Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:51

Батукаев боюнча кылмыш иши кайра жанданды


Азиз Батукаев. Сүрөт Нарындагы абакта тартылган.
Азиз Батукаев. Сүрөт Нарындагы абакта тартылган.

Кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү атыккан Азиз Батукаевге кайрадан эл аралык издөө жарыяланышы мүмкүн.

Бул тууралуу 17-апрелде баш прокурор Аида Салянова Жогорку Кеңеште билдирди. Ага ылайык, кылмыш иш жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра козголду.

Батукаевди айыккыс дартка чалдыккан деген жүйөө менен былтыр жазында сот абактан эрте бошоткон болчу. Бул коомчулукта чоң талкуу жаратып, депутаттык комиссия түзүлгөн. Анда Батукаевдин бошотулушуна тиешеси бар жооптуу кызматкерлерге чара колдонуу өкмөткө тапшырылган. Өкмөт бул токтомду бир жылдан бери аткара элек.

Баш прокурор Аида Салянова кылмыш иштин кайра жанданышына Азиз Батукаевдин ден соолугу боюнча жаңы жагдайлар негиз болгонун айтууда:

- Оперативдүү маалыматтардан Батукаев тирүү экенин билген үчүн биз ушундай кадамга бардык. Жаңы ачылган жагдайлар деп атайын өндүрүш ачтык жана сот органдарына кайрылдык. Батукаев бошоп жатканда билинбеген, кийин ачыкка чыккан фактыларды чогулттук. Тирүү деген маалымат келип жаткандыктан, биз көп нерселерди кайра текшерип көрөлү дедик.


Башкы прокуратура Батукаевге байланыштуу биринчи кылмыш ишти былтыр жайында козгогон. Ишти тергөө атайын кызматка тапшырылган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Коррупцияга каршы күрөш кызматынын төрагасы Бөкөнбай Казаковдун кабарлашынча, тергөө мөөнөтү аяктаганына байланыштуу кылмыш иш былтыр ноябрь айында токтогон:
Аида Салянова.
Аида Салянова.
- Кылмыш-жаза аткаруу мыйзамдары боюнча кылмыш иштин мөөнөтү бүткөндөн кийин токтотулат. Бирок издөө иштери жүргүзүлө берет. Орусияга Батукаев боюнча запрос жөнөтүлгөн. Бирок азыркы күнгө чейин анын кайсы жерде экени белгисиз.

Аида Салянова расмий Москва Батукаев Орусиянын аймагында эмес деген билдирүү жөнөткөнүн маалымдады:

- Орусиядан Батукаев Грозныйда эмес, чек арадан өткөн эмес, кандайдыр бир операцияларга катышкан эмес деген жооп алдык. Бирок биз аракеттерибизди күчөтүп атабыз десек болот. Анткени биз президентке да, прокуратуранын башчысына да кайрылдык. Менимче, алар көмөк көрсөтөт болушу керек.


Парламенттеги талкууда Азиз Батукаевдин эркиндикке чыгышы жана анын кылмыш дүйнөсүнө таасири тууралуу суроо болду. Ички иштер министринин орун басары Калыбек Сатыбалдиев Батукаевдин кылмыш тобунун активдүү мүчөсү, "Карышкыр" деген каймана ат менен таанымал Мурсалим Өмүрзаков кармалгандан кийин анын жанындагылар да колго түшкөнүн маалымдады:

- Биз Москвага барып текшерип келгенде, Батукаевдин таасири жок экени аныкталган. Бирок анын тобундагы “Карышкыр” деген каймана аты бар мүчөсүнүн бир аз таасири болгон экен. Анын балдары кармалып, учурда Орусияда жоопко тартылып жатат.

Жоомарт Сапарбаев.
Жоомарт Сапарбаев.
Батукаев “айыккыс дартка чалдыккан, узакка жашабайт”, деген диагноз менен сот чечимине ылайык, абактан мөөнөтүнөн мурда бошогон. Ошол кезде баш прокурор Аида Салянова мыйзам бузуу болгон эмес деп билдирген.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Жоомарт Сапарбаевдин пикиринде, кайра жанданган кылмыш иштин негизинде бир катар чаралар көрүлүшү керек:

- Бул ишке тиешеси бар адамдарды текшерүү керек. Экинчиден, Батукаевге кылмыш иш кайра козголгондон кийин Орусия тарап ал тууралуу маалымат бере албаса, анда Батукаевди кайра алып келүү маселесин көтөрүү керек. Анткени жаңы жагдайлар боюнча кылмыш иш козголуп аткан болсо, анын кетиши мыйзамсыз деген маселе коюлушу зарыл.

Кылмыш дүйнөсүнүн анабашы атыккан Батукаев абактан мөөнөтүнөн мурда бошору менен Кыргызстандан чыгып кетиши коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Бул факт боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия ошол кездеги вице-премьер-министр Шамил Атаханов, ички иштер министри Абдылда Суранчиев, саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева, Жаза аткаруу кызматынын мурдагы башчысы Зарылбек Рысалиев баштаган бир нече жетекчини чукул арада кызматтан алууну өкмөткө тапшырган. Аты аталгандардын ичинен Шамил Атаханов гана өз каалоосу менен иштен кеткен, Ал эми ошол кездеги акыйкатчыны Жогорку Кеңеш кызматтан алган. Андан кийин парламенттин токтому боюнча өкмөт өзү жумушчу топ түзгөн. Бирок бул жумушчу топ эмдигиче корутунду чыгарып, аны парламенттин талкуусуна кое элек.

XS
SM
MD
LG