Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 05:58

Саясат

Ишкерлердин укугубу же Орусиянын оюнубу?

Кыргызстанда орус тектүү ишкерлердин “Мекендештер гильдияларынын бирикмеси” өлкөнүн саясий турмушуна аралашаарын жарыялады.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчиси Евгений Терехин менен Мекендештер гильдияларынын бирикмесинин төрага орун басары Станислав Епифанцев маалымат жыйынында. Бишкек, 20-февраль.
Текст көлөмү - +
20-февралда өткөргөн жыйынында аталган бирикменин өкүлдөрү Бажы союзун колдой турганын да кабарлашты. Бул иш-чара Орусия элчилигинин өкүлүнүн коштоосу астында өткөнүнөн улам серепчилер ырасмий Кремлдин Кыргызстанга басымы катары да баалашты.

Епифанцев: Биз саясатка аралашабыз!

“Мекендештер гильдияларынын бирикмеси” Кыргызстанда саясий кырдаал, этностор аралык мамилелер жана бизнес чөйрөсүндө кооптонууга негиз бар экенин билдирип, өз кызыкчылыктарын коргоого активдүү киришерин белгилешти. Бирикменин төрага орун басары Станислав Епифанцевдин айтымында, мындан ары бул уюм жөн гана сырттан байкоо салып тим болбостон, кыргыз коомундагы дээрлик бардык жараяндарга аралашууна көздөйт:

- Биз сырткы өнөктөштөр менен, биринчи кезекте Орусия менен мамилени өнүктүрүү боюнча иш-чараларга катышабыз. Ошондой эле гуманитардык маселелерге көңүл буруп, долбоорлорду ишке ашырганы жатабыз. Биз баарыбыз жаран болгондуктан, шайлоого катышып, депутаттарга добуш бергендиктен өз кызыкчылыктарыбызды талап кыла алабыз. Мыйзамды сыйлап, салык төлөгөн жаран катары биз кайсы бир жараянды колдоп, же ага каршы чыкканга акыбыз бар. Эгер биздин кызыкчылыгыбызга туура келген партиялар болсо, аларды колдоого даярбыз.

x
​​“Мекендештер гильдияларынын бирикмеси” көбүнесе Кыргызстандагы орус ишкерлерге тиешелүү компаниялар менен гильдиялардын башын бириктирет. Мындан бир жарым жыл мурда түзүлгөн уюмдун курамында 170ке чукул ишкана бар. Алардын айрымдарынын кожоюндары Орусиянын жарандары.

Кыргыз-орус бизнес коомчулугунун кызыкчылыктарын коргогон бул бирикме Кыргызстандын Бажы биримдигине киришин колдоорун да билдирүүдө. Маалымат жыйынына катышкан Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчиси Евгений Терехин да бул демилгени колдоорун “Азаттыкка” кабарлады:

- Бажы биримдигине кирүү бул Кыргызстандын өзүнө эле пайдалуу. Бул жагдай кыйынчылыктар менен коштолот деген сөздөр айтылып келет. Бирок жашоонун манызын алып караганда, бардык эле жаңы башталган иштерде кыйынчылыктар болбой койбойт.

Бизнес менен саясатты ажыратыш керекпи?

Бүгүнкү демилге кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин жакынкы күндөрү Москвага бараар алдында Орусиянын Кыргызстандагы базаларынан акча талап кылабыз деген билдирүүсүнө удаа болуп жатат.

Бишкектик саясый экперт Леонид Бондарец бирикменин ниетин жакшы саамалык катары баалады:

- Орусияга кетүүнү каалагандардын баары көчүп бүтүштү. Бул жерде Орусияга барууну каалабагандар эле калышты. Адамдар укуктары бийлик тарабынан эске алынбай калган учурда кемсинтүүгө кабылгандай сезишет. Натыйжада ар кыл маселелерди чечүүдө активдүү катышуу муктаждыгы келип чыгууда. Мен бул бирикме өлкө турмушуна активдүү катышып, ички саясаттын түптөлүшүнө кызматташат деп үмүттөнөм.

Өткөн аптада орус элчиси Валентин Власов Кыргызстан бийлиги орусиялык инвесторлорго жоопкерчилик менен мамиле кылбаганын сынга алган. Себеби буга чейин кыргыз жергесинде иш алып барган орусиялык айрым тоо-кен ишканаларынын иши жергиликтүү калктын нааразылыгынан улам үзгүлтүккө учураган.

Саясат таануучу Марат Жаанбаев бирикменин бизнес тармактары боюнча сын пикири жүйөөлүү деп эсептейт. Бирок маселенин саясий өңүтү башкада деди илимпоз:

- Саясий деңгээлден караганда, бул Орусиянын Кыргызстанда болгон кызыкчылыктарын алдыга жылдыруу, Орусиянын жеке эле ишкерлердин эмес, мамлекеттик деңгээлдеги саясатын Кыргызстанда жүргүзүп, Кыргызстанга таңулоо. Ушундай деп бааламакмын. Менин оюм боюнча, бул терс көрүнүш. Себеби башка бир мамлекет өзүнүн саясаты менен кызыкчылыктарын ушундай мамлекеттик деңгээлде таңуулаганга эч бир акысы жок. Анткени биз көз карандысыз өлкөбүз. Өзүбүздүн мандатыбыз бар.

​​Бүгүнкү маалымат жыйынына Орусия элчилигинин өкүлү катышканы да түрдүү суроолорду жаратууда. Бул боюнча серепчи Жыргалбек Касаболотов ой-пикирин ортого салды:

- Эгерде Орус элчилигинен өкүлдөр ээрчип келип, ушул маалыматты айтып жаткан болсо, бул алардын кызыкчылыгы бар экенин көрсөтөт. Кызыкчылыгы жок адам кошо келип, андай маалыматты бербейт. Экинчиден, бирикменин саясий турмушка аралашабыз дегени кандай формада экенин карап көрүш керек. Эгер түздөн-түз партия түзө турган болсо, буга биздин мыйзамдар жол бербейт.

2009-жылдагы эл каттоонун жыйынтыгына ылайык, Кыргызстанда 400 миңдин тегерегинде орус улутундагы жарандар калган. 1999-жылдан бери эле 200 миңге жакын орус Кыргызстандан көбүнесе Орусияга көчүп кеткен.

Орус ишкерлеринин кызыкчылыгын коргогон “Мекендештер гильдияларынын бирикмеси” эртең Бишкекте конгресс өткөрүп, Кыргызстандагы кырдаалды талкууга алганы жатат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Кыргыз каяктан: Австралия
16.03.2012 08:56
Кызык, эмнеге кийлигишет??? же булар кытмыры Орусиянын агенттериби??? Биздин Кыргызстанда канча деген улуттар бар, ар бир улуттун окулу кийлигише берсе эмнебиз калат деги. Кечирип койгула бирок гильдия созду биринчи жолу угушум. Бизнес кыла беришсин бирок окмоттко кийилигишпесин мындай келишим тузо алышпаса анда кетишсин.

кимден: Кылымбек каяктан: Кытай
22.02.2012 19:27
Салам мекендештер!
Ар кимибиз оз пикирибизи эркин билдирууго уктуубуз жана ар бир масалени ар кыл багытта карайбыз. Томондо менин уч гана пикирим бар;
1)Оруста "в чужой храм своими уставами не ходят" - дечу беле? Демек орустар биздин саясатка аралашпасын. Жагабы жашасын,бизнесин кылсын жакпайбы, кетишсин.
2) "Каждый должен нести свой крест"-демек биздин табагыбызга эч ким бекер аш салып бербейт жана берген эмес. Бизди орус дагы, америка,кытай дагы ондой албайт, биз озубузду озубуз гана ондой алабыз.
3)Ар кимдин этегине намаз окуганды токтотуп, озубуздон озубуз мыйзамды талап кылсак жана биримдикте босок коп масалени чече алабыз.
Бугунку заманда Москва - Рим эмес, баардык жол ошону менен чектелгидей - урматым менен Кылымбек
Пикирге жооп

кимден: ысмар
22.02.2012 23:22
Мен пикирне кошулам. Ушундай болсо албетте ким каршы болсун. Келген акчаны уурдап эле качып атса бийлик. Биз озубузду башкара алабызбы жашай алабызбы деп жаман ой келет экен.. Бул пикирин абадан туура пикир. Албетте сен айткандай болсок озубузчо жашаганыбыз туура.

кимден: kanchoro каяктан: bishkek
22.02.2012 19:19
mekendeshter! kelgile ata babalarybyzdyn taamay aytylgan uluu sozdoruno kaytalychy! - "shorduu elge min bashcchy,uluu elge bir bashchy"! "Koygo kop koychu bolso, koy aram olot"!Uluttu Bir elden,bir jerden,bir adam gana bashkarysh kerek!!! kantip ele bir eldin,bir jerdin bashyna boton elden,boton jerden kelip oz sayasatyn jurguzup "ozum bilem otugumun torgo ilem" degen bolmok?!!! Tuura Rossia jardam berip jatat.rahmat.Bul ubaktyluu. Kursak bir gun toyot,kiyim bir gun butolot! Birok, mekendeshter biz uluttun,ata jurttun kyzykchylygyn baardygynan jogoru koyushubuz kerek!!!

кимден: Бексултан
22.02.2012 16:23
Саясатта озубуздун эрендер кыйратпаганын карап туруп,башкалар оздорунун саясатын онуктуробуз деп жатканы эн коркунучтуу.Аттин Манас эпосундагы акылман Кошойдун созу"Болунбо кыргыз болунбо болунсон боору жеп кетет,болунуптур кыргыз деп болок элге кеп кетет.Бизди чыныгы кыргыз онуктурбосо ,ботондор биз учун чалгынчы.

кимден: таксатор каяктан: Красноярск
22.02.2012 12:08
Ооба барынар озунорчо тура ойлойсунар, бирок Кыргызстанада эки революция болду ошол бийлике келген чиновниктер чонтогунорго пул салып бердиби? же кайра сенин чонтогундогу пулду алып жатабы? мисалы бир чиновник революция учурунда окко учтубу? жок анткени алар оздорун акылдуу сезет, а жонокой калк (кечирип койгула катуу тисе) мал катары, кайда адаса ошол жака журот. Жапаров А. отуруп алып мигрантардан тушкон пулду эсептейт, сыртан таап келип эптеп уй курсан, ага налог на недвижимость толошун керек. Сырта жургон мигрантардын 80% россияда эмгектенет, орустар эмне жамандык кылды? жамандык озубуздон болуп жатбайбы, када барба мас болуп жургон ким кыргыз, тороп таштап кеткен ким кыргыз дагы айта берсе иш коп. Орустар кыргызстанды эмнеге озуно тартып жатат? анкени америка россияны болок мамлекеттерден болуп жалгыз коколой башын калтырганга аракет кылып жатат. Жекеле кырзыстанды эмес озбекстан, таджикстан, туркмения ж.б. мамлекеттерди. Алалы кытайды, ал сага беш сом берип он кытай кийрит, америка он доллар берип, элди экиге болот, анан озунун салдаттарын кийрип калагандай жашайт, дагы эмне мисал келтирип берейин. Тугандар! андан коро оз очогубузга, озубуз чок тартып ынтымактуу жашайлы. Жер, эл жаман эмес, саясат жаман. Миллион сом эмес, долларды уурдап биздин чиновниктер чалкалап басып журот, 100 доллар взятка алды деп бир бечаранын уй булосун жетим калтырды. Миллион долларды кантип болушуп алган, эки чиновниктин созу интернет аркылуу баарыбызга малым болбоду эле, бири министр экинчиси ошол доллар тугонгондо учунчу революцияны жазайм деп журот.
Пикирге жооп

кимден: искен
23.02.2012 00:32
Тулкулор журот экен да коендордун арасында ....
Окендер эмне жамандык квргыздарга кылды деп жатасынбы: жыл сайын 300 - 350 кыз уулдарыбыздын соогу келип жатат Кыргызстанга!!!! Аларды кырып жатышат- орус эмес учун!!! Пенде экенсин, кыргыз эмес, созунгон билинди!!!
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
23.02.2012 18:14
Аларды орус олтурду деп кепил бере аласынбы кудай алдында. Кыргыз кызы да эркеги да жон журбойт Россияда. Мына жакында дагестан эки кыргызды сойуп салды Сургута. Дагы жакшы эл коруп калды. Болбосо кыздардын оозун басып коркутуп качып кетмек. Анан такыр баштар олтурду деп оруска жала кетмек. Канчасын акча учун кыргыз кыргызды олтуруп койду. Айтылып калат. Бирок далил жок жабылган бойдон калат. Канча кыз келиндер кавказ м-н журот. Алар мас болуп тамеки чекенин коруп сабап олуруп алат. Акырын барып бир жерге тыштап кетет. Балдарды дискотекадан келатып озбек таджиктер м-н мушташа кетет бычакташып олот. Олугун тыштап кетет. Стройкадан кулап олот. Машинанын астына калганы бар. Өртонгону бар. Казыр Путин келгенден бери такыр баш жокко эсе. Эми баарына орус элин куноолой берген уят да. Кайдан билесин батыш разведкалар кылышы мумкун такыр башты уйуштуруп толоп Россияны дуйного жек коргозгусу келип. СНГны бир биринен алыстатканга. Баары мумкун...Казыр разведчиктердин заманы.
Пикирге жооп

кимден: эргеш
22.02.2012 16:40
100% пикирине кошулам. Жанагы Жапаров онбогон сууга чокпогон инсан экен эй. Ал олуп баратканда Куловка жалдырап партиясына кошулуп тирилип депутат болуп. Анан тиги Куловка жабышпадыбы партиясын экиге болуп лидер болом деп. Кыдыйып олмуш болуп алып страшный адам экен. Эми мигиранттарга жабышыптырда анте берсе.Уй салбай тамака эле акча салып турабыз. 1МИЛЛИЯРД САЛЫНГАН казыркы переводтон 100 миллион эле доллар болуп калсын. Ал киши былжырай берет. Бирок Любой суудан кургак чыккан.

кимден: ысмар
21.02.2012 17:54
Кыргыз болгондон кийин кыргыздын кереги бар да. Башка өлкөдө жашасан да мекенинди элинди сагынасын да. Кыргыз болгондон кийин кыргызындын келечегин ойлойсунда. Кыргыз кыргызга куйбогондо кимге куйосун жана эмнен кыргыз анда. Ар бир кыргыздын озунун ойу акылына жараша коз карашы болот да. Мен орустун астына жата калгыла деген жокмун. Мен оз пикиримди коз карашымды айтым. Орустардан болунуп мыкты жашай алабыз жашап атабыз десенер эч ким силерди кой дебейт.Мен айтсам эле ,орустарга басылып ,жыргап элдер кыйналбай, тентибей жылуу жашап аткан жерден кошулуп кетесинерби. 1) Ооба орустар келишти Орто Азияга. Биринчи келгенде алар азия эң арта калган регион болчу. Абдан караңгы билими жок эл болгон. Араб тилин билген молдолор байлар элдин канын сооруп бит жегизип жургон. Азияда орустардан биринчи англичандар келип бир бирин кармаштырып турган. Билгинер келсе Кокон хандыгына Ош кирип,Тундук казактарга барып болуш болом деп кошомат кылып.Бири бирин айылын чап алып турган. Биздин Кыргызстан деген мекенибиз жок болгон. Аны К.Баялинов да айткан. Егер орус келбегенде бизде КР казыр болор беле деген кумон туудурат. Туштук Кыргыз автомия болуп озбекте,тундук казака же эн жаман вариант кытайга кошуп салмак. Багыбызга орус келип КР болуп жашап атабыз. Муну жону жок жаза бербей тарыхты ачып окуп адырандасанар. Сынган кылычты ачып окугулачы. 2) Геноцид деген эмне. Геноцид деп Армяндарды турктордун кырганын айтат. Геноцид деп немистер ееврейлерди кырганын айтат. Орустар эмне баарын кырдыбы. Баланча жерде баланча кыргызды сайыптыр десе, кыргыздар жерин коргогондун ордуна кытайга уркуп качыптыр. Бул кыргыздын позору. Америкада индейстерди геноцид кылып жок кылды казыр алар саналуу тилин жоготуп жок болду. Эй ошол индейстер куралы жок балта м-н согушту го жерин коргоп качпай. Ушул кезге чейин алардын эрдигине тан берип кино чыгарып атат. Эми ар бир калкта жаманы жакшысы болот экен.Албетте арасында орустардын айбаны да болгон. Мен талашкым келбейт мен кичине эле маселе кылдым. А баса тиги квартира жонундо туура аны ормон бир пикирде жазган. СССР учурунда ооба орустун кемпирлери батирге кыргыздарды киргизчу туугандарын шаарда жок болсо. Анан интелегентер батирге жашачу эмес. Аларга жумуш тийгенден эле общяга анан квартира берчу. Студентер жашачу тууган ылдыйтада жазган. Орустардын кемпири байынан эмес алардын балдары аз туугандары жок болчу. Шаарда туугандарын болсо да. Ойлоп кор кыргыздын 100 туганы болот.Бир айыл бут тууганын болсо. Алардын 4-5 баласы болсо 1 ден эле коноко келсе 100 бала батабы 3 комнат квартирге. Алар кыргызга бербей койгон жок квартир просто кыргыздын колу бир нерсеге жетсе эле тууганын коп болуп чыга келет. Негизи мен деле ЖАНА КОП КЫРГЫЗДАР КВАРТИРГЕ орустардын жеринде орустарды квартирге киргизебиз. Мен ойлойм ушул чет элге иштейм деген адамдар келип байлыка бат жетет окшойт. Ал чет элге ой максат м-н келип жанталашып ойун ишке тез ашырганга тырышат. Албетте биз кыргыз кармашпай бир бирибизди тыттпай биримдиктуу иш кылсак.Элди кыйнабай эл деп жашасак мен 2 колум м-н эмес бутумду да которот элем. Эл кыйналып атат. Келет баланы туйт кор оокатын айынан башка олкодо уй булосун корбой иштеп журот. Бул эмне деген жашоо. Эл кыйналып баратат.
Пикирге жооп

кимден: Нурбек
22.02.2012 14:11
Э Ысмар былжыраптырсын болушунча сен ушу кыргыз эмессин го ээ каапыр, сага тенелген мен акмак не болсо ошол болсун оку жакшылап жазгандарымы.
1916 жыл бул уркун эмес кыргын биринчиден кыргынды билбесен кыргын бул геноцид. Орустар геноцид кылган бизди. Сага мага биздин ата бабаларыбызды басмачылар деп уйроткон туурабы, ошол басмачылар эмнеге басмачы болуп калды - Орустарга каршы турган учун элин коргогон учун. Былжырайсын анан согушкан эмес деп , куралдар тен эмес болсо не кылышсын анан айла жок качышка туура келген.

Карангы депсин озунун ата бабаларынды.Орустар келбегенде не болмок депсин? кокон хандыгына анан казактарга кирип кетмек деп былжырапсын. Орустар кирбегенде топурагыбыз да байлыгыбыз да азыркыдан коп болмок , но эн маанилуусу биз басынган манипулировать этилген калк болмок эмеспиз, туура эмес болсо да озубуздун оюбуз мн жашай алган феодалдык коом болмокпуз менин оюмча, Коконго келсек , кокондо кыргыздардын салмагы чооооооон болгон , билбесен Улуу Урматтуу Алымкул датканын омурундо кылгандарын оку, Алымкул датка каалаган учурунда коконду басып алып турган (так билбейм бирок омурундо 3-4 жолу басып алган), Нузуп да бар болчу ал да баскан, андыктан кокон кыргызга кеп эмес болчу

Казактарга келсек , кайсы казак каны кыргыздан салык алган айтчы ыя??? Казактар мн да катылганда катыгын берип турган бабаларыбыз, тарых эле тарых дейсин тарыхты да кыйратып билбейсин былжырак

Турктор качан кимге геноцид кылды эле ыя? Осмон тарыхын окудун беле? канча хан болгон ? кайсы хандын учурунда кайсы жерлер басылганын? Турктор эгер геноцид кылгандачы азыр африка олколору, жакынкы чыгыш, баардык арап олколору , орто жана чыгыш европа бааары Туркия болмок, каршы чыкпагандарды олтурчу эмес, динине ишеничине тилине тийишкен эмес Осмон империясы
и анан армяндар чопоо чон кызматтарда иштеген осмон империясында , коп тантыраба андыктан

акырында айтаарым сен илими тайкы бузуку экенсин билип билбей суйлобо , орустар берген кашанды жеп арагын ичип метросуна тушуп журо берчи
Пикирге жооп

кимден: элес
22.02.2012 22:38
Пашел ты Нурбек былжырак. Ошол жерин коргобой эле байлыгын ойлогон иттер болчу сенин басмачыларын. Кедей кембагалдар байларга алданбаганы СССРге айланайын деп кошулган эле. Менин атамдын атасынын эки бир тууганын кошулбайсын деп сойуп салган. Тигине кочуруп барып малдарын байлыгын жоготкондон коркуп кембагалдарды. Авганда журотко жете албай ыйлап кыргыз. Орустар эмне олтурсо аз кыргыз кайдан 5 млн 4 эсе кобойду 70 жылдын ичинде. Доорубой эч теке билбегенден кийин жазбачы уят болбой. Ээ жазат десе жаза берет экен ойуна келгенди. Нурбек сеники таптакыр туура эмес бир созунда. Чындык жок.
Пикирге жооп

кимден: ысмар
22.02.2012 22:19
Былжырак деп билимсиз деп сени айтат. Туу эй ким озунун инсанын Алымкулунду жаман деп жазсын. Кокон ханында кайсыл кыргыз кармаптыр кайсыл чон атан айты. Кармаса сен айткан Жузуптун башын алат беле билимсиз. Орус келбесе кайсыл жерди кенен кылып алат элен. Былжырак сендей тарыхты бурмалагандан казыр ар кайсы жерде шерменде болуп Журобуз. Түрк акмак 10 жыл мурун эле ушул кыргызга келип.Элди иштетип бизнесине колун кестирип алган кыргыздардга акча толобой иштеп айдап чыккан. Жакында эле биздин кызды олтуро сабап качкан. Кыздарыбызды алпарып алып жалап кылып атат олтургонун олтуруп атат. Ушул заманда акмактык кылса илгери карангылык кезде эмне кылды экен. Керек болсо туркун баскынчы болуп канчаны кырган. Эмне сенин тарыхын дуйно тарыхынан башкача тарых го. Турк туугандарын империя кылам деп согушпаса атасынын башы барбы болок олколордун жашаган жеринде. Эмне чон жерде иштесе эле сойуп салыш керекби. 1МЛН 800 адамдан 150 минге жетпеген адам калган дейт. Кайда калганы геноцид болбосо. Кандай болбосун адам деген адам. Суроттор калган документтер калган. Казактар м-н бир турсак эмне учун болуштукту казактар чечишчу ким болушту. Бишкектеги КР библиотекага кирип тарыхты оку. Ормон ханды оку. Махабат дастаны деген эле кинону корчу. Тарыхтан алып чыгарды да асмандан албай. Аракты сен уйдо олтуруп окмотту согуп ичип жата бер. Тиги Орто Азияны кармаганбыз деп кокурокту уруп койуп.Туркту мактап асманга чыгарып. Ошол турк кулуп мылжыйып туруп кул кылып жайлайт. Мен сага кыргыздын тарыхын айтым. оз ойумду айтым. Мен пикиримди талкууга салдым. Мен минт десем эле макул демек беле бийлик. Билимин болсо адамдык сапатын болсо арак былжырак деген создорду жазбайт элен. Кыргыз качкан Урукундо уят позор. Ал эмне калпы чындык.Кайсыл эл качты жерин тыштап айтчы. Индейстерче жок беле кыргыз. Ал кыргыздын уяты. Сен айткан Коконду Орто Азияны казакты катыгын берген баатырлар кайда анда. Кыргызда болгон сыймыгыбыз баатырыбыз бир гана Манас элин чогулткан. Мин жылдап кылымдан кылымга атты очпой келе атат. Ак эмгеги элим деген баатыр эч качан унутулбайт. Туболук калат кыргыз элинин журогундо кылымдан кылымга.Балдарына айтып балдары балдарына айтып Манас баатырды. Анан жерин тыштап качкан эркектерге актоо жок. Мейли мени арбагы урат де. Уркун кыргыздын позору. Кийинки кыргыздарга сабак болуш керек. Эмне гана болсун атом бомба тыштаса да акыркы кыргыз калганча мекенибизди тыштабашыбыз керек. Ошондо Манас атабыздын арбагы колдойт. Мисалы бизге Япониядан улгуу алыш керек, Ал эми Орустар сага эмне кылды. Сен озун торо мырза Нурбек. Тарых китептерин коп коп окушунузга тилектешмин. Мен билем казыр сен айтасын ал пропаганда деп. Сен Сынган кылычты чала окуп тарыхты билем деп Жузупту айтып атасын. Ар бир улутун жазычуусу оз улутун ойдо корсотуп жатат.Тологон Касымбековта дуйнодогу жазуучулардай оз элинин тагдырын кобурок чагылдырган. Кармандардын 90%кыргыз. Анан албетте сен чала окуп ОУ Коконду кыргыз кармаган турбайбы деп атасын. Тиги Андижан Наманган Ошко кошуп алсак. биздики болмок деген терен жанылып атасын. Орустар мишять кылып койду деп ойлоп атасын. Бирок чын эле орустар келбесе биз укмуш олко болмокбуз. Алар келгенде Кыргыз каганаты бар болчу. Эх кыскартып койду ээ жерибизди Нурбек. Орустар Каркыра узонгу кушту сатты ээ. Укмуш баатыр экенбиз орустар барда саатылбаган жерлерди саатып. Билбей калдым кимиси патроит. Мен дагы айтам элин чогулткан хан келсе. Эл десе. андып аткан суук кошуналардан сактай ала турган хан келсе мен дилим м-н макул элем. Эл кыйналып кетти. Биз чет элде журсокта арак ичпей эле кыргыз дейбиз.Анын бетин ааоры кылсын.Жакшылыкта жаманды да айта жур деген бабалар. Душман келсе кыргызга биз келебиз коргогонго. КЕЛЕ АЛБАГАНДАРЫБЫЗ АКЧАЛАЙ ЖАРДАМ КЫЛАБЫЗ. Кээ бирибиз курал саатып алып берип жардам кылабыз.Кай жакта журбойлу кыргыз бойдон калабыз. Биз кыргызбыз. Кыргыз ат м-н торолгонбуз жана кыргыз болуп олобуз!!!!!!!!!!!!!
Пикирге жооп

кимден: Аске каяктан: мск
21.02.2012 21:27
Мен сенин ой пикиринди туура деп эсептейм.

кимден: алымбек каяктан: маскөө
21.02.2012 17:28
орус м\н дос болсон айбалтанды ала жур.

кимден: Нурбек
21.02.2012 14:12
Орустардын бажы союзун куруунун башкы максаты - Орусиянын ата мекендик ондурушун сактоо коргоо!!!!!

Азыркы учурда орустун товарлары дуйнолук рынокто конкурентноспособностьун жоготту, саталбайтат ондургон нерселерин , копчулук завод фабрикалары давно банкрот болгон озун озу актай албай , Путин кармап турат мамлекеттин кучу мн , курал сатат араптарга ошол акча мн жаап жатат.
Анан не кылат Путин, жаны базар ачыш керек жаны рынок , куч мн болсо да сатыш керек озундо ондурулгондорду , анан КЗ мн минскти кошуп туруп чек араны жапты, сырттан келген Nokia Samsung Sony BMW Mercedes Toyota Colgate Nescafe Cola MC Donald ондуу товарлар келсе локуйто кошот салыкты устуно бийликтин кучу мн , айла жок бай эмес эл лада жигули Поморин дегендерди сатып алат да анан

биз озубуздо ондуруш жок болгондон кийин кириштин не кереги бар азырынча
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
21.02.2012 18:04
Ошол ондуруш жок убагында кирип. Анан ондурушту ачып иштетиш керек.Ондуруш бар сени ким алмак эле. Сен аябай умный алар жинди дейт. Ужас такой простой как 5 коппейк. оЙ алар кыргызды тим эле суйунуп киргизгиси келген жок. Сен Бишкектеги пошивтериндин баарын Россияга Садоводто саатып атасынго. Алар барибир кыргыз товарын которуп ыйлап келе берет деп киргизип атат. Биздин баарыбыз жогубуз аларга билинбейт. Сен аларга только саатып атасынго эмне саатып алып атасын кыйратып. Тим эле кыйын болосун. Бензинди да Россиядагы озунун элинен арзан алып атасын.Биякта 50 сом литр силер боюнча.Вообще уят деген калбай калган бизде.Наны акчасы жакшы орустун озу жаман.Жарыбаган адамдын созу да жарыбайт озү жарыбайт да дейт.
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
23.02.2012 18:18
Эй Искен ты не удачниксин. НЕ удачниктер гана эч нерсеге ыраазы болбойт. Бут баары жаман бут дуйно куноолу. Биерде бир ки уч киши гана против калганы ок деп атат. Ачто толку не удачнике тушундуруп барибир тушунбойт.
Пикирге жооп

кимден: искен
21.02.2012 22:46
Эй билерман - биякта элинин ой пикирлер айтылып жатат - сен кекетпе! Уят десен - уяты окендерге айт, анан озундун башына тагып ал. Соодада уят жок деген кыргыздын созу бар.

кимден: болунбо каяктан: кыргыз
21.02.2012 12:46
К.Батыров да ушундай "Биримдиктен" баштаган.

кимден: Кыпчак
21.02.2012 12:06
Яковлев деген бизнесмен Кантинент деген басмаканага миллион доллар берип кайра алалбай соттошуп жүрөт.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)