Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:01

Орусияга азык-түлүк жөнөтүүгө даярдык чабал


Ишкерлердин айтымында, Бажы биримдигиндеги тоскоолдуктар Орусияга азык-түлүк экспортоого мүмкүнчүлүк бербейт.
Ишкерлердин айтымында, Бажы биримдигиндеги тоскоолдуктар Орусияга азык-түлүк экспортоого мүмкүнчүлүк бербейт.

21-августта Бишкекте мамлекеттик органдар менен ишкерлер Орусияга азык-түлүк экспорттоо мүмкүнчүлүгүн талкуулады.

Кыргыз жана орус өкмөт өкүлдөрү экспорттоо жолдорун айтып бергени менен, ал маалыматтар дыйкандарды жана ишкерлерди ынандыра алган жок. Ишкерлердин айтымында, Бажы биримдигиндеги тоскоолдуктар Орусияга азык-түлүк экспортоого мүмкүнчүлүк бербейт.

Орусиянын Кыргызстандагы соода өкүлү Владимир Некрасовдун тегерек үстөлдө айтканына караганда, Орусия бир катар Батыш мамлекеттеринин тамак-ашына санкция киргизгенден кийин Кыргызстандан азык-түлүк продукцияларын импорттоого кызыгууда.

- Орусия Батыштын азык-түлүгүнө тыюу салгандан кийин түзүлгөн мүмкүнчүлүктү Кыргызстан пайдаланса болмок. Бирок аны ишке ашыруу үчүн көп тоскоолдуктар бар. Кыргызстан азык-түлүк менен жетиштүү көлөмдө камсыздап, Орусиянын базарларындагы боштукту толтуруу боюнча иштөө керек. Бул жаатта Орусиянын кызыкчылыгы бар жана бул биздин алдыбызга коюлган тапшырма.

Орусия Батыштын тамак-ашына эмбарго жарыялаган соң боштукту толтуруу жолун издеп жатат.
Орусия Батыштын тамак-ашына эмбарго жарыялаган соң боштукту толтуруу жолун издеп жатат.

Некрасовдун маалымдашынча, Орусия Кыргызстанга азык-түлүктү туруктуу жана үзгүлтүксүз жеткирип туруу шартын коюуда. Бирок ал кыргызстандык ишкерлерге "Орусиядан өзүңөр өнөктөш тапкыла жана азык-түлүктөрдү Орусияга чоң көлөмдө жеткирип туруу үчүн ири компанияларга бириккиле" деп сунуштады.

Экономика министри Темир Сариев Орусияга жана Бажы биримдигине кирген мамлекеттерге бир гана эт жана эт азыктарын экспорттоого тыюу бар экенин айтты:

- Жашылча-жемиш жана сүт продукциялары боюнча эч кандай тоскоолдук жок, орус базары ачык. Бирок аларды жеткирүү жана жетиштүү көлөмдө камсыздап берүү абдан чоң проблема. Ал эми эт жана эт продукциялары боюнча Бажы биримдигинин катуу талаптары бар. Биз ошол талаптарга жооп беришибиз керек. Бирок бизде ал талаптарга эт азыктарынын жооп бере ала турганын тастыктаган лабораториялар жок болуп жатат.

Эки саатка созулган талкууга Кыргызстанда эт, сүт, жашылча, мөмө-жемиштерди өндүргөн жана кайра иштеткен жүзгө жакын ишкананын өкүлдөрү катышты. Жаш ишкерлер ассоциациясынын директору Руслан Акматбек кыргызстандык ишкерлер жана дыйкандар Орусия тарап коюп жаткан талаптарды аткарууга даяр эмес деп эсептейт.

- Орусия тарап “биз майда-майда чарбалардан топтой албайбыз. Өзүңөр Орусиядагы ишканалар менен келишим түзүп, ири көлөмдө бир жыл бою үзгүлтүксүз камсыздап тургула” деп айтып жатат. Андай кылып камсыздап бере турган мүмкүнчүлүк бизде аз. Анткени бизде мөмө-жемиш сактоочу жайлар жок. Анан да биз Орусияны кой, өзүбүздү деле бир жыл бою үзгүлтүксүз камсыз кыла албай жатпайлыбы.

Адистер Кыргызстан өндүргөн эт жана эт азыктары Бажы биримдигинин талаптарына жооп бербесин айтууда.
Адистер Кыргызстан өндүргөн эт жана эт азыктары Бажы биримдигинин талаптарына жооп бербесин айтууда.

"Ак-Сарай” дыйкан чарбасынын жетекчиси Жеңиш Норузбаев Кыргызстан Бажы биримдигинин босогосунда турганына карабай, этти өндүрүү жана даярдоо боюнча талаптарга жооп бере ала турган мал сойгон жайлар жана лабораториялар жоктугун сынга алды. Норузбаевдин жеке чарбасы күнүнө элүүдөн жүз башка чейин уй союп, экспорттоого мүмкүнчүлүгү бар.

- Кыргызстандын жакшы эттерин экспортко чыгаруу үчүн талаптагыдай мал сойгон цехибиз жок. Азыркы биздин мал сойгон жерлерибиз стандартка жооп бербейт. Ушул күнгө чейин аны өзүбүз кура албай койдук же мамлекет куруп бербеди. Негизи стандарт боюнча, мал союлуп, сулп этке бөлүнүп, кутуга салынгандан кийин муздаткычтарга тоңдурулуп коюлушу керек.

Экономика министрлиги Орусияга азык-түлүктөрдү кыска убакытта жана кирешелүү экспорттоо үчүн логистикалык борборлорду куруу зарыл деп эсептейт. Министр Темир Сариев Бишкек жана Ош шаарларына ушундай эки борбор куруу сунушун айтты. Ал борборлор келечекте азык-түлүк продукцияларын топтоп, Орусияга дүңүнөн жөнөтүү вазипайсын аткармакчы. Бирок дыйкан-ишкерлердин оюнча, аталган сунуштар жана талаптар 5-10 жылдан кийин гана ишке ашуусу мүмкүн. Ошондуктан бүгүн азык-түлүктү экспорттоодогу тоскоолдуктарды чечүү үчүн эки тараптуу саясий чечим зарыл дешет алар.

XS
SM
MD
LG