер мыйзамсыз сатылып кеткен, азыр ал жерди кайра алуу боюнча иштер жүрүп жаткан”, - дейт Дүйшөналиев.

Бул жардыруудан үйдүн короо жактагы терезелерин айнектери күбүлүп, темир дарбазанын каалгасы жулунуп кеткен. Азырынча бул жерде кандай зат жарылганы белгисиз. Окуя болгон жерде жүргөн милиция кызматкерлери да азырынча бул жардыруу боюнча эч кандай маалымат бере албастыгын, баары иликтөөнүн жыйынтыгында белгилүү болоорун айтышууда. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан "Азаттыкка” бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергеп-иликтөө иштери башталганын билдиришти.

 Орок айыл өкмөтүнө караштуу Жал айылынын 50дөй тургуну ушул эле күнү аталган айыл өкмөттүн жер боюнча адиси Анара Касымованын кысым менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жаздыртышты. Касымова мындай аракеттер мыйзамсыз экенин айтып, тиешелүү органдарга кайрыла турганын билдирди. Жалдыктар ага чейин айыл өкмөттүн мурунку жетекчиси Жеңиш Эшенкуловдун үйүнө чейин барып, аны таппай келишти. Алардын айтымында, Эшенкуловдун тушунда 27 гектар жер мыйзамсыз сатылып кеткен, бул иш сотко жетип 24-февралда Жогорку Сот аны караганы жатат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: nurzhigit каяктан: moskva
16.02.2011 22:34
мен ишти жакшы биле электе куноо иш кылгам 20% деген эмнеси бул жагы оозу кыйшык болсо да байдын уулу суйлосун болуптурго!?
акчан бар болсо бийлик сеники дегенди тушундуробу урматту кыргыз элим шайлоолордо ойлонолу

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)