Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 05:55

Журтташтар

Орусияда мушташтан эки кыргызстандык ажал тапты

Сургут шаарындагы мушташтан мерт болгон эки кыргызстандыктын сөөгү мекенине шаршембиде жөнөтүлөт.

Текст көлөмү - +
Окуянын чоо-жайын “Азаттыкка” Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы баш консулунун милдетин аткаруучу Гүлнур Нарматова айтып берди.

Гүлнур Нарматова: 6-февраль күнү түнкү саат 02:45тер чамасында Сургуттагы травмaтологиялык борборго эки адамды алып келишкен. Алар кыргызстандыктар экен. Бирөөсү Мырза Дүйшеев - Орусиянын жараны, экинчиси Мирлан Баймырзаев, 1989-жылы туулган, биздин жараныбыз болуп чыкты.

“Азаттык”: Алар бычак жеп өлдүбү?

Гүлнур Нарматова: Алар ооруканага жаракат алып түшкөндөн кийин, ошол жерден жан беришкен. Биздеги маалымат боюнча, Сургуттагы кафелердин биринде биздин кыргыз кыздар туулган күн өткөрүшкөн. Конокко келген кыргыз жигиттер менен кафеде отурган дагестандык жигиттер сыртка чыгып мушташып, биздин балдар ошол мушташ учурунда жаракат алган экен. 

“Азаттык”: Кылмышка шектүүлөр кармалдыбы, тергөөнүн жүрүшүн көзөмөлгө аласыздарбы?

Гүлнур Нарматова: Бир адам кармалган, ал Дагестандын тургуну экен. Шейшемби күнү кечинде мен өзүм Сургутка жөнөп жатам. Буга чейин да шаардын Ички иштер башкармалыгы, тергөөчүлөр менен байланыштык. Сургуттун жетекчилерине кат жолдодук. Бизге азыркы мезгилде тергөө иштери жүрүп жатканын айтышты. Сургуттагы жолугушуулардын, сүйлөшүүлөрдүн учурунда бул кылмыш иши аягына чейин чыгарылуусун суранабыз.

“Азаттык”: Мерт болгон балдардын сөөгү туугандарына жеткирилип берилеби?

Гүлнур Нарматова: Мырза Дүйшеев Нарын облусунун Кочкор районунан, Мирлан Баймурзаев Жалал-Абад облусунан. Алардын сөөгү биздин Сургуттагы жарандарыбыздын жардамы менен Кыргызстанга шаршембиде эртең менен жөнөтүлөт. Буга мен да барып катышам. Туугандарына кабар берилди.

“Азаттык”: Жаштардын туулган күндү белгилөөсү минтип трагедия менен аяктаптыр. Кыргызда сактыкта кордук жок дейт. Орусияга мигрант катары барган жаштар арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү керектир?

Гүлнур Нарматова: Ооба, бөтөн эл, бөтөн жерге иштөө максатында келишкенден кийин кечиндеси көчөгө чыкпай, бейчеки жүрбөй, өздөрүнө сактык менен карашса - мындай иштер болбосо керек деген ойдобуз. Диаспоралардын өкүлдөрү менен иш алып барып жатабыз. Бул окуяга байланыштуу Сургуттун жетекчилигинин, Ички иштер башкармалыгынын, миграция кызматынын өкүлдөрү, биздин ал жердеги мекендештерибиз менен да жолугабыз.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Назгуль каяктан: Москва
12.02.2012 13:46
Азаттык саламатсыздарбы! Бул окуяны Сургутта иштеп жургон тааныш кыздар бир аз башкача айтып беришти эле. Кафеге кыздар берки "кавказдыктар" менен келишкен, анан создон соз чыгып кыргыз балдар менен мушташып, бычактап салышкан деп. Эн кызыктуу жери - эки кыз азыр дайынсыз жок дешти, ошол чынбы? Себеби, ишти иликтей турган болсо, ал кыздар бул окуяда №1- фигуранттар! Бул иш ушул боюнча токтоп калбаса керек, куноолуулор табылып оз жазасын алат деп ишенем. Ал эми маркум болгон кыргыз жигиттеринин ата-энесине, бир тууган жана досторуна конул айтам. Алыста жургон ар бир кыргыз пендесин Кудайым озу сактасын!
Пикирге жооп

кимден: Dayir каяктан: Москва
13.02.2012 17:18
Каза болгондордун тааныштары айтышты. Кыргыз кыздар учун олгонун. Кыргыз кыздар, бир жеринерди кысып иштесенер боло, ар башка улуттун балдары менен турткулошпой. Балдар учун ото намыска тиерлик корунуш болот. Оз козум менен корбосом жазбайт болчум. Москвада кыргыз "кыздары" мода. коп кором, коп угам. Азерилер менен палаткаларда иштеген кыздар, бир жолу жатпасанар силерди ишке албайт, мойнунарга ала бергиле.

кимден: Энесай жээгиндеги кыргыз каяктан: Энесай.
11.02.2012 21:23
Кафе-бул шайтандын уйу. Бул уйдон коптогон адамдар келечектеги турмушунун азаптуу кундорунун фундаментин тузушот. Кыздарыбызды тыйып кыса турган адамдар жок. Эми эки жигитибизден дагы айрылып калыптырбыз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.
Хачик-тажиктер кыргыздарды, деги эле башка улуттарды инсан катары санашкан эмес. Куноо озубуздо. Тапкан тыйындарыбызды топтоп, келечегибиздег шандуу кундордун фундаментин тургузсак болмок. Андыктан намаз окуп, Алла-Тааладан суранышыбыз керек.

кимден: Данияр каяктан: Оруссия
11.02.2012 14:27
Күүнө өзүбүздөда бар.Биз Оруссияга эмне ү-н келдик? Жумуш кылганыбы жэ болбосо көңүл ачканыбы.Ошол туулган күндөрдү квартираларда деле откузсо болотта.Биз чет-өлкөдөбүз өзүбүзгө сак болуш керекпиз.Ошол акчаны топтоп озүбүзүн мэкенибизде көңүл ачайлык.

кимден: kema каяктан: kera06
10.02.2012 15:02
bolok boton jerde jurgondo etiat bolush kerek kyzdar tuulgan kundun keregi dele jok.

кимден: салмоорбек каяктан: бишкек
10.02.2012 13:06
хачиктер ресторан-кафелерде совет мезгилиндеда кутуруп журчу. анткени милициянын колуна тушсо чонтокто акчасы даяр болчу. азыр деле акчасына ишенип, катынча бычактарды колдонуп жатпайбы. хачиктен коркок кишилерди коргон эмесмин. публиканын козунчо эле герой болуп корунот, кобунчо ошол кафе-ресторандарда. анан эл корбогон жерде биринчи коркок чыккынчы болушат.

кимден: Искендер каяктан: Кара-Кулжа
10.02.2012 12:43
Кыргыз кыздарынын Россияда башка улуттар коп жургонун кобу эле айтышат. Айрыкча кавказдыктар менен.

кимден: искен
10.02.2012 01:54
Кыргыз элим бизге биримдик бизди улутчулдук жана улуттук намыс керек !!!Бизде басшылар тын болсо Кыргыз жерине канча ишкана ачса ушул жаштардын баары ошол жакта жумуш иштеп жанын багат эле ...
Жаткан жерлери жайлуу болсун , артары кайрылуу болсун артары...

кимден: Гордый кыргыз каяктан: Кыргызстан
09.02.2012 20:58
Каерде, эмне кылып, кантип журууну эле унутпасак - Аллахым озу сактайт! Москвада мен деле коргом озубуздун эле кыргыздарды, Кыргызстанда жургондон бетер журушот, парктарда ичишип анан орустарга орондоп! Кээ бир учурда намысты жыйнап коюп унчукпай басып кеткен деле туура болот, азыр намысты жан берип коргой турган заман эмес, озубуздун жерибизде коргосок да бир жон! Ботон жерде ботондой болгонубуз эле жакшы!

кимден: мирлан каяктан: санкт петербург
09.02.2012 19:42
эх талкаланган тагдырлар кимди кноолошту да билбейсин.кыргыздар ботон жерде да кыргыз .акыркы убакта Россияда борбор азиядан келген жаштар арасында каза болгондордун саны кобойуп баратат.тиги каза болгон балдардын жаткан жери жайлуу болсун дегенден башка соз жок.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
09.02.2012 18:10
Жаткан жери жайлуу болсун !!!бул дуйнодон болбосо аркы дуйнодон жоп беришет да ким олтурсо дагы кудайым барын озу таразалайт..бирок ушундайларды укканда ичин ачышат экен...
туугандар озубуз биронун эли жеринде журобуз мушташтын,кереги жок!!!
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)