Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:48

Мээ айланткан мектеп формасы


Окуучулар. Бишкек. 1-сентябрь.
Окуучулар. Бишкек. 1-сентябрь.

Бирдиктүү мектеп формасынын тегерегиндеги талаш дале токтой элек. Мурда жактырылган бирдиктүү форма жоюлуп, таң калган ата-энелер азырга чейин айран-таң.

Билим берүү жана илим министрлиги 30-сентябрга чейин эркин формага уруксат берип, андан кийин сунушталган төрт варианттын негизинде бирдиктүү форма кабыл алынарын айткан. "Азаттык+" бул ирет мына ушул темага кайрылды.

Бийик тоолуу Нарындан келген ата-эне быйыл мектепке төрт баласын даярдайт. Жеринде мектеп жетекчилиги окуучулар министрлик сунуштаган форма менен келиши керек деген талап койгон. Эми минтип төрт эмес бир баласына туура келген форма таба албай ата-эне базар аралап жүрөт. Бул базарда минтип алыскы аймактарда келгендер толтура. Эки баласын жетелеп Тогуз-Тородон келген Кубандын Бишкекке жеткенге чейинки жол киреси бир топ акча болду. Базардагы форманын сапатын көрүп, эми баласына өзү каалагандай кийим алып берсем деп турган кези.

Мээни айланткан мектеп формасы
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:28 0:00

Базарда сатылып жаткан мектеп формасынын сапаты, баасы дагы ар кыл. Өкмөттүн жагдайды көзөмөлдөн чыгарып алышын өз кызыкчылыгына пайдалангандар арбын көрүнөт. Базарда саналуу соодагерлерде гана мектеп формасы сатыкта турат. Бирок аларды ким тигип, кайдан алганын айткысы келген киши көрүнбөйт. Ал эле эмес, өкмөт менен министрликтин мектеп формасына чыгарган удаалаш буйруктардын алешемдиги айрым чайкоочулардын чөнтөгүн гана кампайтууга жарап жаткан өңдүү. Маселен, министрликтин 30-сентябрга чейин эркин формада мектепке келүүгө болот деген буйругу мына бул дүкөн үчүн эле чыккандай.

Мээни айланткан мектеп формасы (2)
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:42 0:00

Буга чейин Кыргызстан билим тармагында кийимден да маанилүү, олуттуу делген көйгөйлөр толтура экендиги эчен ирет айтылды. Анын баары элге тааныш: китеп тартыштыгы, билим сапаты, кыйла жылдардан бери өзгөрүлбөй келаткан окуу программалар, мугалимдердин айлыгы менен жетишсиздиги, окуучулардын эскилиги жеткен китептерди кезектешип пайдаланышы, айрым айылдарда Айтматовдун “Биринчи мугалим” повестинде баяндалган шарт-жагдайлардын жаңы кылымда деле жолугуп жаткандыгы.

Мээни айланткан мектеп формасы (3)
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:53 0:00

Ушул жана башка билим көйгөйүн кечиктирбей чечүү аракети да солгун. Ал эмес курулуп бүтпөй кулаган мектептер үчүн жоопкер аткаминерди табуу кыйын жумушка айланууда. Кыскасы, “артык кылам деп тыртык" кылып министрликтин илбериңки демилгеси ийине жетпей орто жолдо арасат калды көрүнөт. Министрлик өз демилгесин бара-бара ишке ашат дегендей жооткотмо жоопко өтүп алды. Бирок буга чейин ата-энелердин кыйналганын эске алган эч ким жок. Кыргызстанда мектеп формасына өтүү жөнүндөгү узун сөздүн баасы 30-сентябрда ачыкка чыгат.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG