Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:21

“Кыргызгазга” “Газпром” кызыкты


“Газпром” “Кыргызгаздын” 100 пайыз акциясына ээлик кылышы ыктымал. Эгерде тараптар макулдашса, анда 5 жыл ичинде 20 млрд. рубль инвестиция салууга даяр.

Бул тууралуу Кыргызстан жетекчилеринин Москвада “Газпром” ишканасынын өкүлдөрү менен жолугушуусунда талкууланды. Менчиктештирүү маселеси 1-апрелге чейин аяктайт. Ал эми 2013-жылы Кыргызстан газды Казакстан менен Өзбекстандан кандай баада сатып алары, келишим качан түзүлөрү азырынча белгисиз.

“Кыргызгаз” ишканасынын башкы директору Тургунбек Кулмурзаевдин билдиргенине караганда, өлкөнүн түндүгүндөгү дээрлик бардык газ колдонуучуларга нормага ылайык көгүлтүр отун бериле баштады. Чүйдүн Аламүдүн жана Лебединовка айылдарынын тургундары да жуманын кечине чейин газ менен камсыз болду.

Кыштын кычыраган маалында Казакстандан келген газдын басымы эки эсе азайып кеткендиктен Бишкекте жана анын жака белинде жер тамдарга газ берүү 14-декабрдан тарта токтогон болчу.

Токмок, Кант шаарларынын айрым райондоруна, ишканаларга газ берүү үзгүлтүккө учураган. Натыйжада электр энергиясын керектөө үч эсеге өсүп, авариялык өчүрүүлөр көбөйгөн. Мындан улам кышкы ызгаар, ага үстөк болгон газдын өчүрүлгөнү энергетикадагы авариялар кайсы жерде болбосун номур биринчи темага айланды.

“Кыргызгаздын” жетекчиси болсо мындай кымгуут үчүн аба ырайын күнөөлөп чыкты. Анын белгилешинче, газдын жоктугун эл жакшы түшүнөт экен. Болгону үйлөрүнө көгүлтүр отун келбей калган аткаминерлер, өзгөчө депутаттар эч эле түшүнө албай жатышыптыр.

- Акыркы эки-үч күндө пайда болгон ажиотажга, менимче, аба ырайы күнөөлүү, ачык айтыш керек. Карапайым эл бизди жакшы түшүнөт. Бизди түшүнбөгөндөр ким? Чиновниктер. Мага бир канча депутат чалды. "Эмнеге менин үйүмдө газ жок" деп сурашат.

Кулмурзаев белгилегендей, өлкөдө көгүлтүр отун маселеси “Кыргызгаз” сатылгандан кийин чечилчүдөй. Учурда “Газпром” “Кыргызгаздын” 100 пайыз акциясына ээлик кылууга кызыгууда. Эгер иш ошол жагына бурулса, анда 5 жыл ичинде 20 миллиард рубль инвестиция салууга даяр. Бул тууралуу Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев менен “Газпром” жетекчиси Алексей Миллер Москвада жолуккан учурда талкууланды.

“Кыргызгаздын” тышкы карызы көп болгондуктан, анын баасы символикалуу 1 долларга бааланды. Тургунбек Кулмурзаев эгер “Кыргызгаз” Орусияга сатылса, газдын баасы азыркыдан арзан болоорун кошумчалады.

- Бир гана “Газпром” 75% эмес, “Кыргызгаздын” элдеги акциясын да сатып алабыз деп талап коюп жатышат. Алар баарын алып, өздөрү компания түзүп, газ менен камсыз кылып, бааны азыркыдан азайтарын, бардыгына өздөрү жооп берерин белгилеп жатышат.

Адатта келерки жыл үчүн газ боюнча келишимди Кыргызстан кошуна өлкөлөр менен жыл жаңырар алдында, кысталыш маалда кол койот. Быйыл да ошондой болду. Азыркыга чейин 2013-жылы газды Казакстан менен Өзбекстандан кандай баада сатып аларыбыз, келишим качан түзүлөрү белгисиз. Кулмурзаевдин белгилешинче, эки өлкө тең баа кандай болорун аныктай элек. Адатта бааны аныктап алганы аталган өлкөлөр өздөрү чакырышат экен.

Эксперттер болсо өзүн сыйлаган өлкө мындай маселелерди жаз-жай айларында чечип алат дешет. Экономист, серепчи Жумакадыр Акенеев келишимдерге өз убагында кол коюуну үйрөнүү керектигин белгилейт.

- Газ боюнча келишимге жайында коюш керек, бул маселени жайында көтөрүш керек. Өзбекстанга да суу керек болуп турган кезде көгүлтүр отундун баасын, көлөмүн да такташ керек. Сууну биз берип жаткандан кийин ошол маалда газ келишимине кол коюлбаса, сууну токтотобуз деш керек. Жылда эле декабрдын акыркы күнүнө барып, алар кандай бааны айтса, ошону алып, кымбат баада элге сатып жатабыз. Эми “Газпромго” өтсө, “Кыргызгазда” баа да түшөт. Миң кубун 140, эң көп болсо 160 доллардан алып калышыбыз мүмкүн. Анткени алар өздөрү да Казакстан, Өзбекстанда газ чыгарганга катышат. Ошондуктан эгемен өлкө болгондуктан бул өз кызыкчылыгыбызды коргошубуз керек.

Ал эми Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы, депутат Кожобек Рыспаевдин айтымында, Кыргызстан өзүндө газ болбогондон кийин катуу кетпей, дипломатиялык мамилени сактоо зарыл.

Өлкөнүн түндүк жагында кыш келгенден бери эки жолу газ берүү үзгүлтүккө учурады. Эми январь айы мындан да суук болорун синоптиктер белгилеп жатышат. Андай шартта эл дагы эле баягы кейпине түшүп, газсыз калбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Кепилдик жок экенин Кулмурзаев да ачык айтты. Демек дагы деле карапайым калк азыртадан камданып, өз арабасын эптеп тартышы керек болот.

XS
SM
MD
LG