Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:16

Екатеринбургда эки кыргызстандык бычакталды


Орусиянын Екатеринбург шаарында дагы эки кыргыз жараны бычакталып, оор жараат менен ооруканага түштү.

Жергиликтүү полиция кол салууга катышы бар беш кыргызстандык жаранды окуя болгон жерден изин суутпай кармаган. Кылмышка шектүүлөрдүн өздүгүн аныктоо учурунда алар Ош шаарынын өзбек тектүү тургундары экендиги белгилүү болгон.

Бирок кылмышка шектүү деп кармалгандар бир жумадан кийин белгисиз себептер менен бошотулган. Екатеринбургдагы Кыргызстандын консулдугу бул окуя териштирилип жатканын кабарлады.

Таңкы кол салуу

Биз жыйнаган маалыматтарды тизмектештирсек, 15-апрель күнү таңкы саат төрттөр чамасында Екатеринбург шаарынын Уралмаш районундагы Донбасс көчөсүндө үч кыргызстандык жаранга белгисиз адамдар кол салган.

Жайлоокан уулу Эркинбек жана Нурмат Арстанбеков бычакталган учурда алардын үчүнчү шериги качып үлгүрүп, полицияга кабар берүүгө жетишкен.
Бычак жеген экөө оор жараат алып, бирок аман калган.

Екатеринбургдагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Канатбек Жорубаев окуянын чоо-жайы тууралуу буларга токтолду:

- Эки жигит, бир кыз бирөөнүн туулган күнүндө болуп, анан таңкы саат төрттө аялдамага чыгышкан экен. Такси күтүп турушса “Некси” үлгүсүндөгү машинадан бирөөлөр түшүп эле, эки кыргыз балага бычак көтөрүшкөн. Ал жерден качкан кыз жакын жердеги жол коопсуздугу кызматына окуя тууралуу кабарлаганга үлгүргөн. Полиция келип, окуя болгон жерден качып жөнөгөн машинаны токтотуп, кол салган беш баланы кармаган.

Кыргыз жарандарына кол салуу болгонун Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы консулдугу тастыктады. Кылмышка шектелип кармалгандардын тек жайын териштиргенде төртөө Кыргызстандын өзбек тектүү жарандары экендиги аныкталган.

Бирок тергөө аягына чыкмайынча кылмыштын себептери тууралуу бир беткей баа берүүгө болбойт деп эскертти консулдуктун атташеси Азат Береналиев:

- Кол салган беш жарандын бирөө Орусиянын жараны экен. Бирок бардыгы тең Кыргызстандан келишиптир. Кол салгандар кармалып, тергөө жүрүп жаткан болчу. Кылмыштын мотиви боюнча бир жактуу баа берүүгө азырынча эрте. Мына ушул кол салууга шектүүлөрдүн улуту өзбек болду. Бирок буга чейинки кол салууларга да ошолордун тиешеси бар деп айтуу кыйын. Анткени тергөө аны тастыктай элек.

Кылмышка шектүүлөр коё берилген

Ошол эле кезде бул окуяга тиешеси бар деп кармалган беш адамды 23-апрель күнү Екатеринбург шаарынын ички иштер башкармалыгы бошотуп жибергендиги тууралуу маалымат тарады.

Азат Береналиев Кыргызстандын Екатеринбургдагы консулдугу алардын кандай себептер менен коё берилгени териштирилип жатканын белгиледи:

- Бизге мына ошол кылмышка шектүүлөр бошотулду деген маалымат түштү. Биз бул боюнча Свердлов облустук ички иштер башкармалыгына кылмышка шектүүлөрдү коё берүүгө негиз берген жагдайларды түшүндүрүп берүү өтүнүчү менен атайын кайрылуу жөнөттүк.

Буга чейин март айынын аягында жана апрель айынын башында ушул эле Екатеринбургда эки кыргыз жараны бычакталып, экөө тең көз жумган болчу. Бирок аларга кол салгандар белгисиз бойдон калып, иликтөө иштери жыйынтык бербей жаткан.

Канатбек Жорубаев Екатеринбургда буга чейинки кыргыз жарандарына кол салуулардын артында улутчул топтор турат деген кептер тастыкталып жатканына токтолду:

- Буга чейин ар кандай сөздөр болгону менен мына ошол кол салуулардын артында кимдер тургандыгы боюнча тастыкталган фактылар жок болуп жаткан эле. Мына ушул окуя улуттар аралык жек көрүүгө негизделген кылмыштуу топтордун бар экендигин көрсөттү. Мындан аркы иликтөө иштери ошол балдардын артында ким тургандыгын ачып берет деген ишенимдебиз.

Екатеринбургдагы кыргыз диаспорасынын лидерлери буга чейин улуттар
аралык кастыктан улам келип чыккан окуялар катталбаганын мисал келтиришет. Ошону менен катар Орусия шаарларында Ош коогалаңын пайдалануу аркылуу диаспоралар ортосундагы мамилеге от жагууга кызыкдар күчтөр бар деген күмөндүү ойлор айтыла баштады. Жыл башынан бери Свердлов облусунун аймагында алты кыргыз мигрантка кол салуу катталган. Алардын бардыгы бычактан алган жарааттан көз жумган.

XS
SM
MD
LG