Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:01

Жунусов: Мигранттар укуктук жардам алат


Учурда мигранттарга укуктук жактан жардам берүү жолдору каралууда. Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Жунусов "Азаттыкка" маек курду.

“Азаттык”: Учурда мигранттарга укуктук жактан жардам көрсөтүү, темир жол аркылуу каттагандарга юрист кошуп берүү ыкмалары каралып жатат. Бул качан ишке ашат?

Болот Жунусов: Эл аралык миграция уюму Борбор Азиянын башка өлкөлөрү менен иштешип жатат. Чек арадан баштап бир юрист менен дагы бир компетенттүү адам Москвага чейин кеңеш берип, мигранттардын укуктары камтылган китепчелерди таратып чогуу келишет экен.

Биз да ушул долбоорго кошулалы деп, макулдугун алдык. Бул пилоттук долбоор боюнча “Кыргыз темир жолу” ишканасына кайрылганбыз, азыр жооп күтүп жатабыз. Эгер алар мигранттарды коштоп жүргөн топко Оренбургдан Москвага чейин акысыз барганга уруксат берсе эле бул иш башталат.

Миграция уюму бул долбоор жакшы жыйынтыгын берсе, 2013-жылдын март айына чейин иштешерин, каражат берерин айтты.

“Азаттык”: Бул кантип ишке ашат? Мисалы, мурда да мигранттардын укугун коргойт деп кошуп берген юристтер, тескерисинче, алардын мыйзам, тил билбегенинен пайдаланып акча жасашчу деген сындар айтылды эле.

Болот Жунусов: Азыр Кыргызстан, Казакстан же Орусиянын юристтери демилге көтөрүп жаткан жок. Эл аралык миграция уюму өзү демилге көтөрүп, юристтерге биз төлөп беребиз деп жаткандан кийин колдош керек. Алгач бир-эки ай байкайлы. Эгер сиз айткандай жагдайлар байкалса, анда токтотуш керек. Бирок таза, жакшы болот деп үмүттөнөм.

“Азаттык”: Юристтерди ким тандайт?

Болот Жунусов: Аны биз эмес, Миграция уюму тандайт. Биз ал жагына кошулбайбыз. Биз юристтерди акысыз алып баруу жагын чечишибиз керек.

“Азаттык”: Мигранттардын көбү кыргыз тилдүү, көбүнесе айылдан кетишет. Ошондуктан тил маселеси да эске алынабы?

Болот Жунусов: Биз юристтер менен диаспоранын бир өкүлү чогуу иштешип турса деген вариантын карап жатабыз. Бирок диаспоранын ичинде да баары эле юрист эмес. Ошентсе да которуп, түшүндүрүп иштешкенге бир киши иштеш керек. Бири-бирин түшүнбөй отурса да болбойт. Юристтердин айлыгын эл аралык миграция уюму төлөп берет. Жолдон эки өлкө аркылуу келишет. Өзгөчө чек арадан өтүү кыйын. Бирок долбоор боюнча юристтер Оренбургдан гана отурушат.

“Азаттык”: Кыргызстандан эле отурсун деген маселе көтөрүлдүбү?

Болот Жунусов: Булардын практикасы ушундай экен. Азыр Орусия менен иштешип жатышыптыр. Экинчиден, ар бир долбоордун бюджетинин чеги бар. Оренбургдан баштаса да ыраазы болуп атабыз.

“Азаттык”: Негизи мигранттар кандай укуктук жардамдарга муктаж экенин сиздер анализдеп көрдүңүздөрбү?

Болот Жунусов: Биринчиден, каттоо, чек арадан өтүү маселелери. Кандай каттоодон өтүш керек же каттоого туруш керек, жумушка орношууга уруксат документин алуу. Андан сырткары күч органдары менен маселе жаралып калса каякка чалыш керек, ишеним телефондор тууралуу да маалыматтар берилет.

“Азаттык”: Мигранттардын көбү Орусия, анын ичинде Москва шаарына кетишет. Алардын укугун коргоо үчүн дагы канадй аракеттер көрүлүүдө?

Болот Жунусов: Биринчиден, элчиликтеги юристтердин санын 3 кишиге көбөйтүп жатабыз. Андан сырткары миграциялык кеңсенин кызматкерлерин көбөйтөлү деген планыбыз бар. Бюджет маселеси чечилсе эле мигранттар менен иштешкен кызматкерлердин саны көбөймөк. Ошондой эле жер-жерлердеги диаспора лидерлерине өзүнчө макам берип, бирге иштешели деп жатабыз.

XS
SM
MD
LG