Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:38

Москва: "Зиректе" тил үйрөнүшөт


Сүрөт "Азаттыктын" архивинен алынды
Сүрөт "Азаттыктын" архивинен алынды

Москвада кыргызстандык мигранттардын балдарына орус жана кыргыз тилин үйрөткөн “Зирек” аттуу клуб бар. Анда отуз чакты балага үч мугалим сабак өтөт.

Тил улуттун уңгусу

“Зирек” клубунун балдары күн ысыганга байланыштуу сабакты бактын ичинде окушууда. Бул күнкү сабактын темасы “Кинотеатр” деп аталып, анда балдар киного барган учурда бири-бири менен кыргыз тилинде кантип сүйлөшүүнү үйрөнүп жатышты.

Кыргызстандык мигранттардын балдарына кыргыз, орус тилин үйрөтүп, аларды чөйрө менен аралашууга көндүрүү максатында түзүлгөн “Зирек” аттуу клуб ар жекшемби сайын иштейт. Клубдун негиздөөчүсү Элнура Акматалиева балдар менен эки багытта иш алып барып, эки тилди үйрөтүү зарылчылыгы күндүн талабы болуп жатканын айтат:

- Биринчи топ – Москвага жаңыдан келген балдардын чөйрөгө көнүүсүнө шарт түзүп берүү максатында түзүлгөн. Аларга орус тили менен кошо башка балдар менен кантип тил табышуу керектигин окутабыз. Ал эми экинчи тайпа – көптөн бери Москвада жашап же ушул жакта төрөлүп-өсүп калган балдар, негизинен кыргыз тилин үйрөнүшөт. Биз аларга эне тили менен кошо кыргыздар көчө шыпырган гастарбайтер гана эмес, Чыңгыз Айтматов, Курманжан Датка сыяктуу улуу инсандар чыккан, салты, маданияты, тарыхы бар эл экенин да окутууга аракеттенебиз.

Клубдун ачылып, ишке киргенине үч эле ай болду. Азырынча анда үч мугалим: Элнура Акматалиева, Мира Камбаралиева жана Амантур Досмуратов иштейт, сабактар балдарга акысыз өтөт. Клубду сырттан каржылаган эч ким жок, бардык чыгымдарды мугалимдер өздөрү көтөрөт:

"Бул клубду ачуу максаты менде көптөн бери эле бар болчу. Быйыл ошону ишке ашырууга көмөктөшүүсүн өтүнүп, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Жунусовго кайрылгам. Ал дароо эле макулдугун берип, “кааласаңар элчиликтен бөлмө беребиз, кааласаңар башка жактан алып берели” деген. Биринчи катчы Алмаз Асанбаевдин көмөгү менен Бүткүл Орусиялык көргөзмө борборундагы “Кыргызстан” соода үйүнүн бир бөлмөсүндө бекер туруп, иштеп жатабыз. Мира эже экөөбүз адистигибиз боюнча орус жана англис тилинен мугалимбиз, ал эми Амантур IT адиси. Биздин сайтыбыз да бар, ал ошол сайтты иштетет. Өзүбүздү өзүбүз каржылайбыз, бардык чыгымдар үчөөбүздүн моюнубузда", - дейт Элнура Акматалиева.

Кристина-Айсулуу Бишкекте жашагысы келет

Балдардын арасында москвалык орус кыз Кристина да кыргыз тилин үйрөнүп жатыптыр. 10-класстын окуучусу өзүнө Айсулуу деп ат коюп алган. Кыргызстан тууралуу китептен окуп калып, ошондон кийин кыргыз тилин жана комузда кол ойнотууну үйрөнүп жатканын айтып берди:

- Кыргызстанды китеп аркылуу эле жакшы көрүп калып, кыргыз тилин, комуз черткенди үйрөнүп жатам. Бул клубга чейин орусча-кыргызча сөздүк, сүйлөшмө аркылуу тил үйрөнчүмүн. Бул жерге келгениме үч ай болду. Азырынча Кыргызстанга бара элекмин, бирок он сегизге толсом Бишкекке барам го. Ал жакта окуп, жашайм деп ойлойм.

"Зирекке" келгендер арбын

Мугалимдердин бири Мира Камбаралиева орусча билбеген балдарга орус тилин, кыргызча сүйлөй албаган балдарга кыргыз тилин окутат. Миранын айтымында эки класстын балдарын бириктирип, сүйлөштүрүү аркылуу да тил үйрөтүү ыкмасы колдонулат:

- Ата-энелердин суранычы менен мектепке чейинки балдарга орус тилин үйрөтөбүз. Ошондой эле мектеп жашындагы, орус тилин жакшы билбеген балдарга да үйрөтөбүз. Орус тилин үйрөнүп жаткан балдар менен кыргыз тилин үйрөнүп жаткан балдарды чогуу музейлерге, парктарга алып барып, өз ара сүйлөшүүсүнө шарт түзөлү деген максат бар.

Ар жекшемби сайын болуучу сабакка балдарды ата-энелери алып келишет. “Ноокат” коомунун жетекчиси Толкунбай Акматов “Зирек” клубу тууралуу бири-биринен угуп, балдарына эки тилди тең үйрөтүүнү каалаган жарандар көбөйүп жатканын билдирди:

- Биздин балдар бул жерде төрөлүп, бакчага барып кыргыз тилин билбей, билсе да начар билип калышты да. Ошол эле учурда айылдардан жаңы келген балдар орусча билбей, бакчага, мектепке барганда аралаша албай кыйналышат. Ошондуктан, мындай мектептин болгону ата-энелер үчүн да жакшы.

Москвада ар кайсы өлкөлөрдөн келген мигранттардын балдарына орус тилин үйрөтүп, аларды чөйрөгө аралашууга көндүрүүнү максат кылган кечки мектептер арбын. Алар негизинен эл аралык уюмдардын каржылоосу менен иштешет.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG