Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 05:56

Коопсуздук

Кыргызстан Орусиядан базалар үчүн акы талап кылат

Кыргызстан Орусиядан өлкөдөгү аскерий обьекттер үчүн акы төлөөнү талап кылат. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Ошто студенттер менен жолуккан учурда билдирди.

Текст көлөмү - +
Талдоочулар Канттагы аба базадан башка Орусиянын өлкөдө жайгашкан 3 аскерий жайы тууралуу сөз болушу мүмкүн деп боолголошууда. Акыркы жылдары бул 3 аскерий жай үчүн Орусия 15 миллион доллардан ашык каражат төлөбөй келгени дайын болгон.

Алмазбек Атамбаев жакында Орусияга боло турган сапарында өлкөдө жайгашкан аскерий жайлардын ижара акысы тууралуу маселени көтөрөөрүн билдирди. Бирок кайсы аскерий жайлар үчүн акы талап кылаарын ачыктаган жок.
 
Бул маселени Алмазбек Атамбаев өткөн жылдын соңунда маалымат жыйында да козгогон эле. Анда өлкө башчысы Орусия Кыргызстандагы аскерий обьекттер үчүн төрт жылдан бери акы төлөбөй келгенин жар салган:
 
- Орусия 4 жылдан бери өзүнүн аскер базалары үчүн акы төлөбөй келиптир. Мен бул тууралуу Дмитрий Медведевге айткан учурда ал да таң калганын жашырган жок. Коргоо министрлиги “акча жок, акча жок” деп айтат, бирок 4 жылдан бери Орусиядан акча албай жүрүшөт. Буга чейин деле жарытылуу акы алынбаптыр. Техника түрүндө алабыз дегени менен Орусияда колдонуудан чыккан эски техникаларды алып келишиптир. Мисалы, 2007-жылы Орусия 1984-жылы чыгарылган КАМАЗдар менен төлөп бериптир.
 
Москва, 27-декабрь, 2010-жыл
x
Москва, 27-декабрь, 2010-жыл
​​Негизинен Кыргызстан аймагында Орусиянын 4 аскерий жайы жайгашкан. Булар: Канттагы аскер аба базасы, Караколдогу куралдарды суу алдында сыноо базасы, Кара-Балтадагы аскердик байланыш түйүнү жана Майлы-Суудагы радиосейсмикалык лаборатория.
 
Булардын ичинен Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун макулдашуусуна ылайык, Кыргызстан Канттагы аскер-аба базасы үчүн акы албайт. Ал эми калган үч аскерий жайдын ижарасынын эсебинен Орусияга кыргызстандык офицерлер окууга жөнөтүлүп турган.
 
Кийин бул акыны курал-жабдык, аскердик техника аркылуу төлөө тууралуу макулдашылган. Бирок акыркы үч жыл ичинде бул да аткарылбай калган.
 
Орусия Кыргызстанга 15 миллион доллар карыз
 
Коргоо министрлигинин берген маалыматына ылайык, 2008-жылдан бери ижара акысы үчүн Орусия тарап Кыргызстанга 15 миллион доллардан ашык каражат карыз болуп калган. Министрликтин маалымат катчысы Айзада Игибаева:
 
- 2008-жылдан 2011-жылга чейин Орусиянын аскерий жайлардын ижара акысы үчүн Кыргызстанга карызы 15 миллион АКШ доллардан ашык каражатты түздү. Бул Орусиянын өлкөдө жайгашкан үч аскер жайы үчүн гана. Орусия Канттагы аскер база үчүн Кыргызстанга ижара акы төлөбөйт. Себеби Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун алкагындагы макулдашууга ылайык акысыз берилген.
 
x
​​2003-жылы ачылган Канттагы аскер-аба базасы эч кандай акы төлөнбөстөн, тескерисинче, аскерий обьектти тейлөөнүн чыгымдарын Кыргызстан өз мойнуна алып келе жатат. Мындан улам Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков тейлөө чыгымдарын Орусия төлөшү керектигин билдирүүдө. Депутаттын айтымында, президенттин Орусияга сапарында ушул маселе көтөрүлсө, Кыргызстан үчүн пайдалуу болмок:
 
- Канттагы аскер база боюнча абдан кызык. Буга чейин да биз көтөргөнбүз, бирок маселе ордунан жылбай келе жатат. Бул базанын телефон байланышы, коммуналдык кызмат төлөмдөрүнүн баарын Кыргызстан төлөйт. Дүйнөдө өз аймагындагы башка өлкөнүн базасына акча төлөгөн көрүнүш жок. Биз болсо төлөп жатабыз. Жылына мурун 15-16 миллион сомго жакын каражатты түзчү. 
 
Муну менен катар Исмаил Исаков Канттагы аскер базадан башка аскерий жайлар үчүн да ижара акыны жогорулатуу маселеси көтөрүлгөнүн билдирди.
 
Ошол эле учурда Коргоо министрлигинин өкүлдөрүнүн айтымында, 2011-жылдын декабрында Кыргызстандын жана Орусиянын президенттеринин жолугушуусунда аскер базалары ижара акысы боюнча маселе көтөрүлгөн. Бул боюнча учурда сүйлөшүүлөр уланып жатат.
 
Парламенттин коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасы Токон Мамытовдун билдиргени боюнча, ижара акысын көтөрүү маселесинде эки өлкө ортосунда өтө чоң деле карама-каршылыктар болгон жок:
 
- Биз ижара акыны көтөрүп бергиле деп сурап жатабыз. Алар айрым маселелер боюнча өз сунуштарын билдирип жатышат. Ушундай жол менен бири-бирибизге сый-урмат менен эле маселе чечилип жатат. Өтө чоң карама-каршылык, кайчы пикир деле жок. Жакын арада бул маселе чечилип калат болуш керек.
 
Кайсы жай үчүн акы талап кылынат?
 
Алмазбек Атамбаев Орусиянын кайсы аскерий базаларынан акы талап кылып жатканы азыр белгисиз бойдон калууда. Талдоочулар Канттагы аба базадан башка өлкөдө жайгашкан Орусиянын үч аскерий жай жөнүндө сөз болушу мүмкүн деп боолголошууда.

Талдоочу Токтогул Какчакеевдин айтымында, Канттагы аскерий базага ижара акыны талап кылуу үчүн ЖККУнун келишим бузуу керек.
 
- "Силер бизге беребиз деген насыяны берген жоксуңар, башка убадаларды аткарган жоксуңар. Ошондуктан Канттагы аскер базасы үчүн акы талап кылабыз" деген бул - жылдырма сөз. Канттан акча талап кылыш үчүн ЖККУнун келишимин бузуп, жаңысын түзүү керек.  
 
x
​​2008-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиев Москвага Кыргызстандагы бардык орусиялык объекттерди бириктирип, ага чоңураак акы төлөө талабын койгон эле. Бирок расмий Москва макул болбой, сүйлөшүүлөрдүн аягы туңгуюкка барып такалган эле.
 
Эл аралык мамилелер боюнча адис Искендер Ормон Орусия өз аскерий жайларын сактап калуу үчүн Кыргызстандын жүйөлөрүнө кандайдыр бир саясий талап койбой эле макул болот деген пикирде. Себеби Кыргызстан ижара акыны көтөрүүнү тышкы саясаттын эрежелерин сактоо менен талап кылууда:
 
- Орусия кандай карайт деп чочулап жатканыбыз, бул - биздин советтик учурдан калган өнөкөтүбүз. Орусия акы төлөө маселесине келгенде саясий соодалашууга алып барбаса керек. Эгер базаны чыгарабыз деген маселе болсо анда башкача болмок. Экономикасы дүйнөдө 5-орунда турган Орусия үчүн бул жердеги акы анчалык деле көп эмес.
 
Орусиялык аба база 2003-жылы сентябрь айында Кант шаарындагы аскер аба майданында жайгаштырылган. Анын карамагында башында СУ-25 тибиндеги беш чабуулчу учак, төрт машыктыруучу учак жана МИ-8 үлгүсүндөгү эки тик учак болгон. Аскер кызматкерлеринин саны учурда жүз элүү адамга чейин жеткен.

Өткөн жылы америкалык айрым басылмалар Канттагы базанын мөөнөтү 49 жылга узартылышы мүмкүндүгүн жазып чыккан эле. Муну менен катар Караколдогу суу алдында торпедолорду сыноо базасы иштеп жатат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Жоодарбек каяктан: Айыл
22.02.2012 21:25
Бардыгын чыгаруу керек! Америка, Россия, Канада (кумтор)... Мына ушул «зөөкүрлөрдүн» жана алардын марионеткаларынын себебинен Кыргызтан дале көзкарандысыз боло элек. Эки жолу төңкөрүш кылымыш болуп онолткондун ордуна «өлгөндүн үстүнө тепкен» кылып алдык.

кимден: iskender каяктан: moskva
21.02.2012 23:59
bizge bul bazalardyn emne keregi bar?orustar bizdin kyrgyzstan u4un kuiup korgoibu?150 askeri kyrgyzstandyn emnesine jarait?rassi9ga bizdin mamleketke bazasyn a4uunun emne paidasy bar?antkeni sogush 4yksa kyrgyzstan arkyluu amerika menen rassi9 kytaiga urushka otot orusi9 menen amerikanyn raketasy kytaiga u4up kelgi4eyin kytailar jok kylyp salat kyrgyzstanda jakyn oshonu plandagan sogushta kyrgyzstan ortodo turat kyrgyzstan arkyluu korgonot kyrgyzstan arkyluu urushat oshonu bilip algyla atambaev emne u4un ushul ishke bashyn jetpeit orusi9 kyrgyzsdy kuusa amerika turki9 sy9ktuu dele olkolor turat amerikada ulut bolmoi takyr jok andan koro anglis tili menen amerikaga jol a4san oshondo bizdin ekonomikany kotormoksun rassi9dan bashka kabyl aluu4u olkolor dele bar egerde sen mamleketindi bagalbasan
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
22.02.2012 21:11
Iskender oto tuura emes aityp jatasyn !!! Biz e4 kimdin kozun karaba6ybyz kerek korup jatasyn go kop mamleketterde batysh mamleketerinin kiyliguushus menen sogu6tar bolup jatat kerek bolso alar menen ten ata mamile kyly6ybyz kerek alarga podxalim4ilik kylbai !!!

кимден: кыргыз учун каяктан: жер
21.02.2012 15:04
Кыргыздар тарыхта эч качан коз каранды болгон эмес,бирок орус бийлиги менен алака болгондон бери коз каранды болуп келет.Россиядагы кыргыз мигранттарына кылган мамилелерин корсон жинин кайнайт.

кимден: Руслан каяктан: Москва
20.02.2012 19:10
Орустардын өздөрүно жараша эле мамиле кылыш керек деп ойлойм.Россияда эмгектенип жүргон мигранттарга барган сайын кыйын болуп баратат..Жумуш издесең гражданство сурашат.Гражданствоң болсо славянская внешность дешет.Милициясынын кылган мамилесин айтпай эле коеюн ачык эле акча талап кылышат.Путин байкенин саясатына тан бериш.Биздин саясатчылар катыгыраак бирдеме деп көрсун экономикалык рычагдарын пайдаланат дароо.ГСМге пошлинсын көтөрө коюшат , мигранттарды депортация кыла баштайт же дагы бирдемесин ойлоп таба коет.Батыштагылар бекеринен жаман корушпойт окелерди.
Пикирге жооп

кимден: Медербек каяктан: Екатеринбург
27.02.2012 16:12
Антип өчөшкөгө болбойт.Андан көрө акысын талап кылыш керек !!!
Пикирге жооп

кимден: салам каяктан: Новосибирск
21.02.2012 10:16
туура айтасын

кимден: тоолук
20.02.2012 12:00
негизи ушу Орусиянын базасын чыгаруу керек. бизге эч кандай пайдасы жок мунун. андан коро НАТОнун базасын киргизип, коргоо системасын НАТОнун системасына откозбосо болбойт.

кимден: uhti каяктан: osh
20.02.2012 04:05
munu egemen mamleketibiz tizgini kimdin kolunda ekendiginin abdan jakshi bilse kerek.ajolorubuz kolunan kantin aldirip koygon balaga okshop iylabay sayasatin jolun tuzumun bir teksherse bolot bele bizdin mentalitetge insan tabiyatina turu kelishin.min iyla bari bir bul kulchuluktan chikbaysin,ali kaltin jaratgan bergen bayligin kop jogoruga jediret

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
19.02.2012 23:54
орусстар бизди качанга чейин алдайсын

кимден: Кыргызбай каяктан: Бишкек
19.02.2012 22:40
Караколдогу орус аскердик майданын чыгаруу керек ! Кыргызда бир гана ысык-көл бар , ал бүгүнкү бизге гана эмес эртеңки келечек муунга да керек , Бакиев доорунда коргоо минстири көлдөгү терподолорду сыноо ок-дарысысыз сынак кылынат деп былжыраган эле(ок-дарысы жок курал иштебейт да , анан кантип сынак кылынат ? ) . Эмне үчүн көлдө балык аз ? Көлгө барып эс алып жатып ден соолугума канчалык зыян болуп жатат дегенди ойлонуп көрдүк беле ? Мындай аскердик курал сынак кылуу майданынын кыргызга эч кереги жок !
Пикирге жооп

кимден: Талант
21.02.2012 10:14
Эн туура
100% кошулам

кимден: владимир вячеславич каяктан: кант
19.02.2012 22:00
Россия должна платить за Авиабазу Кант и за комм.услуги или пусть освобождает для др-х денежных стран. От них нет пользы даже на Ошских событиях не помогли
Пикирге жооп

кимден: Жаран
21.02.2012 10:13
Толугу менен кошулам

кимден: Сабырбек каяктан: Талас
19.02.2012 21:42
Алмаз Шаршенович! Биз Сизди ар тараптан кубаттайбыз, Сиз алгач ички тартипти чыңдап алсаңыз. Кыргызды ичтен бузуучулар (алар кимдер экендигине маани берип койсоңуз) кыргыздын туусу "көк" деп чыгышты. Манастын туусу кызыл болгондугун билесиз, ал тууну Сиз өөп ант бердиңиз. Бай Жакыптын экинчи аялы - Калмактын ханы Бөйөндүн небереси, Чаяндын кызы Бакдөөлөт экендигин, анын "Абыке-Көбөш баш болгон алты арам" (эпосто да) балдары калмактардын тикелей жээндери экендигин, алар азыр Таласта, Чүйдө, Көлдө экендигин бардыгы эле билишет. Алар азыр ошол калмактын көк туусун Манас-Ордого илип, Манастын кызыл туусунун ордуна көк тууну ЖКге да сунуш кылып жатышат. Анан кыргыздын үч канаты качан үч түстөгү туу көтөрүштү эле? Жанагы Маматалиев Абдрахман деген депутат үч түүстөгү желек менен кыргызды мыйзам аркылуу үчкө бөлгөнү жатат. Депутаттардын башка кыла турган жумуштары жокпу? Азыр кыргыз тарыхын да ошол калмак сепаратисттери бурмалап жазып жатышыптыр го. Сиз ПРЕЗИДЕНТ катары мына ушуларга маани берип койсоңуз деп суранабыз.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине