Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:03

Мыйзамсыз мигранттарга чара көрүлөт


Орусиянын Федералдык миграция кызматы Мамлекеттик Думага өлкөдө мыйзамсыз жүргөн мигранттарга карата чараларды катаалдаштырууну сунуштоодо.

Орусиянын өкмөтүнүн сайтында бул боюнча атайын мыйзам долбоору даярдалганы жазылып жүрөт. Мамдума карай турган долбоордогу өзгөртүүлөргө ылайык, уруксат болгон күндөрдөн кийин чет өлкөлүк адам өлкөдө 30 күн ашык жүрүп калса, ал Орусияга кийинки үч жылда келе албайт.

2013-жылдын 1-январынан тарта Казакстанда соода тармагында иштеген эмгек мигранттарга карата жаңы тартип кирет. Ал тартип боюнча, чет өлкөлүктөр салыкты башкача жол менен төлөшөт. Буга чейин күн сайын талон менен иштечү соодагерлер жеке ишкер катары катталышы зарыл. Ал эми жеке ишкер болуп катталыш үчүн мигранттар туруктуу жашоого уруксат (вид на жительство) алышы шарт.

Кыргыз мигранттары эң көп жүргөн эки өлкөдө бул жаңы эрежелер ишке кирсе, эмгек мигранттарына кандай таасир этет?

Орусиядагы “Кыргыз биримдиги” уюмунун төрагасы Абдыганы Шакировдун пикиринде, ушундай чаралар эбак эле иштей башташы керек эле. Себеби өлкөдө мыйзамсыз жүргөн мигранттардын залакасы жалпы мигранттардын абалына терс таасирин тийгизип келет.

- Орусия мигранттарды башкара албай калды. Алардын негизги ою – бул Орусияда мыйзам бузгандарды кайрадан өлкөгө киргизбөө. Мен бул демилгени негизинен колдойм, себеби мыйзам бузуп жүргөн мекендештерибиздин жүрүм-туруму биздин эле жашоону татаалдаштырып жатат.

Коррупцияны күчөтөт дешет

Москвада жашаган Нуржан Абдрахманова "Фейсбук" социалдык тармагына мындай пикирин жазган:

- Туура эле кылышат, менимче. Кээ бирлер ишке орношууга урксат жасатканга акчасы болсо деле "15 миң рубль төлөп эмне кылам" деп жасатпай, “нелегал” болуп жүрө берип, анан акыры бир күн кармалышып, олчойгон айып пул төлөп, баары бир жасатат.

Бирок Мамлекеттик Дума кароочу мыйзам долбоорунун бир кызык жери бар. Эгерде чет өлкөлүк Орусияда белгиленген убакыттан ашыкча орчундуу себептерден улам кармалып калса, ал жазаланбайт. Ал себептерге оору, кырсык, жакын адамдын өлүмү, дарылануу же табигый кырсык кирет.

Орусиялык көз карандысыз журналист Алексей Аронов бул тизме коррупцияны ого бетер күчөтүп, жаңы чаралар мыйзамсыз жүргөндөрдүн санын азайтпайт деген ойдо.

- Негизи Федералдык миграция кызматы ар дайым мигранттарга каршы иштейт. Мыйзамды бузбаган мигранттарды деле жек көрөт. Жаңы мыйзам ишке кирген күндө деле азыркы жасалма уруксат кагаздардын “кара базары” дагы кеңейет.

Журналист Алексей Аронов үч жылга өлкөгө кирүүгө тыюу салынса деле мигранттар кайта кире беришерин, аларды өлкөдөн чыгаруу үчүн мамлекеттин акчасы кетээрин эскертет.

- Эң негизгиси, Орусия мигранттарга муктаж. Бизде экономикалык каатчылык болот деп жатышат, ошенткен күндө деле биздин экономика баары бир эмгек мигранттарына муктаж. Анткени Борбор Азиядан келип, кара жумушта иштегендердин жумушун бир да орус аткарбайт.

Катталгандар аз

Орусияда Федералдык миграция кызматынын маалыматы боюнча, азыр 3,5 миллиондой мыйзамсыз мигрант бар. Ал эми расмий түрдө Орусиядагы кыргызстандыктардын саны 560 миңди түзсө, алардын 156 миңинин гана иштөөгө уруксаты бар.

Казакстанды алсак, жаңы эрежелер боюнча Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов мындайча маалымат берди:

- Жаңы жылдан тарта Казакстандагы чет өлкөлүк жеке ишкерлер туруктуу жашоого уруксат алгандан кийин гана иштей алышат. Ал уруксатты алуу үчүн консулдук каттоого да туруу абзел (учет). Биз азыр ушул маалыматты Казакстанда иштейм дегендерге жайылтышыбыз зарыл. Учурда Казакстанда 25 миңдей кыргызстандык жеке ишкер бар экен, бирок алардын 5,5 миңдейи гана консулдук каттоодон өтүшүптүр.

20 миңге жакын мигрант Казакстанда эмнеге консулдук учетко турган эмес, туруктуу жашоого уруксат алуу кыйын жана кымбат эмеспи деген суроолорго Аскар Бешимов мындайча жооп берди.

- Казакстанда жеке ишкер болууга жана туруктуу жашоого уруксат алууга 4 өлкөнүн жарандарына гана мүмкүн. Ал өлкөлөр: Казакстан өзү, Беларус, Орусия жана Кыргызстан. Туруктуу жашоого уруксат алуу деле Казакстанда Кыргызстанга караганда оңой.

Азыр Казакстанда иштеген кыргызстандык мигранттардын катталып, туруктуу жашоого уруксат алууга бир жарым ай убактысы калды, болбосо 1-январдан тарта 2000 доллар өлчөмүндө айып пул төлөөгө аргасыз болушат.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG