Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:51

"Кара тизмеден" 50 миңдей кыргызстандык чыгарылат


Домодедово аэропорту
Домодедово аэропорту

50 миңге жакын мигрант "кара тизмеден" июлдун ортолорунда чыга турган болду. 30-июнда Кыргызстандын элчилиги менен Орусиянын Федералдык миграция кызматы мыйзам бузганы үчүн үч жылдан кем эмес мөөнөткө тыюу салынган кыргызстандыктарды "кара тизмеден" чыгаруунун жол-жоболорун талкуулашты.

"Кара тизмеде" болуп-болбогонун өзү да билбеген Кенже “Азаттыкка” кайрылып, тизмени кантип текшерсе болорун сурады. Анын айтымында, бир айдын ичинде Орусиянын аймагына кирүү укугунан ажыратылган 77 миң адамдын ичинен 49 миң кыргызстандык "кара тизмеден" чыгарылары тууралуу жаңылык уккан соң бир топ суроолор пайда болду.

- Кайда барып, кимге кайрылыш керек? Биз эң негизгиси ушул жагдайларды тактап алышыбыз керек. Кээ бир адамдардан "мигранттарга жеңилдиктер каралып жатат" деп угабыз. Бирок эрежелери кандай экенин так биле албай турабыз. Биз деле эртеден кечке жумуштан колубуз бошобой, өзүбүзгө байланыштуу кандай өзгөрүүлөр болуп жатканы туурасында кабарыбыз деле жок.

Сахароводогу миграция борбору
Сахароводогу миграция борбору

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Жунусовго кайрылганыбызда, Федералдык миграция кызматынын жетекчиси Константин Ромодановский менен жолугушууда Евразия экономикалык биримдигинин алкагында каралган майда жеӊилдиктердин механизмдери тууралуу сөз болгонун айтат. "Ал эми “кара тизмеге” кирип-кирбегенин адегенде тактап алуу керек", - дейт элчи.

- Азыр интернетти көпчүлүк колдонуп калбадыбы. Федералдык миграция кызматынын интернетте сайты бар: www.fms.gov.ru деген баракчада орус тилинде көрсөтүлгөн. “Проверка наличия оснований для неразрешения въезда на территорию РФ” деген баракчаны ачып, атайын анкета толтуруу керек. Анда жынысын, жарандыгын, аты-жөнүн толтуруш керек. Бир нече мүнөттөн кийин ал тизмеде ошол адам болуп-болбогонун билдирген кат келет. Эгер жок болсо, анда кадимкидей эле билет алып, ээн-эркин жүрө берсин.

Эгер административдик тартипти бузгандардын катарына кирген мигранттын фамилиясы жүрсө, анда тиешелүү документтерди топтой баштаса болот. Орусиянын миграциялык мыйзамдарын бузган жарандар адегенде жагдайын түшүндүргөн арыз жазат. Жанында өздүгүн тастыктоочу документ, же паспорт болуп, жакын туугандары Орусиянын жараны болсо, ошол документтердин көчүрмөсүн топтоп Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине барат.

Кыргызстанда жүргөндөр болсо Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине кайрылыш керек. “Замандаш” ассоциациясынын координатору Азамат Рахманов буларды айтты:

- Эгер мигрант кайсы бир чек арадан өтүп жатып "кара тизмеге" кирсе, аэропорттон текшергени оң. Анткени ФМК мыйзамды бузган кыргызстандыктардын аты-жөнүн интернетке чыгарбайт. Мигранттардын маселесин чечүү жол-жобосу бирдей жүргүзүлүшү керек.

Тизмеден баары эле чыгарылбайт

5 жылдан 10 жылга чейинки одоно мыйзам бузгандарга, же соттун кайсы бир чечими чыккандарга бул жеңилдиктер каралган эмес. Ушундай мигранттардын саны 3 миңдин тегерегинде экени маалымдалды. Мындай чечимди Кыргызстан менен Орусия Санкт-Петергбургдагы экономикалык форумдун алкагында кабыл алып, атайын макулдашууга кол коюлган. Ушул эле макулдашууга ылайык, эми Орусия менен Кыргызстандын жарандары эки өлкөдө каттоосу жок 30 күн жүрө алышат.

Эл аралык мамилелер боюнча адис Чынара Эсенгул мигранттар бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай колдонуп калышы керектигин айтат:

- Жарандарга ушул жылдын 10-июлунан 1-ноябрына чейин эч кандай тоскоолдуксуз Орусиядан чыгууга жана кайра кирүүгө уруксат берилип жатканы бул мигранттар үчүн кетирген каталарын кайрадан оңдоп алуусуна шарт түзүп жатат. Кайрадан мыйзам бузбоого аракет кылыш керек.

Буга чейин 19-июнда Санкт-Петербургда эки өлкө ортосунда мигранттардын каттоосун жеңилдеткен макулдашууга кол коюлган. Ал келишимге ылайык, кыргызстандык жарандар Орусия аймагында отуз күн каттоосуз жүрүү укугун алган. Эми мигранттар ишке уруксат берүү кагазы жок, эмгек келишиминин негизинде иштеп калуусу күтүлүүдө. Элчиликтин маалыматына ылайык, ЕАЭБ боюнча келишимди Орусия ратификациялады. Коңшу Казакстан менен Беларус ратификацияласа эле Кыргызстандын жарандары патентсиз иштөө укугуна ээ болушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG