Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:07

Кыргыз-орус кызматташтыгы кыр ашабы?


Кыргыз-орус желектери
Кыргыз-орус желектери

Кыргызcтан менен Орусиянын чөлкөмдөр ортосунда соода-экономикалык байланышты күчөтүүнүн негизги багыттары аныкталды.

Кыргыз-орус чөлкөмдөр аралык төртүнчү жыйындын жүрүшүндө айыл чарбасы, кайра иштетүү, логистика жана тоо-кен тармактары боюнча ишкерлер ортосундагы кызматташтыкты жолго салуу маселеси макулдашылды. Ошол эле кезде эки тараптуу соода-экономикалык байланыштардагы жасалма тоскоолдуктарды жоюу демилгеси көтөрүлдү.

Орусия чөлкөмдөр​ү Кыргызстанда...

Бишкекте Кыргыз-орус чөлкөмдөр аралык экономикалык форумуна Кыргызстан менен Орусиянын облус жетекчилери менен эки тараптан ишкерлер катышууда. Орусиянын Новосибирск, Краснодар, Оренбург жана Саратов облустары менен Кыргызстандын облустарынын ортосундагы өз ара кызматташуунун багыттары талкууга алынды.

Саратов облусунун губернатору Валерий Радаев Кыргызстандан мөмө-жемиш менен жашылча сатып алууга кызыкдар экенин айтты:

Саратов облусунун губернатору Кыргызстандан мөмө-жемиш менен жашылча сатып алууга кызыкдар экенин айтты.
Саратов облусунун губернатору Кыргызстандан мөмө-жемиш менен жашылча сатып алууга кызыкдар экенин айтты.

- Бул сөз жүзүндө эле калбай, иш жүзүндө жасала турган өз ара аракеттенүүнүн баштапкы кадамы. Анткени бизде дагы бул жактан өзгөчө мөмө-жемиш продукциясын сатып алуу кызыкчылыгы бар. Анан эми талкууда көтөрүлгөн тез бузулуучу азык-түлүктөрдү ылдам ташып жеткирүүнү камсыздоо жагы бул чечиле турган маселе. Бул маселеде логистиканы колго алуу жагын биз барарыбыз менен долбоорду ишкер чөйрө менен биргеликте иштеп чыгып, эки тараптуу пайдалуу кызматташууга барабыз.

Ишкер форумдун жүрүшүндө Орусиянын аймактары Кыргызстандан эт жана сүт азыктарын сатып алууну жолго салуу маселеси да талкууланды. Эки тараптын ишкерлери үчүн айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагында кызматташууга бир топ мүмкүнчүлүктөр бар экени белгиленди.

Ири долбоорлор качан ишке ашат?

2015-жылдын өткөн жети айында эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 27 пайызды түзгөн. Орусиядан түз инвестициянын жалпы өлчөмү 76 миллион АКШ долларына барабар экени белгиленди.

Орусиянын экономика министринин орун басары Александр Цыбульский ишке киришип жаткан Кыргызстандагы ири экономикалык долбоорлорго токтолду:

- Бул эми чындыгында учурда бардыгына белгилүү эле ири долбоорлор. Бул ошол эле “Роснефти” компаниясынын “Манас” аэропортун сатып алганы, “Газпромдун” Кыргызстандын газ таратуу системасын алуусу жана өлкөнүн гидроэнергетика тармагына салынып жаткан ири инвестициялар. Кыргыз-орус экономикалык фондунун ишке киришин эске алсак, аймактар аралык деңгээлде майда жана орто ишкердик боюнча долбоорлорду колдоо жанданат деген ойдомун.

Тоскоолдуктар жоюлабы?

Бирок буга чейин жарыяланган мына ошол долбоорлорду ишке ашыруу кечеңдеп келе жатканы белгиленди. Буга чейин эксперттик чөйрөдө Кыргызстандын экономикалык биримдикке мүчө болуп киргени көйгөйдөн башка эч нерсе бербегени тууралуу пикирлер жарыяланган болчу.

Айрыкча товарларды ташып өткөрүүгө карата жасалма тоскоолдуктарды жоюунун жолдоруна басым жасалды. Кыргызстандын экономика министри Олег Панкратов бул маселе тез арада чечүүнү талап кыларына токтолду:

Ош базары
Ош базары

- Башында товарларды Казакстандын чек арасынан алып өтүү учурунда бир топ көйгөйлөр болду. Анан эми биздин кийлигишүүбүз боюнча ал көйгөйлөр жөнгө салынды. Анан азыр ветеринардык көзөмөлдөн өтүүчү продукцияларды экспортко жөнөтүүдө маселе бар. Анткени биз ветеринардык лабораторияларды жаңылоо маселесинде өнөктөштөрүбүздөн артта калганбыз. Бирок Орусиядан келе турган 200 миллион доллар каржылык жардамдын кайсы бир бөлүгүн ветеринардык көзөмөлдү күчөтүүгө жумшайбыз. Мына ошондо бизде текшерүүчү жана сертификациялоочу лабораториялардын сапаты жогорку деңгээлде болот.

Ошол эле кезде товарларды Евразиялык экономикалык биримдиктин аймагына киргизүүдө сертификациялоо эрежелерин жөнөкөйлөтүү маселеси каралды. Мындан сырткары ташылып бараткан жүккө жасалма тоскоолдуктарды жок кылуу үчүн көзөмөлдү күчөтүү демилгеси көтөрүлдү.

Таластагы өкмөттүн ыйгарым өкүлү Байышбек Жуманазаров жагдайды жайгаруу жолу туурасында мындай дейт:

- Мурдатан эле карым-катнашты туруктуу кармап, бул жактан Орусияга, ал жактан Кыргызстанга товар ташыган ишкерлер бар. Анан эми чек ара ачылганы менен кандайдыр бир тоскоолдуктарды жасалма түрдө жараткан адамдык факторлор болуп калат экен. Мына ошондой нерселерди катуу көзөмөлгө алып, ортодогу кыйынчылык жарата турган маселелердин бардыгын тараптар кеңешип чечүүнү көздөйбүз. Бул маселе Орусиялык өкүлдөрдүн алдында дагы коюлду.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргызстан менен Орусия ортосундагы чөлкөмдөр аралык кызматташуунун багыттары аныкталды. Энергетика, транспорт, туризм, айыл чарбасы жана кайра иштетүү тармактары кызматташуудагы артыкчылыктуу багыттар деп табылды.

XS
SM
MD
LG