Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:09

Кылмыш эрендери Екатеринбургду тейлөөдө


Жоголгон Мухаммед
Жоголгон Мухаммед

Үстүбүздөгү жылдын 22-апрелинде Орусиянын Екатеринбург шаарында 20 жаштагы кыргызстандык Мухаммед Нурмамат уулу уурдалып кетип, ошол бойдон дайыны жок.

Анын туугандары жана жакындары Мухаммедди кыргызстандык балдар уурдашканын айтышып, акыркы жыл ичи Екатеринбургда Кыргызстандан барган кылмыштуу топтордун аракеттери күчөгөнүн билдиришти.

Мухаммед Екатеринбургдагы орто мектепти 2 жыл мурун аяктап, ал жакта эл достугун бекемдеген музей ачкан. Шаарда ар дайым Кыргызстандын улуттук каада-салтын, маданиятын көрсөткөн иш-чараларды уюштурчу. Ал машине жууган жайда администратор болуп иштеп жаткан.

Мухаммеддин дайынсыз жоголгонуна жакында үч ай толот. Анын апасы Жамиля Айткулова Екатеринбургдагы кыргыз диаспорасына капа, себеби Мухаммедди кыргыз балдар машинеге салып кетишкенин анын жанындагы достору көргөн.

- Кыргыздар уят эле болдук. Ынтымагыбыз жок, бардык жерде көрө албастык. Жарк этип өсүп келе жаткан баламды уурдап кетишти. Өзүбүздүн эле арабыздан. Куба деген баланы айтып жатышат, аны менен деле тааныш элем. Консулдук, диаспора башчылары иштеп жатышкандыр, бирок таба албай койдук.

Ошол күнү жоголгон Мухаммед менен жүргөн Урмат окуяны мындайча сүрөттөйт:

- Ошол күнү түшүнбөстүк чыгып кетип, башка кыргыз балдар менен мушташканбыз. Мухаммедди жардамга чакыргам. Биз тараганбыз, бирок аны машинеге салып, алып кетип калышыптыр. Акыркы жолу аны Ашим, Эрмек, Илич менен көргөм, Максат досубуз да бар болчу, аны уурдашкан эмес, сабап салышкан.

Орусиянын кыргыздар жыш жайгашкан шаарларынын бири Екатеринбургда кыргыздардын арасындагы уюшкан кылмыштуулук 2000-жылдарга чейин абдан күчөп турган, андан кийин басаңдап, бирок 2 жылдан бери Кыргызстандан барган кылмыштуу топтордун аракеттери күчөгөнүн диаспора өкүлдөрү жана консулдуктун кызматкерлери айтып беришти.

Мухаммедди уурдаган балдар Куба деген балага баш ийгендер экени белгилүү болгон, бирок Мухаммед уурдалган соң баары качып кетишкен.

Башка улут менен жакын мамиледе болдуң деп видеодо кордолгон Сапаргүлдүн окуясы да дал ушул Екатеринбургда 2011-жылдын февраль айында болгон.
Учурда Сапаргүлдүн иши боюнча кылмыш иши козголуп, ал балдар да Кубанын балдары экени белгилүү болуп, айрымдары кармалып, кээ бирлери Кыргызстанга качканы айтылууда.

Зордуктадыңбы? Үйлөн!

Ал эми Куба деген ат менен белгилүү жигит Екатеринбургдагы мигранттардан акча өндүрүп, бул шаардагы башка криминалдык топтор менен мушташып жүрчү.
Аны болсо өз кезегинде Москвадан келгендер дайындап кетишкен.



Ошол эле учурда азыр Орусияда “Кыргыз ынтымагы” деген уюм пайда болуп, анын мүчөсү Анарбай Мырзакаримов “Азаттык” менен байланышып, кыздарды "патриоттор" деген атка жамынып алып кордогон эркектерди өз күчү менен таап жатышканын, Орусиянын 15 шаарын кыдырып келишкенин айтып берди.

Кызыгы “Кыргыз ынтымагы” уюму бул иштерди эч качан тартип коргоо органдарына жеткирбейт. Атүгүл кыздарды зордуктап кеткендерди ал кыздарга кайрадан үйлөндүрүшөт. Азырынча “Кыргыз ынтымагын” ким түптөгөн, алар ким тарабынан каржыланары да белгисиз.

- Эми милицияга берип, аларды каматып жибергенден не пайда? Өзүбүз кетирген кемчиликтерди “кыргызча” эле чечишсек болот да.

Кылмышкерлер менен күрөшүү эки башка өлкөнүн тартип коргоо органдарынын биргелешип иштей албагына да байланыштуу кыйындап барат.

Серепчилер уюшкан кылмыш топтор Орусиядагы эмгек мигранттарынын арасында таасирин арттыруу аракетин көрүп жатканын белгилешет. Ошол эле кезде талдоочулар мындай көрүнүштөрдүн себебин мамлекет өз жарандарын коргоону так аткара албай жатканынан көрүшөт.

2012-жылдын 4-июлунда Кыргызстандын акыйкатчысы Орусияда 1224 адам камакта отурарын кабарлаган.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG