Бейшемби, Май 23, 2013 Бишкек убакыты: 07:32

Эркиндик / Датым бар

Сапаргүлгө жардамга баары шашылды

Орусияда жердештеринен кордук көргөн Сапаргүлгө эл аралык уюмдар, кыргызстандыктар жардам бергени жатат.

Сүрөттөгү кыздын макала каарманына тиешеси жок.Сүрөттөгү кыздын макала каарманына тиешеси жок.
x
Сүрөттөгү кыздын макала каарманына тиешеси жок.
Сүрөттөгү кыздын макала каарманына тиешеси жок.
Текст көлөмү - +
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жабыркаган келиндин арызын тартип коргоо органдарына тапшырып, андан ары көзөмөлдөп турууну мойнуна алды.

Ал арада келиндин туугандарына коркутуулар боло баштаганы айтылууда.

Кийинке кезде интернет аркылуу Орусияда өз жердештеринен запкы жеген кыргызстандык кыз-келиндер тууралуу видеоматериалдар тарап жатат.

Кыргызстанда жана четте жашаган кыргызстандыктар демилге көтөрүп, каражат топтоп, Сапаргүлгө материалдык жана моралдык жардам бергенге киришти.

Мындай демилге менен чыккандардын бири, Москвада жашаган Амантур Рыскулов келинди кордогон чуулгандуу видео алгач интернетке жайгашары менен балдардын бул жосунсуз жоругун айыптап чыккан болчу:

- Биздин жардамдын эң башкы максаты - Сапаргүлгө “сиз такыр күнөөлүү эмессиз, сиз жабырлануучусуз” деген ойду жеткирүү. Өзү эки баланын энеси экен, ушул жактан кыйын болуп атса керек. Мен өзүм Москвада жашайм, бул жакта жашоо оор, тамак-аш кымбат. Квартирада жашаш да оор. Ошол жактан кичине көмөктөшсөкпү дегенбиз. Чет өлкөгө да чыгарып келсекпи деген да ой пайда болду эле. Кичине жер көрүп, көңүлүн ачып, болбосо аябай чүнчүп кеткен экен. Бирок эң негизги максат - жогорку бийлик өкүлдөрү, депутаттар болобу, министрлер болобу, ошолор “Сапаргүл, кечирип кой, биздин коом, биз туура эмеспиз, сен күнөөлүү эмессиң” дегенге жеткирүү.

Амантур Рыскулов коомдо жабыркаган келин өзү күнөөлүү деген пикирлер басымдуулук кылганына токтолду:

Москва шаары, 6-ноябрь, 2011-жылМосква шаары, 6-ноябрь, 2011-жыл
x
Москва шаары, 6-ноябрь, 2011-жыл
Москва шаары, 6-ноябрь, 2011-жыл
- Мен, мисалы, Москвада өзүм менен тең, менден улуу-кичүү кыргыздар менен сүйлөшүп жүрөм. Алардын көбү "Сапаргүл өзү күнөөлүү, балдар азамат" деген пикирди айтып жатышат. Бул биздин эң биринчи жаңылыштыгыбыз. Сапаргүл “көптөн бери эл менен сүйлөшө албайм, кантип чыгам, балдарым, ата-энем менен кантип сүйлөшөм” деп айтып жатпайбы. Анткени биздин коом Сапаргүлдү жабырлануучу эмес, күнөөкөр катары кабыл алып жатат. Кандай болсо да биз жардам аркылуу Сапаргүлдүн өзүнө ишеним пайда кылышыбыз керек. Ал эч нерсени туура эмес кылган жок. Эгер ал тажикпи, өзбек менен жүрсө деле ал өз укугу. Ким менен жүрсө да ал өзүнүн иши. 

Сапаргүлгө кол сунуп, жардам берүүнү каалагандардын арасында укук коргоочу Азиза Абдирасулова да бар:

- Москвадагы кесиптештерге жазып, Сапаргүлгө психологиялык жардам бердирте алабыз. Бул жактагы үй-бүлөсүнө кичине акчадан деле жардам берейин деп ойлогом. Эгер жашай турган жеринен кыйналса, кризистик борборлорго алып барып, психологдорго көрсөтүп, тамак-ашын, ден соолугун карап, дарыгерлерге да көрсөтүш керек.

Өздөрүн “патриоттор” деп атаган балдар тобунан запкы жеген келинге Эл аралык миграция уюму, Бириккен Улуттар уюмунун аялдар программасы да каралашканы жатат.

Тиешелүү органдардын аракеттери

Ал арада Сапаргүлдүн жакындарына коркутуулар болуп жатат деген маалымат тарап кетти. Жергиликтүү милициядагы ишенимдүү булактар келиндин туугандарынын коопсуздугу колго алынарын билдиришти.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин юристи Алмаз Абдисияев "Азаттыктагы" маегинде Сапаргүлдү кордогонго тиешеси бар деп шектелген жети бала Кыргызстанга качып кеткенин билдирген.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов бул балдарды кармоо боюнча орусиялык кесиптештери менен кызматташууга даяр турушканын “Азаттыкка” айтып берди:

- Орус тартип коргоо органдары документтерди Башкы прокуратура аркылуу жөнөтөт. Анан издөө жарыялайт. Анда бизге, ИИМге түз эле келет. Баары мыйзамдын чегинде чечилиши керек. Мен бул маселени документтер келгенге чейин деле көтөрөм. Баягы Кыргызстанга качып кетти деген жети бала боюнча документтер бизге келиш керек. Эгер качса, алар бул жакка келет.

x
Ушул тушта Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Сапаргүлдүн арызын тиешелүү тартип коргоо органдарга жөнөтүп, зомбулукка кабылган келиндин коопсуз жайга жайгаштыруу боюнча аракет көрүп жатат.

Кордолгон кыз-келиндер тууралуу “Азаттыктын” макалаларынан кийин Жогорку Кеңештин айрым депутаттары кийинки аптада Москва жана Екатеринбург шаарына жөнөп кетишмекчи. Алардын бири Социал-демократтар фракциясынан депутат Ыргал Кадыралиева:

- Кыздар ыйлап-сыктап, мындай көрүнүштөр масштабдуу болуп атса да өкмөттүн көңүл бурбай жаткандыгында болуп жатат. Миграция министрлиги да жоюлуп кеткен. Биздин сапарбыздын максаты өкмөттүн көңүлүн ушул нерсеге буруу.

“Азаттык” буга чейин өздөрүн “партриоттор” деп атаган балдардын кордугуна кабылган 20 жаштагы кыздын милицияга арыз менен кайрылганын кабарлаган. Бул арыз боюнча Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы документтерди Орусияга жөнөткөнү жатат.

Жылаңачтап алып ур-токмок менен суракка алып, аты-жөнүн толук айттырып, паспортунан өйдө жарыялап салган дагы бир үчүнчү кыздын андан аркы тагдыры азырынча белгисиз.
Макала боюнча пикир билдириңиз. Пикир редакцияланбайт, эрежеге шайкеш келбесе, сайтка чыгарылбайт. Бирөөнү жектеген, кемсинткен, жеке адамдар, топтор, улуттар ортосунда кастык жараткан пикирлер жарыяланбасын эскертебиз.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: egipet каяктан: kair
14.06.2012 00:47
emne kunoo jasasak Allah aldinda ar biribiz joopko tartilabiz sapargul zapki jedi patriot bolboi adam bolso oshol essiz baldar...

кимден: Жамалдин каяктан: Ош
05.06.2012 10:03
Эчтекемес, буларды камас башкалары чыгат, бул маселе ирин болуп шиши толуп жарылганы аран турган. Горбачев айтмакчы, "процесс пошел".

кимден: Мусулман. каяктан: Намыс.
04.06.2012 18:21
Патриот деген адамдарга менин сунушум бар.Биринчи озундун уйундагы кыз келиндерди хижап менен камсыз кыл экинчи беш маал намаз менен тарбиелап учунчу эркек затыга жузуну корсотурба Ислам дини менен тарбиелап Аллахты буйуруктарын 100кылдырып туруп кейин бирога акыл уйроткыла мейлиби андай кыла албаганындан кейин Патриотмын деп жар салбастанэле Мосва кочолорун шыпырып акча уйго которуп тынч эле журобергилачы.
Пикирге жооп

кимден: Чыныгы muslim
05.06.2012 00:19
Исламды билген адамдар самасуд кылабы? Сенде мээ барбы?Исламда сойкуларды жыңалачтап элге көрсөткүлө деп буйрулбайт. Сойкулар, патриоттор исламды билгенде ошончолука барбайт болчу!Ойуңа келгенди урдура бербе ар кимдин аты менен, Аллахтан корк !

кимден: эркек
03.06.2012 21:58
Эй каякта зымыраган эркектер.Мен бугун азаттык тасманы коруп тыштап кеткен балдар жонундо.Эч кандай аятан озбек м-н таджик азердин балдарын корбодум.Жалан кыпкыргыздын балдары.Кыргыз эркектери озунду тарбиялап башкаларды тарбияла.Балдарды карачы иттер ымыркай балдарда эмне куноо.
Пикирге жооп

кимден: gulbahar
14.06.2012 03:33
bir jerin tyja albagan kyzdar itter.erkek emne bugun jatat erten ketet.ishteim dep kelgen eken kyrgyz kysdary ishtesin da abijiri menen jursun.

кимден: Майрамбек
03.06.2012 12:35
Сапаргулго айтаарым жашоолон умуттунду узбо! Аллаахым озу жазалайт аларды сен балдарынды жашы улгайган ата-энеди ойло! мындада жаман учурларга туш болгондор бар ден-соолугуна кара! Мекендештер аял заттын кордогондун арты тозок!

кимден: Эркектерге каяктан: Korea
02.06.2012 10:02
Аял адам ыйык нерсе!Анткени Аял бул Эне!Эне бул жарык жашоону жаратуучу! Эненин батасын алгын келсе жер жузундогу бардык аял затын ыйыкта,кадырла,абайла!!!Аял бул сенин жашоодогу жан шеригин,сага наристе тартуулап,сенин балдарындын энеси,сенин жубайын!Кол которбо,намысын кордобо,коз жашын токпо!Ыйык Жандын каргышына калба!Бул чындык аялдын каргышы созсуз тиет!!!

кимден: Ali каяктан: Bishkek
01.06.2012 19:00
Men eki jaktyn teng kunoosu bar dep oyloym.siler biribirinerdi kunooloy berbey youtube ka kirip okuya kanday bolup otkonun korgulo.anan oylonup jazgyla. !!! " Patriot kyrgyzdar ".
menin niyetim reklama kiliw emes birok bilip bilbey suyloy bergen tuura emes dep oyloym.!!!

кимден: Bizdin erkekterge
01.06.2012 17:06
Bizdin koomdo erkekterdin ukkugu kandai bolso, aiyaldardin dagi ukkugu dal oshondoi. Any ech bir erkek sooroi sen aiyalsin dep basintkanga ech ukugu jok.Kim menen jatat, turat, basat os ishi.Bul PATRIOTchuldar islam diniy yi bilodo, koomdo torolyp,oskondor.Andan bashka ech nerseni korbogondor.Al emi islam dininde aiyal kishinin ukkugu tomon.
Пикирге жооп

кимден: Ali каяктан: Bishkek
01.06.2012 18:38
E erkek emne dep ele biljirap jatasyn. Oshol Islam dini tarbiyasi jok bolgon u4un tigi kiz ar kim menen jatyp jurot.al emi tigi patriottor bolso ayal zatyn urup tokmoktop jatat. E bayke eger bilbesen bilip uyronup al. Islam ech kachan Ayal zatyna ukugun tepselegen emes. Bekerinen aytilgan emes Beyish, enelerdin tamanynyn astyndadyr . ushul sozdon ele sen ayal zatka kanchalik konul burulganin bilip alsan bolot.Sen birinchi Islam dinin uyron.oku. anan Islam jonundo jazgin. !!!
Пикирге жооп

кимден: Али каяктан: Сахалин
14.06.2012 21:33
сизге Алла разы болсун.бирок Бейиш кандай эненин таманынын алдында.кочодон корсон чынында намыстанасын.э андай болбойт ботон элде жон эле жургулочу десен укугун пеш кылып озум билем деп койот.Хадистен маалыматыныз болсо ал жерде Бир айал(ыймандуу.тагырагы Алла-Тааланын буйурганын толугу менен аткарган) ушул айалдын ыйманы 70аалымдын ыйманынан кучтуурок делген. Ал эми тескерисин (бир айалдын куноосу 1000 еркектин куносунон ордук кылат екен)буга эмне дейс.Шариатта Сойкуларга
кандай жаза берилет?Урматту КЫРГЫЗ мусулман бир туугандарым айал затка кайдыгер карабайлычы.Гелинчектерибиз келечегибиз балдарыбыздын тарбиасы 80пайыз алрдын колунда.Дин менен жашаганды уйротолу.Ыймандуу бир айл кишиге акыретте 4 кишиге болшууга уруксат берилет екен.Атасына,Гуйосуно,Агасына,чон Баласына. Ал эми бир куноокор айл озу менен кошо ошол торт кишини тозоко ала кетет екен.

кимден: Кыргыз кыз каяктан: Ош
01.06.2012 14:17
Амантур Рыскулов, бардык айткандарына толугу менен кошулам.

Кыргызда сендей уулдар болгондугу мени чынында тан калтырды жана аябай кубанычтамын.

Жардам беруу идеясын алып чыккандыгын учун сага чын журоктон ырахматымды айтамын.

кимден: керексинер
01.06.2012 13:22
Тарт колунду Азаттыктан. Ушулар болбогондо алдагы соорой эркек сымал айбандардын иши билинбей калмак. Карасан дегеле тапкандарын кимге асылыш керектигин. Молодцы, кабарчылар, так держать. Силер дайыма эл учун иштегенсинер и иштей бересинер. А бул эркек сооройлордон коркпогула, таап барам офисинерди деп кекеткенин, таап барса биз да артынан жетип барабыз, силерди коргоп калчулар толтура. Же бул билимсиз лохторду колдогондор коп бекен? Оздоруно окшогон кенкелестер эле колдобосо... Силер бизге окшогондорго керексинер, Азаттык. Ишинер ийгиликтуу болсун.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Онлайн шерине