Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:32

Генерал жалган кабардын курмандыгы болдубу?


Бул сүрөттүн окуяга тиешеси жок
Бул сүрөттүн окуяга тиешеси жок

Орус маалымат каражаттары КМШ боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бюросундагы Кыргызстандын өкүлү, генерал-майор Уран Шамшиевдин айдоочусу 20 килограмм героин менен Орусияда колго түшкөн деп жазууда.

Маалыматка караганда, орус жарандыгын алган теги тажик Махмади Рахмонов декабрда Москванын четинен кармалган.

Шамшиевдин өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Ал эми Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сеитов бул кабарды төгүнгө чыгарды:

- Ал жигит Уран Шамшиев Орусияда иштеп жүргөндө ага айдоочу катары бекитилип берилген экен. Маңзат менен кармалса кармалгандыр, болбосо кабарларга жазылбайт эле да. Кармалса Орусиянын Ички иштер министрлигинин кызматкери катары айтышы керек. Ал эми Шамшиевдин айдоочусу деп маалымат тараганы туура эмес. Анткени ал киши өткөн жылдын майында кызматтан кеткен. Кыргызстандын да, Орусиянын да ички иштер органдарында иштебейт.

Шамшиевдин орду ноябрга чейин бош туруп, 14-ноябрдан тарта ал жерде Сагынбек Исмаилов иштей баштаган. Айдоочусу да башка киши.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги азырынча бул маалыматты расмий органдардан тактоодо. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Турдакун Сыдыков билдирди:

- Бул сыяктуу маалыматтарды биздин элчилик тиешелүү органдардан такташы керек. Биз ушакпы, же чынбы билбей туруп эле реакция бере албайбыз.

Буга чейин да Кыргызстан тууралуу туура эмес маалыматтар таратылган учурлар бар. Жакында эле америкалык “Нью-Йорк Таймс” басылмасы Кыргызстанды “Кырзбекистан” деп жазып, ал интернетте кыйла уу-дуу болгон.

Бир кездери АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Кыргызстан менен Казакстанды "Кырзахстан" деп бириктирип салганын да айта кетүүгө болот.

Бирок мындай адашууларга буга чейин бийлик тарабынан реакция болгон эмес. Дипломат Талант Кушчубековдун оюнча, бул сыяктуу маалыматтарды тиешелүү кызматтар тактап, өз баасын сөзсүз бериши керек:

- Бул жөнөкөй адам эмес, генерал болсо, ошол кызматка чейин өсүп барса, анан ал тууралуу жалган маалымат тараганы өтө жагымсыз. "Кыргызстандын генералдары ушундай экен" деген сөз тарап кетиши ыктымал. Буга ошол күнү болбосо да, эртеси күнү элчиликпи, Тышкы иштер министрлиги болобу чакан болсо да маалымат берип коюшу керек. Ошол кабарды тараткан редакцияга эскертип коюшу керек.

Мындай жаңылуулардан тышкары Кыргызстандын намысына чындап доо кеткен учурлар бар. Андай иштерге көбүнчө Кыргызстандын жарандары, өзгөчө дипломаттар аралашканы маалым.

Буга чейин Орусиянын шаарларында, Германияда жол эрежесин бузуп, же мас абалында унаа айдаган дипломаттар, атташелер кармалып, маалымат каражаттарына кеңири тараган.

XS
SM
MD
LG