Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:28

Кыз ала качуу: Мыскалдай эрктүү болсоңор


"Азаттыктын" архивиндеги сүрөттөн.
"Азаттыктын" архивиндеги сүрөттөн.

(Кыргызстандын кризистик борборлор Ассоциациясы гендердик зомбулукка каршы БУУ - Аялдар глобалдык өнөктүгүнүн алкагында сунуштаган баяндар түрмөгүнөн).

Бул окуя Ош облусунун Чоң-Алай районунда болгон.

Тоо койнундагы айылдардын биринде 18 жашар Мыскалды коңшу айылдан бир жигит ала качат. Кыз адегенде катуу каршылык көрсөтөт, бирок артынан жете келген жеңелери элге шерменде болобуз деп, Мыскалды отургузуп кетишет.

Туугандары эгер отурбай кетип калсаң, карыган жана оорукчан атаң элге уят болдум деп, катуу кайгыга батат деп кулагына куюшат. Айыл ичинде ар кандай сөз тарап, атаң чыдабай, аркы дүйнөгө жүрүп кетсе эмне кылабыз деп кокуйлашат жеңелери. Иши кылса атасын аяган Мыскал ала качкан жеринде отуруп калганы.

Анысы го болуптур, ошого жараша жашоосу түз болуп кетсе кана? Бысмылда дегенде эле жашоосу алдоолор менен кордук көрсөтүүлөрдөн башталат. Мыскалды ала качкан жигит милиционер эле, ал дээрлик үй бетин көрчү эмес. Жаңы келген колуктуга кыйын эле болот, үй ичиндеги түйшүктүн баары анын жаш башына жүктөлөт. Жыл айланбай там сала башташат, ошондо Мыскал бүт үй-бүлөгө кошумча төрт куруучуну да бага баштайт.

Ошентип жылдар өтө берди, Мыскал эки уул төрөдү, бирөөсү үчкө, кийинкиси бирге толгон кезде күйөөсү Мыскалды үйдөн кууп чыгат. Ошентип, эрксизден башы байланган келин беш жылдан кийин кризистик борборго, анан жергиликтүү адвокатка кайрылганы.

Мына ошондо Мыскалдын бир да документи жоктугу айкын болуп жатпайбы. Кала берсе нике каттоо күбөлүгү, балдардын документтери да жок экен. Мына ошондо жарандык уюм өкүлдөрү бул ишке шымалана киришип, укугу бузулган аял менен балдарынын таламын талашканы аттанышты.

Мыскалдын күйөөсү адегенде билгениңерди кылгыла дегендей мамиле жасады, арга жок анын чоңдоруна кайрылууга туура келди. Ошондо гана иш жылып, ал эки баланын атасы экенин мойнуна алды, наристелер документтүү болду.

Эми болсо милиционер күйөөдөн алимент өндүрүп, материалдык чыгымдарды төлөтүү иши калды. Кризистик борбордогулар Мыскал менен эки баласынын жашоосу оң жолго түшөт деп үмүттөнүшөт. Башка түшкөн ушул экен деп эки баласы менен жатып албай, өз укугун коргоп чыкканы чоң эрдик болгон. Бул эрки менен Мыскал эки уулу менен эч качан талаада калбайт.

XS
SM
MD
LG