Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 05:55

Журтташтар

Жабыркаган мигранттар жөлөк пулдан куру калабы?

9-январда Москвада ресторанда өрт чыгып, анда иштеген эки кыргызстандык набыт болуп, 6 адам ооруканага түшкөн. Башында материалдык жардам сөзсүз көрсөтөбүз деген Москванын бийлиги эми Орусиянын жарандарына гана жөлөк пул берилээрин айтып чыгышты.

Анваржон Сотволдиев үй-бүлөсү менен.
x
Анваржон Сотволдиев үй-бүлөсү менен.
Текст көлөмү - +
“Азатыкка” Москва шаарынан өзүн Санжар Калматай деп тааныштырган адам кат жазды.

“Саламатсыңбы “Азаттык” үналгысы!

Баарыңарга белгилүү, 9-январда Москва шаарында Il Pittore ресторанында газ жарылып, бир нече кыргызстандык жабыркаган. Анын ичинде Орусия жана Кыргызстандын жарандары болгонуна байланыштуу экиге бөлүшүп, ар башка ооруканаларга алып барып салганы баарыбызга эле белгилүү болсо керек.

Мына ошол Кыргызстандын жарандарына дары-дармектен тышкары эч кандай колдоо болбой жатканын ошол жабыркагандар арыздарын айтып, элчиликке кайрылса, алардан да эч кандай колдоо болбой жатыптыр. Жок дегенде ошол күнү өрттөнүп кеткен кыргыз паспортторун калыптандырууга да жардам бере албастыгын айтышыптыр...

Анан ушул армандарын угуп отуруп, "кыргыз элчиси ушундайда жардам бербесе, анда кыргыз жарандарына качан жардам берет?" деп ойлоп кеттим".

​​"Азаттык" бул суроону Москвадагы кыргыз элчилигине узатканда, маалымат катчы Айымкан Кулукеева мындай жооп кайтарды:

Толгонай Сатыбалдиева
​​- Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Улугбек Чыналиев Москванын өкмөтүнүн өкүлү менен жолуккан. Бирок чын эле мыйзам боюнча Орусиянын жарандарына гана жардам көрсөтүлөт экен. Андан соң элчилик Орусиянын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөткөн.

Набыт болгон 24 жаштагы Толгонай Сатыбалдиеванын денеси Кыргызстанга жөнөтүлгөн. Ал Кыргызстандын жараны болгондуктан ага жөлөк пул берилбейт деп айтылууда, анын денесин Кыргызстанга жөнөткөнгө ресторандын ээлери көмөктөшкөн.

Толгонай ашпозчунун жардамчысы болуп иштесе, анын бир тууган эжеси да ошол эле ресторандагы ашканада иштеген. Феруза Сатыбалдиева ооруканага денесинин 35 пайызы күйүп түшүп, ага операция жасалды. Аны ооруканада карап жаткан Гүлчехра Сатыбалдиева жардам, же жөлөк пул тууралуу эч кандай маалыматка ээ эмес.

Каза болгон кыздын жездеси Айбек Атаханов азырынча оорукана акча сурай элегин айтат.

Каралоонун көнүмүш ыкмасы

Ошол эле ресторанда жүк ташуучу Анваржон Сотволдиев набыт болгон. 34 жаштагы Анваржон Сотволдиев Кыргызстандын Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунда туулган. Орусияга  1992-жылдары эле көчүп келген соң жарандыгын өзгөрткөн, бирок  бир туугандарынын айрымдары Кыргызстанда.

Анын 1 уул, 2 кызы калды. Эң кичүүсү жакында бирге толот. Анваржон орус жараны болгону менен бийликтер жөлөк пулду ага да төлөбөй коюшу мүмкүн. Себеби Москва шаарында жана облусунда гана каттоосу барларга материалдык жардам көрсөтүлөт деген сөздөр айтылууда. Бул тууралуу анын аялы Дилфуза Кимсанбаева айтып берди.
​​30-январда Орусиянын “сары” гезити катары таанымал “Лайфньюс” басылмасы Анваржонду ашпозчу деп атап, анын канында ВИЧ жана гепатит табылганынын далили жок эле, эч кимге шилтеме бербей жазып чыгышты. Ал жерде видеого Дилфузаны жашыруун тартып алышкан.

Дилфуза менен байланышып, буларды билдик:

- Алар менин дарегимди кайдан алганын билбейм, бирок кечээ Соцфонддон деп бир кыз жана бала келишкен, анан алар "сиздин күйөөңүз СПИД менен оорулуу экен" деп, мени ыйлата башташты. Мен алар жардам беришет го деп сүйлөшкөм. Мен 3 бала менен жалгыз калдым, алардын пособиеси ар бир балага 1000 рубль. Компенсация берилбесе, мен аларды кантип багам?

Маркум Анваржондун үйүнө мен да баргам, анын бир кыз, бир уулу мектепке барышат, бир кызы – эмчекте.

“Мен өзүмдү кармайын деп араң турсам, эми ушинтип айтышат. Анваржон бир жарым ай мурун текшерилген, бүт кагаздары бар. Менин эң кичүү балам да ай сайын анализ тапшырат, эч кимибизде ВИЧ жана гепатит жок. Өрттөн кийин 3 апта өттү, эми аны эмне үчүн каралап атышат? Моргго чалып, дарыгерден гепатиттин кайсы түрү деп сурасак, жооп бере албай койду, себеби бул жалган”, - дейт Дильфуза.

​​Мигранттардын баарын оорулуу, кылмышкер катары көрсөтүү орус медиасында адатка айланып калган көрүнүш. Бул жолу Анваржон тууралуу берилген маалыматтын айынан ага жөлөк пул берилбей калынаары толук ыктымал.

Элчиликтин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева Анваржондун аялы жана балдары сөзсүз жөлөк пул алат дейт.

Ооруканаларда жаткан башка кыргызстандыктардын айрымдары мага маек берүүдөн баш тартышты. Айымкан Кулукеева алардын активдүүлүгү да жөлөк пулду алууга көмөктөшөт эле деген пикирде.

Руслан Кимсанбаев - Анваржон Сотволдиевдин аялынын агасы. Руслан Кимсанбаев мындай кырдаалда элчи өз жумушун так аткарышы керек деген ойдо.

- Биз эми Кыргызстандын жараны эмеспиз, бирок баары бир Кыргызстанда чоңойгонбуз. Ал бул жерде кыргызстандыктардын эсебинен айлык алып иштеп атпайбы, чечиш керек. Ресторанда отурган кардарлар оор жаракат алышкан эмес, аларды күйүк борборлоруна дароо алып кетишкен. Анваржон жарым саат тез жардамдын жанында турган, дагы бирөө видеодо “чыда” деп койот. Ал эки кызды имараттан алып чыккан. Бирок ошол газ менен ууланып калган.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: wow каяктан: wounder
07.02.2012 17:07
ой тобоо... жазат десе эле жаза беришет экен го биздин атуулдар.
бул окуяда эн биринчи куноо оздорундо, жумуш деп эле иштей беришкен го, биринчи озуну гарантияга алуун керек, эгер сен ал олконун атуулу болбосон дале расмий турдо жумушка кирсен ТК РФ менен жумушка жайгашасын,
анан башка мындай нерсе келгенде кыргызстан деп баштайсынар,
кыска создун озу : биринчи озундун укугуну кооруй тургандай билимдуу болуун керек.
Пикирге жооп

кимден: Adam каяктан: sen turgan jerden
09.02.2012 17:48
Chon syilogon bala ekensin, tamakty yssyk urtaba oozun kyüot degendei ozyndyn bashyha ushul ish tyshyp kalbasyn,baary ele jokchuluktun ayiynan baryp atyshat da bashka jaktarga, bizdin okmot ozyn emes eldi oilogondo oshoncho kyrgyz deidip jyrboit ele, adam emne boloorun aldyn ala bilbeit da, je senin kozyh achykpy? kyrsyk kash m-n kabaktyn ortosunda dep bekerinen aitylgan emes, 1-saattan kiin da emne bolushun Kudaidan bashka ech-kim bilbeit.
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
07.02.2012 21:37
сен озун билимдуу сезен..беш кол тен эмес дейт элди озуно тенебе да

кимден: Санжар Калматай каяктан: Москва
07.02.2012 16:29
Cаламасыңарбы "Азаттык" үналгысы!
Силерге чооң рахмат айткым келет, ушунча элдин көңүлүн буруп менин жазганыма жооп кылып, атайын журналисткалык иликтөө жасап бул окуянын чоо-жайын териштирип билгениңер үчүн!
Анан дагы Москва шаарында чыгып жаткан "Бирге" сайтынын жааматына жана анын ичинде Мадина эжеге да чооң рахмат билдирип кетем (ал макаланы ушул жерден окусаңар болот: http://birge.ru/index.php/raznoe/novosti-birgeru/281-lit-pittorer-restoranyndagy-rttn-zhabyr-tartkan-mekendeshter-zhardam-surashat)
атайын барып кабар алышкан үчүн!

Эми акыркы жаңылыктардан сүйлөсөм: Жабыр тарткандардын баары болницадан жакшы болуп чыгып азыр үйлөрүндө.. Айрымдары Кыргызстанга кетишсе, айрымдары Москвада. Алардын айтуусу боюнча жакында ошол "жарылуу" боюнча сот болот экен, ошого "күбө" жана "жабырлануучу" катары жооп берип же арыз-муңун айтышмакчы.. демек жакында баары билинет!!!
Рахмат дагы бир жолу "Окурмандарга" жана "Азаттык" жааматына!!!

кимден: nara каяктан: kg
07.02.2012 16:22
Эххх, кыргыздарым ай!!! өз мекенинерде жакшылык таба албай турмуштун айынан тентип журуп кор болгонунарга бийлик башындагылар кабагым кашым деп жатышат болду бекен

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
07.02.2012 01:30
бул корунуш бирин олуп бирин кал деген нерсе урматтуу журташ так что кыргыз окмотуно кыргыз элчилигине кайрылуу орусча айтканда безполезно кыргыздын кайсы кыйын чыкмасын кордун эле сага жардам бергенин так что озунду озун кара не кыласын мээнди чиритип ошолордун арбайына тукур да басып кете бер сен газга ууланасынбы отко куйосунбу сен кимсин алар учун чака тыйынга арзыбайсынго атаганат Алыкул откон бул дуйнодон кыргызым деп Чынгыз откон бул дуйнодон кыргызым деп Манас откон бул дуйнодон кыргыз деп сага мага не жок мигрант кыргыз

кимден: макс17 каяктан: рф
06.02.2012 21:41
ээ кыргыз сага Сабянен эненин эгизи беле жолок пул доолаганга,Москвада озун не легал болсон жарандыгын жок болсо сени уйундогу итиненда пас корот орустар,умнылыгынды КРде коргозосун.бул жерде просто(гостарбайтерсин)

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
05.02.2012 14:52
жок дегенде ушундайларга жардамы тийбегенден кийин элчинин эмне кереги бар ушулардын барын бийлик караш керек да ким иштеп жатат ким иштебей жатат деп деги бийлик ээлери вообще иштебейт анан элчилерге кудай берет да блин !

кимден: ЭКС каяктан: Москва
04.02.2012 02:20
Элчиликке барсан баары регистрация,разрешения деп эле журушот.Бул созум куру болбос учун кошумчалап кетейин:юристине кирип байке разрешения керек эле десен заматта киришет.Приемныйга барып деле айтсан болот.Биздин элчини орустар адамсынбы итсинби деп деле коюшпайт да!Эрхан туура айтасыз жаап салыш керек.Ханың кандай болсо уазирлериң да ошондой го

кимден: Улан каяктан: Москва
04.02.2012 01:24
Эрханга толугу менен кошулам биздин элчилик иштебей жеп эле жатат андан коро жаап эле салган он умут менен барсан жардам бере албайт эч нерсеге берсе да акчага

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
04.02.2012 01:23
Элчиканадагы иштегендер кыргыздарга жардам бергени иштейби же карапайым элди кыйнаганы,акчасын алдап алуу учун иштешеби.

кимден: Эрхан каяктан: Кыргызстан
03.02.2012 21:45
Мына Россиядагы элчикананын иштебегени мына мынтип дагы бир жолу далилдеди. Мигранттардын укугун коргой жана документтерге жардам бере албагандан кийин эмне кереги бар элчикананын. Андан коро Кыргызстандын бюджетине зыян келтиргенден коро жаап эле салыш керек элчикананы...

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине