Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:50

Үйдө калган бала - мигрант эненин санаасы


Эксперттердин байкоосунда зордук-зомбулукка кабылган өспүрүмдөрдүн көпчүлүгү чет жакка иштеп кеткен мигранттардын балдары.
Эксперттердин байкоосунда зордук-зомбулукка кабылган өспүрүмдөрдүн көпчүлүгү чет жакка иштеп кеткен мигранттардын балдары.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2014-жылы Кыргызстанда жашы жете элек өспүрүмдөргө карата жасалган 909 кылмыш иши катталган.

Бир жыл ичинде зордук-зомбулуктан 10 баланын өмүрү кыйылып, 13 баланын ден соолугуна оор залака келтирилсе, 66 жеткинчек кордолуп, 17си сексуалдык зомбулукка туш болгон.

Эксперттердин байкоосунда зордук-зомбулукка кабылган өспүрүмдөрдүн көпчүлүгү чет жакка иштеп кеткен мигранттардын балдары болууда. Кыргызстанда балдарын кароосуз калтырган ата-энелерге мыйзам чегинде чара көрүү тууралуу талкуулар жүрүп жатат.

“Интернеттеги жаңылыктардан кичинекей балдарды кордоо, зордуктоо жөнүндө укканда жүрөк зыркырайт. Бирок балам өз апамдын колунда болгондуктан, көңүлүм тынч” дейт Москвада иштеп жүргөн Эркеайым Маткабылова. Ал уулун апасына таштап, Орусияда иштеп жүргөнүнө беш жылдан ашты. Баласын эмчектеги кезинде таштагандыктан, учурда уулу таенесин "апа" деп калган.

- Уулумду кичинекейинен эле апама таштагам. Апам өз баласындай багып отурат. Мен телефон аркылуу сүйлөшүп турам. Эми кичинекей балдардын деле көйгөйү акча болуп калбадыбы. "Апа, акча жөнөт, мен тигини-муну алам, апама жоолук алып берем" дейт. Бир жылда бир барам, бирок барганда каалаган нерселерин алып берем.

Москвадагы эмгек мигранттары
Москвадагы эмгек мигранттары

​Москвада иштеген Ыкыбалбүбү Балтабаеванын оюнча, баланы башка бирөөгө ишенип таштаганга болбойт, ошондуктан ата-эненин бирөө балдардын жанында болуш керек. Анын күйөөсү балдардын жанында калган экен.

- Көөнүмдө өзүм бул жерде жүргөн менен ойлорум ар дайым балдарымда. Менин үч балам бар. Үчөө тең окуучу болгондуктан, мектептеги мугалимдери, класс жетекчилери менен телефон аркылуу байланышып турам. Балдарымдын жетишкендиги, тарбиясы жөнүндө сурайм. Анткени балдар жарым күндү мектепте өткөрүшөт. Жалаң эле үйдөгүлөрдөн сурасаң, алар сени алыста жүргөндө кыйналбасын деп, көп нерсени жашырып, айтпай коюшат. Мугалимдер болсо, баардыгын айтышат. Ошондуктан мектеп менен дагы тыгыз байланышта болуш керек.

Орусияда иштеген борбор азиялыктар
Орусияда иштеген борбор азиялыктар

​Москвада иштеген энелердин дагы бири - Бактыгул Калчаеванын балдарынын кичүүсү төрттө, улуусу төртүнчү класста. Балдарын төркүнүнө калтырган Бактыгүл Кыргызстанга эки жылда бир барат. Ал балдарын айылда жакшы карап жатышканына ишенгени менен өзүнөн алыста чоңоюп жатканына санаа чегип жүрөт.

- Менин апам «ата-энеси акча салып жатат, ата-энеси жанында эмес» деп, небересине боору ооруп, башка неберелерине салыштырмалуу көбүрөөк эркелетип коет. Ошого байланыштуубу, кандай жакшы карабасын, баары бир башкача тарбия болуп калат экен. Чынын айтсам, чоң балам жанымда көп жүрбөгөндүктөнбү, өзүмө анча жакын эмес. Кээде апам телефонду берип, «сүйлөш» десе таарынгандайбы же тартынабы, сүйлөшө албайт. Балдарымдын кароосунан коркпойм, ушу эрке болуп калышынан, сабагынан начар болушунан, бизге көнбөй, мээрим төкпөй калышынан корком. Жаныма алып келгенге да аракет кылбадым. Себеби бул жакта көп кабаттуу үйдө тыгылып, камалып, чоңдор менен аралаш өскөн балдардын аң-сезими такыр бөлөкчө болуп калат экен. Ошондуктан Москвада чоңоюшун каалабайм.

Москвадагы “Ала-Тоо” коомдук уюмунун төрайымы Жамиля Бегиева миграцияны үй-бүлө үчүн трагедия деп атады.

Жамиля Бегиева
Жамиля Бегиева

- Миграция, жалпысынан алып караганда, кыргыздардын үй-бүлөлөрү үчүн трагедия эле болуп жатат. Бир жагынан, кыймылсыз мүлктөрдү алып, материалдык жактан байып жатышат дейбиз, экинчи жагынан карасаң, элдин баары эле ага жеткен жок. Кара курсакты, айылдагы ата-эне менен балдарды араң багып жаткандар бар. Трагедиянын талуу жери – үй-бүлөлөрдүн бөлүнүп жашашы, үй-бүлөлөрдүн бузулушу. Бузулбаган үй-бүлөлөрдө деле балдарын таштап келсе, бул феномен “тирүүлөй жетимдерди”, же болбосо “социалдык жетимдерди” пайда кылууда. Бир кыргыз келин кызын кайын журтуна таштап келсе, анысы кайнак сууга күйүп, өлүп калган экен. Өзү күйүтүнө чыдабай, бул жердеги Москва дарыясына боюн таштап, каза болду. Бул бир эле мисал.

Бишкектеги Балдарды коргоо уюмунун социалдык кызматкери Кумар Эргешова ата-энелерди сыртка акча издеп кетүүдөн мурун балдардын келечеги жөнүндө ойлонууга чакырат.

- Үй-бүлөлүк абалын изилдеп көрсөк, зордук-зомбулукка туш болгондордун көпчүлүгү ата-энелери көр оокаттын айынан сыртка кеткен мигранттардын балдары болуп жатат. Негизи ата-эне сыртка кетүүнү чечип жатканда, бир беткей эле акча табууну эмес, балдардын өсүүсү, тарбиясы жөнүндө ойлонушу керек. Себеби баланын жан-дүйнөсү жабыркагандан кийин аны калыбына келтирүү өтө оор жана оң натыйжа алып келбейт. Өзгөчө бул сексуалдык зомбулукка кабылган учурларда. Азыр балдарын калтырып, чет жакка иштөөгө чыгып жаткан мигранттарды мыйзам чегинде каттоого алалы деген сунуштарды мен адис катары туура дейм. Анткени кээ бир ата-энелер балдарын таштап салып, сыртка чыгып кетүүнүн амалын издеп жатышат. Алименттен качкандар бар, турмуштун түйшүгүн жалгыз бой тартып, тажаган аялдар да бар.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG