Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:24

Осмонова: Бөтөн жерде жылуу сөзгө муктажбыз


Жылдыз Осмонова
Жылдыз Осмонова

"Азыркы кыргызстандык" түрмөгүнүн бул жолку коногу – эки жылдан бери Москвада чыгып жаткан кыргыз тилдүү "Москва KG" гезитинин редактору Жылдыз Осмонова.

Жылдыз Орусияда ишканаларды жумушчулар менен камсыздоочу уюмда координатор болуп иштейт. Андан тышкары мекенден алыс жүргөн кыргызстандыктарга арналган гезитин чыгарып, ал аркылуу журтташтар арасында кайрымдуулукка данакер болуп келет.

Изденүүгө түрткөн 10 жылдык

"Мигранттар – жашоосун өзгөртүү үчүн баарын таштап, чет жакка аттанган чечкиндүү адамдар. Бирок алар миң чечкиндүү болсо да башында баары бир оор болот", - дейт Жылдыз Москвадагы алгачкы жылдарын эстеп.

Ошондон улам кечке жумуш менен алек болгон мекендештердин көңүлүн ачып, жагымдуу маанай тартуулоочу гезит чыгаруу жөнүндө ал көптөн бери ойлонуп жүргөн. Ойлогон ойду ишке ашырууга мектепти аяктагандардын 10 жылдык жолугушуусу түрткү берген экен.

- Бул жакта иштеп жүрүп, кийинки жылы мектепти бүткөнүбүздүн 10 жылдык кечесине барабыз дегенде ойлонуп калдым. Мектепте жакшы окучумун, староста болчумун. Анан өзүмө "ушунчадан бери Москвада эмне кылып жүрөм" деген суроону бере баштадым. Көңүлүмө жаккан иш кылууну эңседим, анан гезит чыгарууну чечтим. Ар бир адам өзүн издесе, табат экен. Ал өзү жөндөн жөн келип калбайт, ага да бир нерсе түрткү болот. Апам кичинемде күркөдө гезит сатчу, эс тартканда гезит-журналды мен да сатып калгам. Мунун баары биригип келип, мени ушул нерсеге жеткирди. Бул чөйрө мага башынан эле жакын экен.

Жылдыз башынан эле адамдын маанайын көтөргөн, окурмандарды шыктандырган гезит чыгарам деп кыялданып жүрчү. "Ар бирибиз бөтөн жерде жылуу сөзгө муктажбыз", - дейт маектешибиз:

- Москвага келгенде баарыбыз кыйналабыз, депрессияга туш болобуз, көбүнүн моюнунда насыя болот. Бирок ошол кыйынчылыктарды жеңе алсаң жакшы мезгил башталат. Бул башымдан өткөн. Жолдошум экөөбүз Кыргызстандан бул жакка иштегени келип, бир топ кыйынчылыктарга дуушар болгонбуз. Ошондон улам бирөөгө жакшы сөздөрдү айткым келет. "Мекендеш, кайгырба, баары жакшы болот" деп көңүлүн көтөрүүнү максат кылам.

Ак эмгектен уялбаш керек

"Москва KG" гезитиндеги өзгөчө орун кесип ээлерине берилет. Кыргызстанда алган жогорку билимин колдоно албай, Орусияда жаңы кесипти аркалап жүргөндөр арбын. "Кандай гана иш болбосун, ак эмгектен уялбаш керек", - дейт Жылдыз:

- Бул жерде маңдай терибиз менен акча таап жүрсөк, эч кандай кесип уят эмес. Иштеген жумуштарыбыздан тартынбоо керек. Бирөөдөн уурдап, алдап алганыбыз жок. Анан бир туура эмес болуп жатканы - Кыргызстанда баары экономист же юрист болууну каалашат. Ата-энелер да балдарынын керектүү кесипке ээ болушу керектигин ойлонушпайт. Ошол эле экономистке окуп келип, бул жерде ашпозчу болуп иштеп, кийин өз ишин ачкандар да бар. Мындайча айтканда, Москва алардын кандайдыр бир таланттарын ачып, өзүн тапканга түрткү болуп жатат. Албетте биринчи кезекте баары айлык акысына карашат. Бирок кандай иш болбосун көңүлүңө жагышы керек.

Журтташтар кайрымдуулугу

Гезиттин редакциясына кырсыкка кабылып, чет жакта оор абалга туш болгон кыргызстандыктар жардам сурап кайрылышат. «Мындай учурда интернеттеги социалдык тармактар аркылуу мекендештерге жарыя берип, колубуздан келген жардамды беребиз» дейт Жылдыз.

Өткөн жылы Орусияда каза тапкан бир нече мекендештин сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүүгө, тери жарасы менен ооруп, Москвага дарыланууга келген 8 жаштагы Бахтияр Тынчтыкбек уулуна акчалай жардам көрсөтүлгөн.

- Эч ким интернетке сүрөтүн чыгарып, жарыя болгусу келбейт. Чоң муктаждык болгондо гана кайрылышат. Иштеп жүрүп каза тапкандар, ооруга чалдыккандар болот. Мекендештердин биримдигин ушундай жамандык-жакшылыкта көрөсүң. Өзгөчө сөөктү Кыргызстанга узатуу үчүн керектелүүчү чыгымды жабууда акча тез чогулат. Жердигине да эч ким карабайт. Москвада соода түйүндөрүндө, тейлөө кызматында иштегендер 18-20 миңдей эле айлык алышат. Ага карабай 100 рублдан 20-30 киши чогултуп келишет. "Интернетте алдамчылар болот, силер да ошентип чыктыңарбы?" деп ишенбегендер болот. Мен актанбайм, аларга жооп бербейм. Кийин социалдык тармактарга отчетту чыгарганда өздөрү көрүп уялып калышат. Бул жерде башкы максат – жардам берүү, элдин акчасы элге берилип жатат.

Жылдыздын "келечекте кайрымдуулук уюмун ачсам" деген изги тилеги бар. Бул чоң максатты ишке ашыруу үчүн учурда Кыргызстанда онкологиялык илдетке чалдыккан бөбөктөргө жардам көрсөтүүгө далалат кылууда. "Бөбөктөргө айына 100 рубл берсек, канча өмүр сактап калар элек", - дейт Жылдыз сөз соңунда ойго батып.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG