Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:02

Кыргызстан Бажы биримдигине жакында кириши арсар


Бажы биримдигине кирген үч өлкөнүн президенттери. Москва, 2011-жылдын 19-декабры.
Бажы биримдигине кирген үч өлкөнүн президенттери. Москва, 2011-жылдын 19-декабры.

Жаңы жылдан тарта Орусия, Беларус жана Казакстан кирген Бажы биримдиги ишке киришти.

Бул арада Бажы биримдигине кирүү чечимин билдирген Кыргызстандын кам-чому кандай, кандай жагдайда жана качан кириши мүмкүн деген суроолор пайда болууда. Айрым адистер биримдикке кошулуу жараяны создугуп, ага кыргыз өкмөтү жетиштүү даярданбай жатканы айтып жатышат.


Бажы биримдиги дале баш катырууда


Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуу чечими азырынча кагаз жүзүндө. Президент Атамбаев бул чечимдин артык жактарын дембе-дем айтканы менен адистер “ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет, Кыргызстан жакын арада биримдикке кире албайт” деп жатышат. Себеби Орусиянын Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болушунан улам Бажы биримдигин ичинде бир катар өзгөрүүлөр жүрүүдө.

Кыргыз-казак чегиндеги бажы бекети.
Кыргыз-казак чегиндеги бажы бекети.
Көз карандысыз экономикалык эксперт Азамат Акелеевдин пикиринче, Кыргызстан Бажы биримдигине кириши боюнча сүйлөшүүлөр бир топ кечеңдеши мүмкүн:

- Бул маселенин чечилиши көпкө жылдырылып калды деп ойлойм. Себеби Орусия 2012-жылдын 1-январынан тартып Дүйнөлүк соода уюмуна кирип жатат. Ошондуктан Бажы биримдигин мүчөсү болгон Казакстан жана Беларус менен тарифтер боюнча жаңы талкуу башталат. Эми Орусиянын бажы тарифтери Бажы биримдигинин орточо тарифтеринен 2,5-3 пайызга төмөн болот. Мына ушуларды өз ара чечишкен соң гана башка мамлекеттер менен сүйлөшө баштайт деген пикирдемин.

Анткен менен Орусиянын Дүйнөлүк соода уюмуна кириши Кыргызстандын Бажы биримдигине киришин тездетет деген пикирлер да бар. Экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев дал ушундай ойдо:

- Орусия 16-декабрда Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуп кирди. Эми сүйлөшүүлөр алда канча жеңилдейт. Себеби жарым жыл ичинде Орусия өз нормативдик мыйзамдарын Дүйнөлүк соода уюмунун шартына келтирет. Биз эми ошолорду карап туруп, эгер Орусиянын кабыл алган нормалары биздин шартка туура келсе, эч кандай сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөй туруп деле Бажы биримдигине кире берсек болот. Муну менен биздин өкмөткө абдан жакшы шарт түзүлдү. Буйруса, жыл аягына чейин Бажы биримдигине мүчө болууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Кыргызстан өкмөтү Бажы биримдигине кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн атайын топ түзгөн. Бул топ Бажы биримдигине мүчө болгон өлкөлөр менен сүйлөшүп, Кыргызстан үчүн бир катар жеңилдиктерге ээ болууну көздөөдө.

Премьер-министр Өмүрбек Бабанов буга чейин сүйлөшүүлөр башталып жатканын билдирген эле:

- Атайын топ биздин экономикабыз үчүн, маанилүү ишканалар менен тармактар үчүн жеңилдетилген мөөнөт алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Беш жыл, же жети жыл болобу ал ишканалар азыр иштеп жаткан бажы төлөмүн, техникалык регламентти сактап калуу боюнча сүйлөшүүлөр сөзсүз болот.


Базарлар жаңы шартка ылайыкташа баштадыбы?


Ал эми Бажы комиссиянын жооптуу катчысы Сергей Глазьев уюмга мүчө өлкөлөрдүн шартына жараша айрым жеңилдиктер каралганын белгилейт:

- Биз Бажы биримдигин түзүп жатканда бул уюмга мүчө боло турган ар бир мамлекеттин өзгөчөлүгүн эске алууга аракет кылганбыз. Биз кандай гана болбосун, ар бир өлкөнүн экономика тармагы начарлашына жана жашоо шарты кескин кымбатташына жол бербейбиз. Маселен Казакстан үчүн бирдиктүү бажы төлөмдөрүнөн 80ден ашык товарларга жеңилдиктер каралган.

Кара-Суу базары.
Кара-Суу базары.
Бажы биримдигине кирүүгө Кыргызстандагы Дордой жана Кара-Суу базарларындагы соодагерлер каршы чыгып келген эле. Бирок саясий чечимден кийин аталган базарлар жаңы шартка ылайыкташа баштаганын Кыргызстандын базарлар, соода жана кызмат көрсөтүү ишканалар биримдигинин төрагасы Сергей Пономарев тастыктады:

- 2013-жылы январдан тартып Бажы биримдигине мүчө болуп калсак, бармакты тиштеп өкүнбөш үчүн 2012-жылы соода тармагындагылар ички даярдыкты чыңдоо үчүн көп иштерди аткаралы деп жатабыз. Мында мамлекет да биз менен ортоктош болуп, жардам берет деген үмүттөбүз.

Ошентип Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүгө даярбы же жокпу деген суроо азырынча ачык турат. Адистер бул биримдиктен ким утуп, ким утулаары да арсар экенин айтууда.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG