Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:45

Чатыр мектептин айтып бүткүс азабы


Чатырда окуган балдар. Ак-Жар айылы.
Чатырда окуган балдар. Ак-Жар айылы.

Кочкор районундагы Ак-Жар айылынын орто мектебинин окуучулары бир айдан бери чатырда окуп жатат. Бүгүн 18-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында вице-премьер-министр Элвира Сариева бул жердеги абалды өз көзү менен көрүп кетти.

Балдардын чатырга көчүшүнө 2007-жылкы жер титирөө себеп болгон. Анда мектеп толугу менен жарактан чыккан. Бирок анын ордуна ошол эле жылы жаңы мектеп курулган. Тилекке каршы, ал сапатсыз салынып калгандыктан бүгүн авариялык абалда.

Чатырдагы бөлмөнүн класс деген эле аты бар. Жерден чаң сапырылып, ар кайсы жыртыктан шамал ыркырайт. Катуураак жел жүрсө, китеп-дептерлердин барагы учат. Эшикте жаз болгону менен, айыл жери эмеспи эшик суук.

6-класстын окуучусу Райымбек азыркы "классы" тууралуу буларды айтып берди:

- Эртең менен келгенде 2 саатка чейин аябай суук болот. Үшүп жатабыз. Шамал жүргөндө тешиктен чаң кирип, кийимибиз булганат. Апам күндө көйнөк жууйт. Бат-бат ооруйбуз. Жаман экен, жаңы мектеп салып берсе...

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен бөлүнгөн жети чатырда 400дөн ашуун окуучу 2 смен менен окуп жатат. Мындай шарт балдардын толук кандуу билим алышына бир топ эле тескери таасирин тийгизип жатканын мугалимдер айтууда. Эртең мененки сууктан ооруп калып, сабакка келбей калган окуучулар арбын экенин мугалим Мира Сматова маалымдады:

- Чатырдын ичи ысыкта үп болуп, суукта муздап кетет. Кочкор жеринде шамал дайыма болуп турат. Чатырда окуган балдардын кабыл алуусу да начар болот экен. Күн ысыкта баштары ооруйт. Сасык тумоолоп, келбей жатышат.

Чатырда тазалык кадимки класстагыдай эле. Бирок бул мээнет көпкө сакталбайт. Биз 10-класстын эки окуучусу чатырды жыйнап жатканына күбө болдук. Бири парталардын чаңын сүртсө, экинчиси шыпырып, чогулган топурак-шагылды чакалап сыртка ташып жатты.

- 2-сменде 3-класстар саат бир жарымда келип окуйт. Алар чаң болбош үчүн шыпырып, суу сээп кетебиз. Күнүгө тазалап кетебиз,- деди Айпери аттуу кыз.

Айыл тургуну Кыдырма Ашыралиев болсо:

- Жазгы суук жандан өтөт дейт. Бул тамаша суук эмес, эми балдар катуу ооруп калса эмне кылабыз. Айла кетти, - деп мындай шартта окуп жаткан балдарынын ден соолугуна тынчсыздануу билдирди.

Бир жылдын ичинде 48 миллион сомго жаңы бүткөрүлгөн мектептин абалы учурда мышык ыйлагыдай. Каламадай жука дубал, төбөсү салаңдап түшкөнү турат, спорт залында көгүчкөндүн кыгы үйүлгөн.

Курулушту Бишкектеги "Хан теңири" компаниясы куруп, бүтүргөн. Мектеп жамаатынын буга чейин кайрылбаган чоңу, барбаган жери калбады. Окуу иштери боюнча орун басар Айнагүл Сулайманкулова сот ишти эки жолу "Хан теңиринин" пайдасына чечип бергенин айтты:

- 2007-жылдан бери болгон жерге кайрылдык. Райондук, облустук, акырында Бишкек сотуна да бардык. Мындан ары эмне болорун билбей турабыз...

Айылдыктар азыр чатырда окуп жаткан балдарынын саламаттыгына кабатыр. Эртең эле күз келет, анан кычыраган кышта эмне кылабыз дешет алар. 48 миллион эмес, 48 тыйын тартыш болуп турган заманда эми кимдин эсебинен, качан жаңы мектеп курулары белгисиз.

Жаңы мектепти курган "Хан теңири" курулуш компаниясы менен байланышууга кылган аракетибизден майнап чыкпады.
Чатырда билим алган балдар
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:49 0:00
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG