Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:20

"Өзүмдү жардырууга даяр элем"


Шахида
Шахида

Кыргызстандан Сирияга жихадга аттанган 25 жаштагы келин Москвадан токтотулду. Беш жана эки жаштагы кыздарын күйөөсүнө таштаган Шахида өзүн жардырып жиберүүгө да даяр болуп, согушка бараткан.

Мындан жарым жыл мурун Шахида менен белгисиз адамдар интернеттеги социалдык тармактар аркылуу байланышкан. Алгач диний көз караштары тууралуу пикир алышып отуруп, кийин “жихад өлкөсүнө” сапарга чакыра башташкан.

- Адегенде “Одноклассники” деген социалдык тармактан кат жазышкан. WhatsApp аркылуу Курандын сүрөөлөрүн жөнөтүп турушчу. Кийин жашыруун байланыш каражаттары менен баарлашчубуз. Мен исламга күйөөгө чыгардын алдында кызыга баштагам. Толук жамынып, намаз окуй баштаганыма беш жылдай убакыт болду. Менде согуш талаасына жетип, “каапырлар” менен күрөшүүгө умтулуу бар болчу. Бирок алар өзгөчө катуу кысымга алат. "Кыямат күнү балдарыңды коргоого мүмкүнчүлүк аласың" дешкен...

Сириядагы "жихадчылар"
Сириядагы "жихадчылар"

Шахида мектепти аяктагандан кийин эле турмушка чыккан. Күйөөсү менен жети жылдан бери Чүй облусундагы бир айылда мал багып, дыйканчылык менен күн көрүшчү.

- Турмушка ата-энемдин айтканы боюнча чыккам. Мектепте окуп жүргөндө догдур болгум келчү. Бирок үй-бүлөлүк абалга байланыштуу ата-энем ушундай чечим кабыл алышкан. Азыр алар өкүнүп калышат... Мен өзүм ачык мүнөз, көпчүлүктүн көңүл чордонунда жүрчүмүн. Кийин эле чүнчүп, өзүмчө бекинип калгам.

Акыркы учурда Борбор Азиядан Сирияга жихадга кетип жаткан кыз-келиндердин саны көбөйгөнү маалым. Алардын арасында “Ислам мамлекети” радикал тобунун согушкерлерине сексуалдык кызмат көрсөтүү үчүн кетип жаткандар бар экенин расмий органдар аныкташкан.

Шахида да мындай “махабат жихады” тууралуу сунушту укканын жашырбайт, бирок “мен андайга макул болгон эмесмин” дейт.

- Мен башка күйөөгө тийип, чет жактан бакыт табууну көздөп бараткан эмесмин. Менден “жихадчылар” менен никеге туруу боюнча көз карашымды сураганда, мен дароо каршылыгымды билдиргем. Мен көп нерсеге даяр болчумун. Бирок андайга эмес. Мен согуш жүрүп жаткан жерге барып, өзүмдү жардырып жиберүүгө даяр болчумун.

Кобани шаары, Сирия
Кобани шаары, Сирия

Балдарын күйөөсүнө таштап, үйдөн качып чыккан Шахида учакка отурганда гана апасына телефон чалып, "сарсанаа болбогула" деп өтүнгөн.

- Алар мага акча беребиз дешкен эмес. Авиабилеттерди өздөрү алышкан. Мен паспортумдун көчүрмөсүн гана жибергем. Алар айткан маалында аэропортко келип, учакка отурушум керек болчу. Москвадан Стамбулга учуп, ал жактан мени тосуп алышмак, анан Сирияга чыгарышмак. Эч кимге айтпаш керек эле. Бирок чыдабай апама чалгам. Ошондон алар ызы-чуу көтөрүп, мени туура эмес жолдон токтотуп калышты...

“Эмне болгонумду билбейм, уйкудан жаңы ойгонгондой болуп турам” деген келин алыска эмне көздөп кетип баратканын эми гана түшүнгөндөй. Шахида кийинки жашоосу кандай болорун элестете албаса да акыры балдарына жетип, бул күндөрдү жаман түш катары унутууну эңсейт.

Сирияга аттанган Кыргызстандын жаранын ИИМдин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери орусиялык кесиптештери менен бирге кармашкан. Расмий маалымат боюнча учурда Сирияда экстремисттердин катарында 300гө жакын кыргызстандык жаран согушуп жүрөт, алардын арасында аялдар менен балдар бар экени маалым.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG