Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:15

Москвада кыргыз күбөлүктөрүнөн ката табышты


Домодедово аэропорту
Домодедово аэропорту

Кыргызстанда балдарга берилген туулгандыгы тууралуу айрым күбөлүктөр Орусияда жараксыз болуп таанылууда.

Балдардын күбөлүгүнө нике күбөлүгү деген микрошрифт басылып калган. Туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө мындай катасы бар балдар ата-энелери же коштоочу ишенимдүү адамдары менен Москванын аэропортторунан чыгарылбай, кайра Кыргызстанга кайтарылууда.

Орусияда эмгектенген Зинат Мамазаирова беш жаштагы кызын жанына алып келе албай убара. Керектүү документтерди даярдап, билетин сатып берип, баласын Москвада күтүп жаткан эне наристесине болгон сагынычын тарката алган эмес. Баласынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жараксыз деп, аны Оштогу аэропорттон кармап калышкан.

Биздин компания менен мурдагы күнү 14 жаштагы кыз учуп келиптир. Бүгүн араң Ошко учуруп жибердим. Ошондо 48 саат күттү.

- Мен ал жактагы баламды улуу кызым алып келмек болгон. Керектүү бардык кошумча документтерди даярдаганбыз. Оштогу аэропортко келгенде метрикасын жасалма деп, чыгарбай коюшкан. Кызым 5 жашта, метрикасын 2010-жылы алганбыз. Бирок 2012-жылы күйөөм фамилиясын өзгөрткөндө 18 жашка чыга элек балдардын да документтерин алмаштырганбыз. Эми кайра дагы жасатканга аракет кылып жатабыз. Балдарды сагынасың. Эми ушул метриканын жасалма болушу - өзүнчө жомок. Ал жакта менин баламдан башкалар да аэропорттон өткөрүлбөй калганын улуу кызым айтты.

Зинат Мамазаирова авиабилетти 7800 рублга сатып алган болсо, жарымын гана кайтарып ала алган. Баласын көрүүгө зар эне талаага кеткен акчасына деле ыраазы.

Анткен менен Зинаттын үй-бүлөсү күбөлүктүн жараксыздыгын Орусияга келе электе билип, башкалар туш болгон кыйынчылыктардан куткарылды десе болот.

Же кире албай, же кете албай...

Жараксыз күбөлүктөр менен Кыргызстандагы паспорттук көзөмөлдөн тоскоолдуксуз өтүп кеткендер Орусиянын аэропортторунда кармалып калууда.

Домодедово
Домодедово

“Авиа трафик компани” ишканасынын Москвадагы өкүлү Искендер Сатыбалдиев Бишкек менен Оштон учуп келген ар бир рейстен балалуу эки-үч үй-бүлө оор абалда калганын айтат. Күбөлүктөрү жараксыз болуп калган учурларда балдарды коштогон ата-энелер жана ишенимдүү адамдар да Кыргызстанга кайтууга мажбур болууда.

- Мындай факт бар. Акыркы окуяны эле айтайын. Өткөн күнү эки баланын документтери туура эмес болуп, жанында коштоп келген адамдарды да Кыргызстанга кетиришти. Кыйналган жери – учактар Ошко бир күн сайын учат. Кийинки күнү учуп кете албай калса, бул жакта аэропортто бир күн ашыкча түнөп калууга туура келет. Шарты болсо, кээ бирөөлөр кайра эле билет алып, 1-2 саатта өздөрү учуп кетип жатышат. Андай шарт жок болсо, балдары менен аэропортто камалып калышы өтө кыйын болуп жатат. Тамак-аш, суусундук берет, бирок бир бөлмөдөн эч жакка чыгарылбайт. Мисалы, биздин компания менен мурдагы күнү 14 жаштагы кыз учуп келиптир. Бүгүн араң Ошко учуруп жибердим. Ошондо 48 саат күттү. Мындай окуялар башка дагы компанияларда болсо керек деп ойлойм.

Балдардын күбөлүгү боюнча маселе чыккан соң Орусиядагы кыргыз элчилиги Кыргызстандагы тиешелүү органдарды дароо маалымдаган. Элчиликтин экинчи катчысы Айымкан Кулукеева жарандардын Орусияда ашыкча чыгымдарга туш болуусун алдын алуу үчүн Кыргызстандан токтотуп калуу керектигин айтат.

- Балдарынын документтериндеги туура эмес жазылган жазуулар үчүн Кыргызстандан учуп келген жарандарды артка кетирип жаткан учурлар бар. Бул маселе боюнча жарандар бизге кайрылышууда. Консулдар да аэропортко барып келишти. Чындыгында эле туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн ичинде микрошрифт менен нике тууралуу күбөлүк деп жазылган экен. Ошол себептен Орусиянын чек ара кызматтары “жарактуу документи жок” деген негизде акты түзүп, Орусиянын аймагына киргизбей, жарандарды артка кайтарып жатышат.

Күнөөлүүлөр жазасын алабы?

Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Элзат Кыдырмышева күбөлүктөрдүн жараксыз болуп чыгарылышын «типографиялык ката» дейт. Мындай каталар 2012-2013-жылдары берилген күбөлүктөрдө гана табылып жатканын белгилейт. Катаны лупа менен атайын текшерүүнүн негизинде гана аныктоого болот.

- Азыр Мамлекеттик каттоо кызматында атайын кызматтык иликтөө жүрүп, мындай күбөлүк алган жарандардын саны менен тизмеги тууралуу маалыматты тактап жатабыз. Бул маселе боюнча материалдын баарын укук коргоо органдарына жөнөтүп, кимдин кандай күнөөсү бар болгонун аныктап, соттун чечими боюнча жарандарга материалдык чыгымдын орду толукталат. Мындай күбөлүктөр менен кайрылган жарандарга документтерин бекер алмаштырып берип жатабыз.

Кыргызстанда берилген расмий документтин Орусияда жараксыз болуп чыгышы алгачкы жолу эмес.

Мамлекеттик каттоо кызматы берген айдоочулук күбөлүктөр да Жол кыймылы тууралуу Вена конвенциясынын талаптарына толук жооп бербегендиктен Орусияда жараксыз деп табылып, чет жакта жүргөн кыргызстандык жарандарды бир топ убарага салып жатканы белгилүү.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG