Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:58

Бажы биримдиги бак ачабы?


Беларус: Бажы биримдигине киргенден кийин унаа үчүн баалардын өскөнүн чагылдырган карикатура.
Беларус: Бажы биримдигине киргенден кийин унаа үчүн баалардын өскөнүн чагылдырган карикатура.

Кыргызстан Орусия, Казакстан жана Беларус түзгөн Бажы биримдигине баратат. Бажы биримдигине киргенден кийин Кыргызстандын тышкы чек арасы ким тарабынан көзөмөлдөнөт? Кыргыз-орус мамилеси мындан ары кандай өнүгөт?

"Арай көз чарай" талкуусуна “Акыйкат” партиясынын лидери Аликбек Жекшенкулов, Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков жана Кыргызстандын толук ыйгарым укуктуу элчиси Мамбетжунус Абылов катышты.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:







“Азаттык”: Шайланган президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын “Известия” гезитине курган маегинде "Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден кийин Орусия менен чек арабыз бир болуп калат. Ошондуктан аны биргелешип кайтарабыз" деп айткан. Бул эмнеден кабар берет?

Аликбек Жекшенкулов: Мындай сөздөргө кыжаалат болбошубуз керек. Бажы биримдигине киргенден кийин Орусия, Казакстан, Беларус, Кыргызстандын чек арасы бир болуп калат.

90-жылдарда Орусиянын чек арачылары чыккандан кийин биз өзүбүз калдык. Орусиялык чек арачылардын кеңешчилери азыркыга чейин иштеп атат. Бул бизге пайда гана алып келет.
Биз кичинекей өлкөбүз. Ошондуктан биздин шартта жашагыла деген талапты койо албайбыз. Андыктан биз аябай терең ойлонуп, жети өлчөп бир кесишибиз керек.

Акыркы жылдары Өзбекстан, Тажикстан менен кайым айтышуу болуп, биздин жарандар жараат алган учурлар болду. Ошол кезде эгерде Орусиянын чек арачылары биздин чек арачылар менен бирдикте иштешсе, бири-бирине байкоочу катарында жардам берип, жалпы коомчулукка түз пикир билдирип турат. Анткени бүгүн чек арачылардын абалы начар, ал жерде болуп аткан коррупция ар бир жаранды ойлондурбай койбойт.

“Азаттык”: Андан ары коопсуздук багытында интеграция күчөп, биз Орусиянын бир танабы болуп калабызбы, же Бажы биримдигине киргенден кийин чек арада бажы кызматкерлери гана турабы?

Равшан Жээнбеков: Биз келечекте Бажы биримдигине киргенде Орусиянын, же чоң мамлекеттердин губерниясы болуп калуу коркунучу бар. Юридикалык жактан андай жок, бирок факт түрүндө бизде ал бар.

Азыр биз эгемендүү мамлекет болуп турган күндө деле биздин чоң саясатчылар дайыма бир маанилүү чечим кабыл алаарда кылчактап Орусия тарапты карап турат. Анткени коркуу сезими, Советтер Союзу убагында көнгөн маданиятыбыз, менталитетибиз генге сиңип калган. Улуттук органдар Бажы биримдигинин ичинде сөзсүз түзүлөт.

“Азаттык”: Бирок биздин тигүүчүлөр үчүн шарт түзүлөөр?

Мамбетжунус Абылов: Биздин кызыкчылыгыбызга жооп береби, же жооп бербейби деген суроо туулат. Биздин кызыкчылыкка Дүйнөлүк соода уюмуна киргенибиз жооп берген. Буга бир мамлекет кирип, бир мамлекет кире албай турганынан ортодо маселе чыгып кетти.

Эгерде Казакстанды, Орусияны, башка мамлекеттерди Дүйнөлүк соода уюму түз эле кабыл алганда бул маселе чыкмак деле эмес. Бул мамлекеттер өз шарттарын коюп атат. Ошол шарттар Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп береби, жооп бербейби?
Бажы биримдигине киргенден кийин Орусия, Казакстан, Беларус, Кыргызстандын чек арасы бир болуп калат.

Биз кичинекей өлкөбүз. Ошондуктан биздин шартта жашагыла деген талапты койо албайбыз. Андыктан биз аябай терең ойлонуп, жети өлчөп бир кесишибиз керек. Анткени бул бүгүнкү күндүн саясатына туура деп жооп берсек, кыргыз элинин келечеги үчүн туура эмес болуп калышы мүмкүн.

“Азаттык”: Кыргызстан жетекчилиги "биз убаданы аткарбайбыз, биз жаман өлкө болуп калдык" деген нерсени көп айтып атышат. Чындыгында Орусиянын өзү деле аткарбай жаткан учурлар болуп атат. Биз “Дастан” акцияларын берели десек, алар өздөрү тайсалдап турушат. Биз мындан ары өзүбүздү жамандай беришибиз керекпи?

Равшан Жээнбеков: Орусия, Казакстан тарабынан жаңы президент, стабилдүү өкмөт келмейинче биз бул акчаны кармай туралы деген саясий максаттар болгон.

Бирок мен Атамбаевдин бир сөзүнө ыраазы болдум. Ал "эмне үчүн биз бардык шарттарды аткарсак да ал акчаны бербей келатат, менин оюмча, биз өзүбүздүн гана күчүбүзгө, өзүбүздүн гана мүмкүнчүлүгүбүзгө таяна турган убакыт келди окшойт", - деп айтат. Азыркы күндө биз өз күчүбүзгө таянып, ошону менен акыл-эстүү саясат жүргүзүшүбүз керектигин эми түшүндү окшойт.

“Азаттык”: Рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG