Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:00

"Органга сатылмак" делген балдардын изи...


Орусияга кеткен балдар
Орусияга кеткен балдар

Тышкы иштер министрлигинин Кыргызстанда жашаган орусиялык жарандын эки баласын жарандык никедеги күйөөсү сатып жиберди деген маалыматты төгүндөгөн нотасына Орусиянын Тышкы иштер министрлиги жооп бере элек.

Жыл башында Орусиянын дээрлик бардык телеканалдарында Кыргызстанда жашаган орусиялык жаран Наталья Романенконун жарандык никедеги күйөөсү, балдарын орган алуучуларга сатып жиберип, аларды Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкерлери кантип баатырлык менен куткарып калганы туурасында маалымат тараган. Орусиянын дипломаттары балдарды куткарып, Новосибирскиге алып кеткени туурасында Кыргызстандагы Орусия Федерациясынын вице-консулу Анастасия Антонова айтып берген эле:

- Натальянын жарандык никедеги жолдошу балдарын лөлүлөргө сатып жиберген. Биздин оперативдик маалыматтар боюнча балдардын органдарын алуу үчүн Кыргызстандан тышка чыгарып кетүүгө аракеттер болгон.

Бул маалымат бүтүндөй кыргызстандыктарды дүрбөлөңгө салып, күч органдары оперативдүү иликтөөлөрдү жүргүзүп, орусиялык каналдардын маалыматтары төгүнгө чыккан. "Азаттыктын" кабарчылары окуяны Шопоков шаарына барып, жеринен териштирип көрүштү.

Орусиялык жаран Наталья Романенко менен Алексей Попов чынында балдары менен бирге эле жашаган экен. Кошуна-колоңдору бул үй-бүлө бирге түтүн булатканын, бирок акыркы учурларда Поповдун жубайы көп ичип жүргөнүн айтып беришти. Ал эми Шопоков шаарынын №2 орто мектеп гимназиясынын директору Татьяна Буртная “Азаттыкка” маек куруп, Орусия каналдарынын тастыкталбаган маалыматтарына нааразылыгын билдирди.

- Балдарды органдарын алууга сатты деген сөз - бул абсурд. Эч нерсе менен тастыкталбаган, жалган жана акылга сыйбас маалымат деп ойлойм. Балдар бизден окуп, жакшынакай билим алып жатышкан.

Өткөн жылы күзүндө Наталья Романенко өз жанын өзү кыйып, мурунку жана кийинки күйөөлөрүнөн төрөгөн уул-кызы Аня менен Тимофей жетим калышкан. Романенконун акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүтөрү менен балдарды мен багам деген ойдо Анянын класс жетекчиси, балдарды боюна тарта баштаган. Ал окуя боюнча Тимофейдин атасы Алексей Попов төмөнкүлөрдү айтты:

- Ошол күнү биз манты түйүп жатканбыз, тамак бышып калган учурда эжем балдарды чакырганы кетип эле аларды таппай калдык, көрсө мугалим эжекесинин үйүнө уулум Тимофейди жетелеп Аня качып кетиптир. Барсам мен балдарды бербейм деп чыкты, эмнеге десем сен аларга бөлөк адамсың, өз атасы болсоң туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн көрсөт деп таптакыр каршы болуп туруп алды. Чынында биз Тимофейге күбөлүк ала элек болчубуз, көрсө мен уулумду ошо түнү акыркы жолу көргөн экем.

Чынында Тимофейдин туулгандыгы туурасында күбөлүгү жок экен, анткени Наталья Романенко Орусиянын жараны болгондуктан өзүнө каттатам деп жүрүп үлгүрбөптүр. Ал эми медициналык картасын Германиядан келген таенеси Тимофейди дарылатуу керек деп алып кеткен. Жаңы медициналык карта ачууга жергиликтүү бейтапканалардын бирине барышса, баланы көрүүнү талап кылышат. Балдар кайда жашап жатканын класс жетекчи менен таенеси айтпагандыктан Алексей Попов Орусия телеканалдары аркылуу гана аларды Новосибирскиде экенин билет. Ал теледе өзүн балдарын орган катарында лөлүлөргө сатып, аялын өлтүргөн кылмышкер катары сыпатталып жатканын көрүп деңдароо абалда калганын айтты:

- Бул көрүнүштү каракчылык десе жарашат, элчилик менин баламды уурдап кетти деп айтсам болот. Эч ким эч нерсе айтпаса, дебесе, биз кайдан билдик кимдин жардамы менен алып кеткенин. Эфир аркылуу мага карата айтылган жалааларды кантип түшүнсө болот?

Орусиялык телеканалдардын өткөн жылдын декабрь айында балдар кайыр сурап жүрүшкөн деген маалыматы чындыкка коошпогонун далил кылып, райондук социалдык коргоо башкармалыгын айтсак болот. Аня менен Тимофейди Орусия дипломаттарына өткөрүп берүү актылары октябрь айында жүргүзүлгөн. Шопоков шаарынын вице-мэри жана бир нече мамлекеттик кызматкерлер орус дипломатиялык комиссиясынын кызматкерлеринен эч кандай документ талап кылбастан берип жиберишкен, алардын бирөө гана өзүнүн визиткасын таштап кеткен. Ошол эле учурда элчиликтин кызматкерлери Анянын атасы Сергей Черницынге да эч нерсе айтышкан эмес, ал ушу күнгө чейин алимент төлөп келген экен.

- Мен ушу күнгө чейин таң калып отурам, алар мен бул жерде жашарымды жакшы билишчү, эч жакка кетип же таштап салган эмесмин. Бир ооз сурап койсо болот эле го. "Кызыңды бергенге макулсуңбу?" деп, туурабы? Эч ким эч нерсе айткан жок мага.

Эми энеси бир эки бала аркылуу тагдырлаш болгон Алексей Попов менен Сергей Черницын биригип, балдарды табуу аргасын издей башташты. Алексей Попов "балдарын орган катары сатты" деген факт ИИМ аркылуу тастыкталбаган соң Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги каршылык катары кесиптештерине нота жөнөткөн. Бирок Орусиянын тышкы саясий мекемесинен жооп келе элек. Кыргызстандагы Орусия элчилиги да унчукпайт. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын түшүндүргөнүнө караганда, алар бул маселеге дипломатиялык чечим кабыл алынмайынча кирише албайт экен.

"Сатылмак" делген балдарды изи...
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:51 0:00

  • 16x9 Image

    Жибек Бегалиева

    2014-жылдын апрель айынан бери "Учур" ("Настоящее время") долбоорунун кабарчысы. Кыргызстандын коомдук каналдарында төрт жылдай иштеген. Кыргыз мигранттары тууралуу бир нече берүүнүн автору. Кыргыз-түрк "Манас" университетинин бүтүрүүчүсү. 

  • 16x9 Image

    Ильич Кулназаров

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы, журналист. 

XS
SM
MD
LG