Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:35

Үркүндү бирге эскерүүгө Орусия батынабы?


Верныйдан келген телеграмма (Мамлекеттик архивден алынган сүрөт)
Верныйдан келген телеграмма (Мамлекеттик архивден алынган сүрөт)

1916-жылдагы үркүн кыргыз элинин тарыхындагы эң кайгылуу жана апааттуу мезгилдердин бири.

Президент Алмазбек Атамбаев Үркүндүн жүз жылдыгын эскерүү боюнча жардыгында ага тарыхый баа берүүнү тапшырган. Бийликтен көз карандысыз комиссия түзүлүп, алар 1916-жылдагы окуяга тарыхый эле эмес, саясий да баа берилиш керектигин билдирген. Бул комиссиянын төрагасы Азимбек Бекназаров Кыргызстан, Орусия жана кошуна мамлекеттердин президенттерине кайрылып, 100 жылдыкты бирге эскерүүнү сунуштады.

Азимбек Бекназаровдун президенттерге кайрылуусу бир топ көлөмдүү болуп, ал архивдик документтерге таянуу менен жазылган. Кайрылууда көрсөтүлгөндөй, ал кезде Орто Азия жана Казакстан Түркстан губерниясына бириктирилип, Фергана, Жети-Суу, Самарканд, Сыр-Дарыя жана Закаспий деп беш облустан турган.

Түркстан губерниясындагы калктын орус падышачылыгынын баскынчылык саясатына каршы күрөшү 1916-жылга чейин эле чыгып, бирок ал көбүнчө локалдык мүнөзгө ээ болуп турган.

Падышалыктын жергиликтүү калктын жер-суусун тартып алып, алардын ордуна Орусиядан келгендерди жайгаштыруу нааразылыкты күчөткөн. 1916-жылы Биринчи Дүйнөлүк согуш убагында Түркстан губерниясынан ооруктагы иштер үчүн аскерге чакыруу элдин чыдамын биротоло кетирип, жер-жерлерде көтөрүлүш чыга баштаган. Ал акырындап улуттук-боштондук мүнөзгө өткөн. Көтөрүлүшчүлөргө каршы падышачылык жазалоочу отряддарды жөнөтүп, кызыл кыргын күч алган.

Кыргызстандын түндүк регионунда кырдаал өзгөчө трагедиялык мүнөзгө ээ болуп, жазалоочу аскерлерден жөө-жалаңдап качууда ачкалыктан, ашууларда сууктан эл ченемсиз кырылган.

1916-жылда Кыргызстанда 750 миңдей адам болсо, анын 150 миңдейи Үркүндө кырылган дейт Азимбек Бекназаров. Айрым тарыхчылар бул санды өтө эле ашырылган деп эсептешет.

Бекназаров 150 миң кишинин кырылганын кантип тастыктары тууралуу суроого мындай жооп берди:

- Ошол тарыхый материалдарда ар кимдин болжолдуу эсептеп чыгаргандын төмөн жагын алдым. Негизги таянганым мындай: Кытайга 39 болуштуктун 180 миңге жакын эли кетти деп жатат. Анан Кытайдан кайтып келген 37 миң киши Нарын уездине жөнөтүп коёбуз деген документ бар экен. Ошол кеткендердин 46% кырылган деп бир окумуштуу санап чыгарыптыр. Андан сырткары 29 миң киши оору, ачарчылыктан Кытайда өлгөн деген маалымат бар экен.

Азимбек Бекназаров Үркүн трагедиясында өлгөндөрдүн саны андан да көп болушу мүмкүндүгүн белгиледи. Салыштырмалуу 1941-45-жылдагы согушта 54 миң кыргызстандык каза болгон.

Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетинин деканы Аскарбек Беделбаев Үркүн учурунда 100 миңдей адам өлгөнүн айтты:

- Ал кезде жалпы кыргыздын саны 1898-жылдагы эл каттоонун жыйынтыгы менен 700-800 миң деп эсептелген. Анан бул жактан качып кеткендердин саны 41% азайып кеткен. Мына ушул санды алып эле ушунча киши кырылып кеткен дейт. Абдан катуу эсептегенде 100 миңге жакын киши кырылып кеткен. Жазалоочу отряддардын колунан, сууктан, ачарчылыктан 100 миңге жакын киши чын эле кырылган. Кыргызстандын түндүгүндө ошол мезгилде болгону 300 миңге жакын адам болгон.

Жумабаевдин Үркүн сериясынан
Жумабаевдин Үркүн сериясынан

Аскарбек Беделбаев жалпысынан түндүк Кыргызстандын калкынын үчтөн бири кырылган деп эсептейт. Ал геноцид болгон дегенге кошулбайт. Анткени көтөрүлүшкө чыккандар гана кырылып, ал эми көтөрүлүшкө чыкпаган айылдар тынч эле калганын айтат.

1916-жылдагы окуя Түркстандагы улуттук-боштондук көтөрүлүшү деп тарыхта калгандыктан, аны Орто Азия мамлекеттери жана Орусия биргелешип белгилесе туура болмоктугун айтат Азимбек Бекназаров.

1916-жылдагы трагедияны кантип атоо Кыргызстанда да, Орусияда да өтө аяр мамилени талап кылып турат. Орусия аны геноцид катары баалоого кескин каршы жана андайга жол бербеш үчүн алдын-ала чараларды көрүп келатат. Кыргызстан бийлиги да бул маселеде кылдат болуп жатат.

Азимбек Бекназаров башында турган коомдук-саясий комиссия 1916-жылдагы окуяны геноцид деп атоону же атабоону 2015-жылы 11-августта боло турган курултай чечет дейт. Ошол эле учурда падышалык Орусиянын архивдик документтери кыргын болгонун көрсөтүп турганын Бекназаров белгиледи.

Азимбек Бекназаровдун айтымында, 1916-жылы кагылышууларда орус падышасынын 2325 тарапкери каза болгон. Алардын ичинен Прежевальск чиркөөсүндө каза болгон сегиз кишиге 2012-жылы орус ортодокс чиркөөсү кыргыз мусулмандардын колунан өлгөн шейит наамын ыйгарышкан. Ал эми Кыргызстан муфтияты Үркүндө каза болгон кыргыз мусулмандарды кандай атоо маселесин көтөрө элек.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG