Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:12

Орусияда "кара тизме" жоюлат


Сахароводогу миграция борбору
Сахароводогу миграция борбору

Үч аптадан соң "кара тизмедеги" кыргызстандыктар кайрадан Орусиянын аймагына кирип-чыга алат. Мындай чечимди Кыргызстан менен Орусия Санкт-Петергбургдагы экономикалык форумдун алкагында кабыл алып, атайын макулдашууга кол коюшту. Ушул эле макулдашууга ылайык, эми Орусия менен Кыргызстандын жарандары эки өлкөдө каттоосу жок 30 күн жүрө алышат.

Москвадагы соода түйүндөрдүн бирине сатуучу болуп иштеген Камила Абдрахманова 1,5 жылдан бери "кара тизмеде" жүрөт. Ага кезинде Орусиядан чыгып кетүүгө он күндүк убакыт берилген. Ошого карабай ал миграция кызматы менен полициядан качып жүрүп ишин улантууда:

- Негизи бир жылда бир жолу Кыргызстанга сөзсүз барып туруш керек эмеспи. Москвада жүрүүнүн мөөнөтү аяктагандан кийин мен Украинанын чек арасынан чыгып, кайра кирейин десем "сиздин документ жарабайт, мөөнөтүн узартпаган үчүн "кара тизмеге" кирдиңиз” деп айтышты. Бизге патент берилет, "кара тизмеге" киргендер аны албайт да. Азыр мыйзамсыз иштеп жүрөм. Ашыкча сыртка чыга албайм.

Сахароводогу борбор
Сахароводогу борбор

Мыйзамсыз, коркуп-үркүп жашагандан тажаган Камила эми мигранттарга каралган бир катар жеңилдиктерди угуп, жетине албай турган чагы:

- Азырынча Москвадан кетейин деген ой жок. Бирок үйгө баары бир барып келиш керек. Макулдашуулар күчүнө кирсе, ошого жараша иш кылам. Тиешелүү кызматка барып, документтерди тактап, мыйзамдуу иштейин. Болбосо “качан милиция кармайт” деп жүрөк заада болуп бүттүм.

30 күн каттоосуз жүрсө болот

19-июнда Санкт-Петербургда Орусиянын Федералдык миграция кызматынын башчысы Константин Ромодановский менен Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Жунусов мигранттардын каттоосун жеңилдеткен макулдашууга кол койгон. Келишимге ылайык, кыргызстандык жарандар Орусия аймагында отуз күн визасыз жүрүү укугун алды.

Миграция министринин орун басары Алмаз Асанбаевдин айтымында, бул жобо бир айдан кийин күчүнө кирет:

- Бул бир айдын ичинде, же болбосо 19-июлдан баштап күчүнө кирет. Эми Орусияга барган кыргызстандык 30 күндөй каттоосу жок жүрө алат.

Москвадагы мигранттар
Москвадагы мигранттар

Мындан тышкары Орусиянын мыйзамдарын бузуп, “кара тизмеге” киргендерге да жеңилдиктер каралды.

Эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Алмаз Асанбаев миграциялык мыйзамдарды бузган Кыргызстандын жарандарына ушул жылдын 10-июлунан 1-ноябрына чейин эч кандай тоскоолдуксуз Орусиядан чыгууга жана кайра кирүүгө уруксат берилгенин белгилейт.

- Демек жеңилдик болду. Учурда Орусиянын өзүндө 190 миңден ашык жаран мыйзамсыз жүрөт. Бул “кара тизмеге” киргендердин санынан да үч эсе көп. Эми бул жарандардын баары Москвадан чыгып, кайра кирүүгө мүмкүнчүлүк алды. 1-ноябрга чейин мыйзамдуу түрдө документтерин оңдоп алса болот. Жаңы миграциялык карта алат.

Мигранттар мыйзам бузбаса...

Учурда түрдүү мыйзам бузуулар менен "кара тизмеге" кирген жарандардын мөөнөтү ар кандай. Бирок эч кандай тоскоолдуксуз Орусиядан чыгып-кирүүгө уруксат берилген жеңилдик үч жылга депортацияланган кыргызстандыктарга гана тиешелүү.

“Замандаш” ассоциациясынын координатору Азамат Айтбаев эми бул кабарды мигранттарга жеткирип, түшүндүрүү иштери жеткиликтүү жүрүшү керектигин айтат. Антпесе "кара тизмеге" түшкөнүнөн кабары жок, камырабай жүргөндөр толтура.

- Менимче, Орусиянын үч жылга тыюу салынгандарга уруксат берип жатканы "жеңил административдик мыйзам бузгандар" деп өзүнчө бөлүп карап жатышса керек. Анткени 5-10 жылга чейин Москванын аймагына кире албагандар бар да. Ошентсе да тиешелүү министрликтер Федералдык миграция кызматынан механизмдерин тактап бериш керек. Бул эң маанилүү.

Эми чет жерде иштеп, жакындарын багып жүргөндөрдүн санаасы тыйылып, кайрадан эмгек мигранттарынын агымы көбөйөрү да белгиленүүдө.

XS
SM
MD
LG