Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:34

ЕАЭБ мигранттарга эмне берет?


Орусияга медициналык айымдар, ширетүүчү, куруучу, электриктер жана үй кызматчылары талап кылынат.
Орусияга медициналык айымдар, ширетүүчү, куруучу, электриктер жана үй кызматчылары талап кылынат.

9-майда Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине расмий түрдө мүчө болот. Миңдеген мигранттар бул күндү үмүт менен күтүп турган чагы. ЕАЭБ мигранттарга кандай жеңилдиктерди берет?

Москвадагы кыргызстандык эмгек мигранттарынын Аймактар аралык коомдук кыймылынын жетекчиси жана юрист Алишер Маданбеков Кыргызстан мүчө болчу Евразия экономикалык биримдиги мигранттарды "кара тизмеден" куткарбастыгын белгиледи.

- Интеграциялык биримдикке кирүүбүз менен "кара тизмедеги" 77 миң жана Орусияда миграциялык мыйзамдарды бузуп жүрөт делген 192 миң кыргызстандык жаран автоматтык түрдө бул тизмеден чыгарылбайт. Биздин мигранттарга Евразиялык биримдикте бир топ жеңилдиктер берилет. Бирок алар интеграцияга кирүүнүн жана Орусиядагы эмгек миграциясына тиешелүү мыйзам актыларын билип, талаптарды так аткарышы керек. Эгер андай болбой турган болсо, интеграциялык биримдикке кирген учурда деле "кара тизме" узара берет. Евразия экономикалык союзу келишимдердин так аткарылышын биримдиктин ар бир мүчөсүнөн талап кылат. Мындай учурда "кара тизме" маселеси союздун жогорку кеңешмесинде гана протоколдук негизде киргизилип, ЕАЭСтин бардык мүчө өлкөлөрү макул болгондо гана мунапыс жарыяланышы мүмкүн.

Кыргызстандык мигранттарга профсоюз керек

Алишер Маданбеков эмгек мигранттарынын укуктарын коргоого профсоюз жардам бере алат деп ишенет. Анын белгилешинче, Биримдикке кирген күндөн баштап эмгек мигранттары профсоюздук бирикмелерди түзүүгө акысы бар.

- Профсоюздук уюм мигранттын бардык маселесине түздөн-түз киришип, аны коргоого ала турган уюм. Анын мындай укуктары Орусиянын Баш мыйзамында так жоболор менен бекитилген.

Москвадагы мигранттар
Москвадагы мигранттар

Бүгүнкү күндө жабыр тарткан мигранттар өз убагында укук коргоо, сот органдарына кайрылганды билбейт. Буга маалыматтын жетишсиздиги, мигранттардын сабатсыздыгы жана мыйзамдарды билбестиги себеп болуп жатат. Профсоюз уюму Орусиянын өкмөтү, жумушчулар ассоциациясы менен келишим түзө алган өтө чоң орган. Бул эмгек мигранттарынын кызыкчылыктарын коргой турган эң керектүү бирикме.

Алишер Маданбековдун баса белгилешинче, интеграциялык келишимдерде эмгек мигранттарына толук медициналык кызмат көрсөтүү маселеси каралган эмес. Бул маселе өкмөт аралык деңгээлде чечилиши керек.

Кыргызстандык мигранттар орус тилинде жакшы сүйлөп, мыйзамдарды билип, орус элинин менталитетин түшүнүп, эң башкысы бир кесиптин ээси болушу керек.

- ЕАЭСтин уставынын 26-беренесинде эмгек миграциясы тууралуу так жазылган. Бирок ал жерде мигранттарга Орусиянын аймагында медициналык камсыздоо багытында биринчи жардам көрсөтүүдөн башка эч кандай жагдай каралган эмес. Мамлекеттер аралык милдеттүү түрдө медициналык камсыздоо институтун түзүү керек. Бул мигранттарга медициналык толук жардам алууга мүмкүнчүлүк берет. Негизги маселе - ыктыярдуу алынып жаткан медициналык камсыздоо акысы мигранттарга кайсы көлөмдө, кандай жардам берүүгө жетип-жетпегенинде. Анткени медициналык камсыздоо акча төлөнүүчү документ. Төлөнгөн акчага жараша медициналык тейлөө көрсөтүлөт.

Бул маселени чечүү үчүн Орусия менен өкмөттөр аралык Саламаттык сактоо министрликтеринин, камсыздандыруучу ишканалардын ортосунда келишим түзүлүп, мигранттарга ыңгайлуу шарттар каралышы керек, - дейт Алишер Маданбеков .

Орто кесиптик адистерди даярдоо - башкы талап

Биримдикке киргенден кийин кеңейген эмгек рыногунда кыргызстандык мигранттардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн көтөрүү үчүн мамлекет кесиптик-техникалык адистерди даярдашы зарыл экенин кошумчалады Алишер Маданбеков:

- Орусиянын эмгек базарында кайсы кесиптер керектүүлүгүн жана кандай маяна төлөнөрүн изилдөө керек. Ага жараша биздин жарандардын бул интеграциялык рынокто эмгек күчү катары атаандаштыкка туруштук берүү үчүн бизде атайын билим болуш керек. Мурдагы атайын орто кесиптик-техникалык окуу жайларын өнүктүрүү зарыл.

Москвадагы мигрант
Москвадагы мигрант

Орусияга медициналык айымдар, ширетүүчү, куруучу, электриктер жана жеке сектордо үй кызматчылары талап кылынат. Андан тышкары кыргызстандык мигранттар орус тилинде жакшы сүйлөп, мыйзамдарды билип, орус элинин менталитетин түшүнүп, эң башкысы бир кесиптин ээси болушу керек. Ушул төрт нерсе болсо, биздин жаран бул эмгек базарына келип ээн-эркин, каалаган кызматында иштөөгө мүмкүнчүлүк бар.

Евразия экономикалык биримдиги мигранттарга Орусияда эмгек келишиминин негизинде патентсиз иштөөгө, 30 күнгө чейин каттоосуз жүрүүгө, балдарды бала бакча-мектептерге тоскоолдуксуз киргизүүгө мүмкүнчүлүк берет.

"Биримдиктин бардык мүчө өлкөлөрүнүн укуктары бирдей сакталууга тийиш" деди Алишер Маданбеков.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG