Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:26

Москвадан 8 кыргыз мигрант чыгарылды


2011-жылдын аягында Орусияда тажик мигранттарын кармап, массалык түрдө депортациялоо орун алган.
2011-жылдын аягында Орусияда тажик мигранттарын кармап, массалык түрдө депортациялоо орун алган.

26-мартта “Азаттыкка” Москвадан Бишкекке каттаган учактын жүргүнчүсү чалып, ал учакта Москвадан депортацияланган он чакты мигрант келгенин кабарлады.

“Азаттык” Орусиядагы кыргыз мигранттарына карата текшерүү күчөп, бул күндөрү өлкөдөн чыгарылган мигранттардын саны өстү деген маалыматты текшерип чыкты.

"Мен атымды атабай эле койсом, бирок кечээ (26-мартта) Москвадан Бишкекке учуп келдим. “Домодедово” аэропортуна колу кишенделген 8 адамды алып келишти, алар кыргыздар экен. Учурда Москвада полиция кыргыз мигранттарды токтотуп, документтерин алып, айрымдарыкын жыртып атышыптыр. Ушуга байланыштуу Кыргызстанга мигранттарды жиберүү күчөгөн.

Менин жанымда отурган киши 12 жылдан бери үй-бүлөсү менен Москвада жашайт экен, ал жакта жумушу бар, расмий жүргөнүнө карабастан кармашыптыр. Ал кишинин паспортун жыртып, Бишкекке жөнөтүшүптүр. Анын үй-бүлөсү, балдары Москвада калып, өтө жаман абалда болчу. Мен психотерапевтмин, ал адам ооруп калат го деп ойлойм, жаман абалда болчу. Ал түшкөн Дмитров шоссесиндеги мигранттарды кармоочу жайда дагы 50 кыргызстандык бар экен. Мигранттарды өңүнө карап токтотушуп, кыргыз паспортун көргөн соң, кармап атышыптыр", - дейт Москвадан Бишкекке учуп келген айым.

Ошол 8 мигрант депортациянын себебин так билишпейт, болгону мындай текшерүү эки-үч күн мурун байкала баштаган.

- Жанымда отурган кишинин айтымында, кыргыз мигранттарын көчөдөн кармоо 23-марттан кийин башталган, саясатчылар бир сөз айтышса керек да.

Биз мигранттар айтып жаткан Москванын Дмитров шоссесинде жайгашкан Орусияда мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк жарандар кармалчу жайга чалдык. “Приемниктин” кызматкери кыргызстандыктар акыркы күндөрү көбөйбөгөнүн, азыр ал жерде 100 кыргыз бар экенин кабарлады.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева азырынча кыргыз мигранттарды кармоо күчөдү деген кабар такталбай жатканын билдирип, депортация ар дайым болуп тураарын кошумчалады.

2011-жылдын аягында Тажикстан менен Орусия ортосунда “учкучтар маселеси” чыгып, Орусияда тажик мигранттарын кармап, массалык түрдө депортациялоо орун алган.

Буга чейин “Азаттыктын” сайтына президент Алмазбек Атамбаевдин Орусиядагы жасаган билдирүүлөрү боюнча макалага өзүн Мырзабек деп тааныштырган окурман мындай пикирин жазган эле:

"Атамбаевдин батылдыгы боюнча көз карашымды билдирсем. Биздин президенттерибиз кыргыз элибизди шорлоткондон башкага жарашпайт. Биринчи жолу келип Атамбаев оппозициялык гезиттерге маек куруп кетпедиби. Ошондон кийин Москва шаарындагы кыргыздарга кыйын боло баштады. Мурда полиция кыргыз жарандарына анчалык тийчү эмес. Азыркы учурда депортациялана турган кыргыздардын саны өстү. Мигранттар эптеп иштеп, Кыргызстанга акча жөнөтүп жатышпайбы. Мейли, Атамбаев өз көз карашын билдирсин, бирок дипломатиялык түрдө айтсын".

Азырынча Москвадагы мигранттардан полициянын массалык кармоолору тууралуу маалыматтар түшө элек, бирок атын атагысы келбеген элчиликтин кызматкери эмнегедир акыркы убакта орус бийликтеринин кыргыз мигранттарына болгон мамилеси сууй баштаганын айтты.

“Азаттык” бул суроону социалдык тармактарда талкуулап жатат, ал жактагы айрым интернет колдонуучулар Москвадагы мигранттардын абалына Атамбаевдин Орусиядагы жасаган билдирүүлөрү таасир этти деген ойлорун айтышууда.

27-мартта Орусиядан Бишкекке гидроэнергетикалык ири долбоорлорду талкуулоо үчүн өкмөттүк делегация келди. Орусия болочок ГЭСтерден 75% алгысы келгени да кабарланууда.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG