Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:05

Чет жерде мыйзам бузган мигранттар


Орусияда абакка түшкөн мигрант
Орусияда абакка түшкөн мигрант

Акыркы кездерде Орусияда адам өлтүрүү жана зордуктоо беренелери боюнча соттолгон кыргызстандыктар көбөйүп жатканын адистер белгилеп жатышат.

Москвада бир аялды зордуктоого шектелип беш кыргызстандык кармалды. Мунун алдында Москва облусундагы Ивантеевка шаарында өз мекендешин бычактап өлтүргөн аксылык жигит камакка алынган.

Орусиянын маалымат каражаттары Москва шаардык Ички иштер башкармалыгына таянып жазганына караганда, Кыргызстандын беш жараны Сергий Радонежский көчөсүнөн 49 жаштагы аялды кармап, күч менен үйдүн жертөлөсүнө алып киришкен да, арматура менен коркутуп, зордукташкан. Бул иш боюнча Орусия мыйзамдарына ылайык, кылмыш иши козголуп, шектүүлөр кармалган. Бул маалыматты Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлү Аскат Алиев да “Азаттыкка” ырастады.

- Окуя жекшембиден дүйшөмбүгө караган түнү биздин жарандар жертөлөдө селсаяк эркек жана аял менен таанышыптыр. Алар чогуу спирт ичимдигин ичишет. Анан эркегин сабап, аялды зордуктап кетишиптир. Бешөө тең биздин жаран, жаш эле балдар. Токтогул районунан болушат экен.

Мунун баары кризистин кесепети деп ойлойм. Москвада эркек балдарга такыр жумуш жок, баары эле иш издеп жүрөт. Көчөдөн, метронун жанында же кафеге кирсең сыра ичип отурган кыргызстандык балдарды көрөсүң.
Жылдыз Осмонова

Мунун алдында Ички иштер министрлиги Москвада өз мекендешин өлтүрүүгө шектелип, Жумабек аттуу кыргызстандык кармалганын кабарлаган болчу. Маалыматка караганда, шектүү жаран 16-февралда Ивантеевка шаарында спирт ичимдигин ичип отуруп өзү менен чогуу жашаган 21 жаштагы Мунарбек Момунбек уулун бычактап салган. Учурда анын айыбы угузулуп, камакка алынды. Аскат Алиевдин айтымында, алардын туруктуу иши болгон эмес.

Москвадагы активисттердин белгилешинче, соңку кезде ар кандай кылмыштарга аралашкан, өз жердештерин, тааныштарын тоногон кыргызстандык ээнбаш мигранттар көбөйдү. Алардын басымдуу бөлүгүн 20-30 жашка чейинкилер түзөт. Буга Орусияга Кыргызстандан барган мигранттардын көбөйгөнү, жумушсуздук, руханий кризис себеп дешет.

Москвада кайрымдуулук иштерин уюштуруп жүргөн активист Жылдыз Осмонова мындай учурлардын айрымдарына токтолду.

- Кыргыздар катышкан кылмыштардын көбөйгөнү байкалып жатат. Бир гана Москвада эмес, Орусиянын башка шаарларында да кыргызстандык балдардын жаман иштерге аралашканы тууралуу көп кабарлар бар. Мунун баары кризистин кесепети деп ойлойм. Москвада эркек балдарга такыр жумуш жок, баары эле иш издеп жүрөт. Көчөдөн, метронун жанында же кафеге кирсең сыра ичип отурган кыргызстандык балдарды көрөсүң. Жакында дагы бир видео тарады, эки бала официант болуп иштеген жердеш кызды подъездин алдында аңдып туруп сумкасын жула качыптыр. Биздин эле кыргыздар арасында бири-бирин ушундай абалда калтырышууда.

Буга чейин Орусияда кыргызстандык мекендештерин тоноп-сабаган жана тапкан каражатын тартып алган кылмыштуу топтор көбөйүп жатканын ишкерлер өздөрү айтып чыгышкан эле. Учурда мындай өкүмзордук көп катталбаганы менен көчөдө, эс алуу жайларында бири-бирин аңдып тоногон, кыздарын коркутуп видеого тарткан учурлары жалпы кыргызстандык мигранттардын наамын булгап, бетине көө жабууда дешет.

Жакында эле өзүн “патриотпуз” деген кыргызстандык балдардын кыздарды кодулаган дагы бир видеосу коомчулукта тараган. Алар мекендештерин башка улуттар менен мамиле түзөсүң деп айыпташкан. Аскат Алиевдин айтымында, видеого тартылган кыздар табылып, арыздары алынды. Учурда ага тиешелүү балдар изделүүдө.

Негизи бүгүнкү күндө миграция башка этапка өттү. Мурда мигранттардын укугун коргойбуз, жумушка орноштуруу, ден соолугуна кам көрүш керек деген маселелерди көтөрүп келсек, азыр алардын кылмыштуулугу көйгөйгө айланды.
Топчугүл Шайдуллаева

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги тараткан маалыматка караганда, орус түрмөлөрүндө жаткан кыргыз жарандарынын саны 1,5 миңден ашуун. Алардын ичинен Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата жарыяланган мунапыс алкагында 90го жакын кыргызстандык бошонгон.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, соңку жылдары Орусияда зордуктоо жана адам өлтүрүү беренелери боюнча соттолгон кыргызстандыктардын саны өскөн экен.

Социолог Топчугүл Шайдуллаева мурда мигранттардын укугу тууралуу кеп болсо, азыр миграциянын башка кыры - кылмыштуулук маселеси күн тартибине чыгууда деп эсептейт.

- Негизи бүгүнкү күндө миграция башка этапка өттү. Мурда мигранттардын укугун коргойбуз, жумушка орноштуруу, ден соолугуна кам көрүш керек деген маселелерди көтөрүп келсек, азыр алардын кылмыштуулугу көйгөйгө айланды. Тилекке каршы кылмыштуу топтор пайда болду. Кыргызстандан баргандар ошол өлкөсүнүн мыйзамдарын билишпейт. Ошентип алар көзөмөлдөн сыртта калууда. Ошондуктан бүгүн бийлик мындай маселе бар экенин моюнга алып, чара көрүш керек. Муну жөн калтырууга болбойт.

Чет жерде камалгандардын дагы бир бөлүгүн маңзат ташып шугулдангандар жана чек араны мыйзамсыз басып өткөндөр түзөт. Салыштырмалуу Орусияда маңзат аткезчилигинен улам абакка түшкөндөр сейрек болгону менен Кытай, Индонезия, Бириккен Араб Эмирлиги, Казакстанда соттолгондордун басымдуу бөлүгү дал ушундай кинеге кабылгандар. Жакында эле маңзат менен кармалган кыргызстандык келин Кытайда өлүм жазасына тартылып, сөөгү мекенине алып келинди.

XS
SM
MD
LG