Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:57

Москвадагы дизайнер Аиданын жеңиши


Аида Робертова ортодо. Сүрөттүн автору - Дмитрий Бабушкин.
Аида Робертова ортодо. Сүрөттүн автору - Дмитрий Бабушкин.

22-апрелде Москвада Slava Zaitsev мода үйүндө өткөн дизайнер-модельерлердин сынагында кыргызстандык Аида Робертова Гран-при сыйлыгына ээ болду.

Орусиянын ар тарабынан келген 25 дизайнер катышкан “Үмүт” көргөзмө сынагына Аида “Көлөкө” деп аталган коллекциясын чыгарган. Москванын мода дүйнөсүнө жаңылык киргизген Аида Робертова “Азаттыкка” маек берди.

"Азаттык": Аида, жеңиш менен куттуктайбыз. Алгач өзүңүз жөнүндө айтып бериңизчи. Сынакка кантип катышып калдыңыз?

Аида Робертова: Саркеч кийимдер дүйнөсү мени кичинемден бери кызыктырат. Балалык кыялымды орундатуу үчүн былтыр сентябрда Москвадагы Вячеслав Зайцевдин лабораториясына окууга келгем. Мен бул мектеп тууралуу көптөн бери угуп жүргөм.

Окууга тапшыруучулар менен Вячеслав Зайцев жеке маектешип, окууга өзү кабыл алат. Алгач каалоочулардын санын көрүп өтпөй каламбы деп коркком. Бирок тилегим кабыл болуп, учурда окуумду аяктап жатам.

Ошентип, Зайцевдин мода үйүндө алгачкы орус модельери Надежда Ламанованын ысымына ыйгарылып өткөрүлчү жаш дизайнерлердин сынагына катышып калдым.

Өзүм Бишкекте туулуп-өскөм. Борбордогу №8 орто мектепте 9-классты аяктагандан кийин Кыргыз-Славян университетиндеги коллежде модельер-конструктор багытында билим алгам. Андан тышкары Замира Молдошеванын имидж студиясында, Дилбар Ашимбекованын Dilbar мода үйүндө тажрыйба топтогом.

"Азаттык": Мода лабораториясында окуу кандайча өтөт?

Аида Робертова: Чындыгында лабораторияда окуу бир топ каражатты талап кылат. Бирок, ошондой эле Москванын мода дүйнөсүнө сүңгүп кирүүгө чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат. 10 айлык окууга 300 миң рубль акы төлөш керек.

Андан тышкары кийим тигүүгө керектүү бардык материалдарды өзүң камсыздайсың. Лабораторияда окуу кадимки иш күнүндөй, жумасына беш күн 8 саат бою кийим тигүүнүн технологиялары, дизайн жана мода боюнча атайын сабактар өтүлөт. Ошондой эле Москвада өтүп жаткан бардык мода көргөзмөлөргө бекер катышууга болот.

Чындыгында Зайцевдин курстарында окуу – бул өзүңдү көрсөтүүгө жакшы мүмкүнчүлүк. Зайцев устат катары ар бир дизайнердин ишине көзөмөл салат. Орусияда мода дүйнөсүндө анын орду чоң, эгерде сенин иштериң көзгө илинип калса, окууну аяктагандан кийин тармактагы чоң бренддер менен кызматташууга шарт түзүлөт.

"Азаттык": Көргөзмөгө катышкан коллекцияңыз “Көлөкө” деп аталып, кийимдер ак-кара түстө чыгарылыптыр. Чыгармачыл эргүүнү кайдан аласыз?

Аида Робертова: Кийим тигүүдө мен жапон стилине ыктайм. Жапон элинин кийимдеринин жасалышы жөнөкөй, ага карабай өзгөчө ыңгайлуу жана жарашыктуу. Алар күнүмдүк турмушта кийүүгө ылайыкташкан, бышык жана тыкан. Алгачкы коллекциямды ушундай жапон стилинде жасоого дүйнөгө таанымал дизайнер Йоджи Ямамотонун дагы таасири тийди.

"Азаттык": Эми алдыга койгон максаттарыңыз кандай?

Аида Робертова: Бул сынактын жеңүүчүсү катары Москвада өтчү Mercedes-Benz Fashion Week Russia мода жумалыгында өзүмдүн коллекциямды көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алдым.

Ошондой эле ноябрда Сочиде өтө турган Орусиянын мода индустриясындагы "Золотое веретено" улуттук премиясына талапкер катары көрсөтүлдүм. Бул мааракелерге катышуу олуттуу даярдыктарды талап кылат.

Андан тышкары окуумду мыкты аяктоо үчүн дипломдук ишти жактоо керек. Алдыга койгон максаттарым көп. Бул жеңиш мага чоң дем-күч берүүдө. Мурунтан ата-энем менен туугандарым тандаган кесибимди жакташчу эмес. Эми эч нерсеге карабай өзүм сүйүп тандаган кесибим боюнча алдыга умтула берем.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG