Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:59

“Росинбанкты" кандай тагдыр күтүп турат?


"Росинбанктын" имараты
"Росинбанктын" имараты

Кыргызстандын Улуттук банкы “Росинбанктын” банктык операция жүргүзүүсүн түз көзөмөлгө алды. Ага чейин “Росинбанктын” уюштуруучулары “Инвестторгбанк" жана "Вокбанкка” Орусиянын Борбордук банкы убактылуу административдик башкаруу киргизген эле. Орусиянын Кыргызстандын финансы жана банк тармагына инвестициясын символдоштурган “Росинбанктын” абалы кандай?

“Росинбанк” Кыргызстанда 2013-жылдан бери иштеп келатат. Кыска мезгилдин ичинде банк республикадагы белгилүү банктардын катарына кирүүгө, кардарларды тартууга үлгүрдү.

Банктын маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, учурда банктын 120 миңден ашуун кардары бар.

Бирок 27-августта Орусия тараптан жаман кабар келди. Ал маалыматка караганда, “Росинбанктын” уюштуруучулары “Инвесторгбанк” жана “Вокбанкка” Орусиянын Борбордук банкы чектөө киргизип, депозиттерди коргоо боюнча чара көрдү. Орусияда чектөө киргизилер замат Кыргызстандын Улуттук банкы да “Росинбанктын” банктык операцияларын көзөмөлгө алды.

Орус маалымат каражаттарынын жазуусуна караганда, “Инвесторгбанктын” абалы начар экенин өткөн жумаларда Moody`s рейтинг агенттиги эскерткен. Андан кийин эле банк Орусиянын Борбордук банкынын көзөмөлүнө алынып, Аманаттарды камсыздандыруу боюнча агенттиктин башкаруусуна өткөрүлгөн. Бул чечимдер “Инвесторгбанктын” келечеги бүдөмүк экенинен кабар берет. Анын аягы лицензияны чакыртып алуу же санациялоо менен аякташы мүмкүн.

“Инвесторгбанк” жана “Вокбанк” биригип, ИТБ-холдингин түзүшкөн. Бул холдинг “Росинбанктын” 90% үлүшүнө ээ. Калган 10% Кыргызстандын мамлекеттик мүлк фондуна таандык.

“Росинбанктын” өзүнүн отчеттук маалыматы боюнча, алар 31-июлду 139 млн. сом киреше менен аякташты. Ошондуктан Кыргызстандагы кардарлардын депозитке салган акчаларын каалаган учурда кайтарып берүүдө маселе жок. Банктын маалымат кызматынын жетекчиси Оксана Бедаш банк менен кызматташууну токтотууну көздөгөндөрдө эч кандай маселе жок дейт:

- Эгерде кардар келишимди мөөнөтүнөн мурун бузууну кааласа, ага эч ким тоскоолдук кылбайт. Кардар өзүнүн каражатын эч кандай чектөөсүз алып кете алат. Ошондой маанайга туш болгондор жума күндөн тарта акчасын алып кетүүдө. Бирок кооптонууга себеп жок. Биздин сайтыбыздагы маалыматта абал кандай экени так көрсөтүлгөн. Биз үчүн ар бир кардар кымбат, ар бирин сыйлап, күтүп алганга даярбыз.

1-сентябрда “Росинбанктын” өкүлдөрү Улуттук банктын жетекчилиги менен сүйлөшүү өткөргөнү маалым болду. Анда кандай чечим кабыл алынганы белгисиз. Бирок Улуттук банктын маалымат кызматынын жетекчиси София Балакина банктын кардарлары чочулай турган жагдай жок деди:

- Банкта азырынча баары жайында. Бардык көрсөткүчтөрү ордунда. Улуттук банк “Росинбанктын” ишине чектөө киргизген жок. Болгону банктык операцияларына көзөмөл салып турабыз. Жөнөкөйлөтүп айтканда, банктан капитал агып чыгып кетпешин көзөмөлгө алып жатабыз. Бул банктын иши начар дегенди билдирбейт.

“Росинбанктын” жетекчи банктары Орусияда кудуретсиздикке учураса же жоюлуп кете турган болсо, анда “Росинбанктын” тагдыры кандай болот деген суроо жоопсуз калып турат.

Орусиялык ИТБ холдинг же “Инвесторгбанк” жана “Вокбанк” “Залкарбанкты” 198 млн. сомго 2013-жылы сатып алып, анын ордуна “Росинбанкты” түптөшкөн. “Залкарбанктын” тамыры болсо айтылуу Максим Бакиевдин өнөктөрү Михаил Надел жана анын жолдошторунун “Азияуниверсалбанкына” барып такалары маалым.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG