Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:14

Ноокаттагы кыйноо окуясы иликтенүүдө


Каримжан Хасанов менен "Кылым шамы" уюмунун юристтери ооруканада жолугуп жатат. Ноокат, 14-декабрь, 2013
Каримжан Хасанов менен "Кылым шамы" уюмунун юристтери ооруканада жолугуп жатат. Ноокат, 14-декабрь, 2013

Ноокатта тартип коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан кыйноого кабылып, оор абалда ооруканага түштү делген Каримжан Хасанов күч колдонгон милиция кызматкерлери жоопко тартылбай жатканына нааразы.

Ал ушундай даттануу менен “Кылым шамы” укук коргоо уюмуна кайрылды. Уюмдан билдиришкендей, Хасановго карата эми милиция кызматкерлеринин туугандары да ыдык көрсөтө баштаган. Райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги кызматкерлерине коюлуп жаткан доомат азырынча далилдене электигин айтып жатат.

"Башыма желим баштык кийгизип сабашты"

Учурда Ноокаттагы райондук ооруканада дарыланып жаткан Каримжан Хасанов 38 жашта. Ал 9-декабрь күнү райондук милициянын 3 кызматкери кыйнап, күнөөнү мойнуна алдырууга аракет кылганын айтат. Хасановдун милицияга кармалышына тааныштары менен чырлашканы себеп болгон:

- Досумдун жеңеси башка эркектер менен көңүл ачып жүргөнүн угуп, ал тууралуу досума айткам. Эч кандай жаман оюм жок болчу. Ушунун айынан ошол келиндин жакындары менен чырдаша кеткенбиз. Алар менин үстүмөн райондук ички иштер бөлүмүнө арызданыптыр. Үйдө жок кезимде, милиция кызматкерлери келип, аялымды суракка алышкан. Жубайым менин каерде экенимди билбей турганын айтса, колун кайрып, таап бересиң дешиптир. Анан мен келгенден кийин эч кандай документимди сурабай эле бөлүмгө алып кетишти.

Каримжандын айтымында, бөлүмгө келген соң сурак баштаган милиция кызматкерлери аны зордоп кийимин чечтирген:

- Кийимимди чечинтип, анан мага желим баштыкчага оролгон нерсени көрсөтүштү. “Бирөөгө жалаа жапкан күнөөңдү мойнуңа албасаң ушул маңзатты чөнтөгүңө салып, өмүр бою каматып салабыз”,- дешти. Андай кылбагыла деп жалындым. Башыма желим баштык кийгизишип, сабашты. Эс-учумду жоготуп койдум. 4-5 саат ошентип кыйнаган соң менден 150 миң сом сурашты. Үйдөгүлөргө телефон чалып, акча таап келүүсүн айттым. Бирок жакындарым 50 миң сом гана таап барышты. Акчаны берген соң мени бошотушту. Кыйноого алган милициялардын атын эстеп калдым, Шаттык, Алым жана Адыл деген кызматкерлер болчу...

Учурда Хасанов райондук ооруканада дарыланууда. Бейтапкананын травматология бөлүмүнүн башчысы Токторали Зиядинов билдиргендей, анын баш мээси чайкалып, кабыргасы сынган:

- Абалы дурус. Баш мээси чайкалган. Рентгенге салганда сегизинчи кабыргасы сынганы аныкталды.

Каримжан Хасанов милициянын үстүнөн арызданып, Ош облустук прокуратурасына, “Кылым шамы” укук коргоо уюмуна жана Башкы прокуратурага кайрылган. Арадан көп өтпөй ооруканада жаткан Хасановго андан акча алганы айтылып жаткан милиция кызматкерлери келип, арызды кайтарып алууну суранышкан. Бирок бул сунушка Хасанов макул болгон эмес.

Милициянын жүйөөсү башкача

“Кылым шамы” уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова билдиргендей, 18-декабрь күнү аты аталып жаткан милициялардын туугандары Хасановдун үйүнө келип, үй-бүлө мүчөлөрүн коркутушкан жана арызды кайтарып албаса, үйүн өрттөп жиберишээрин айткан.

Абдирасулова милиция жетекчилиги өз кызматкерлерине карата чара көрбөгөнү окуяны тутантып атат деген ойдо:

- Биз райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилигине кыйноо фактысы тууралуу 16-декабрда билдиргенбиз. Бирок алар чара көрбөгөнү үчүн бир кылмыштын артынан экинчиси жасалып жатат. Хасановдун үй-бүлө мүчөлөрүн коркутуу, үйдү өрттөө аракети да чоң кылмыш. Биз кабарлаган учурда эле ошол милиция кызматкерлерин убактылуу жумуштан четтетип, Хасановдон кабар алып, окуяны иликтеп, керектүү чараны көргөндө мындай болмок эмес.

Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Мурат Боронов окуядан кабардар экенин, бирок кызматкерлери тарабынан Хасановдон акча өндүрүлгөнүн уга электигин “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Каримжан Хасанов бирөөгө жалаа жапканы үчүн эмес, тааныш аялды зордуктоого аракет кылганы үчүн камакка алынган. Боронов билдиргендей, шектүүнү милиция өкүлдөрү эмес, арыз жазган айымдын атасы күч кызматкерлеринин жанында сабап койгон:

- Ишти азыр прокуратура текшерип жатат. Хасановдун үстүнөн Огулай Орунбаева деген айым арызданган. Аны кармап келгенден соң Огулайдын атасы биздин бөлүмдө Каримжанды уруп салган. Милиция кызматкерлери акча алганы тууралуу маалыматым жок. Прокуратуранын иликтөөсүнөн соң бир жыйынтык чыгат. Каримжанды суракка алган балдар азыр иштеп атат.

Кыйноого кабылганы айтылып жаткан Каримжан Хасанов 2006-жылы Орусиянын жарандыгын алган. Ал окуя тууралуу Кыргызстандагы Орусия элчилигине да кайрылып, жардам сураганын билдирди.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, жыл башынан бери Кыргызстанда кыйноолор боюнча 200дөн ашуун кайрылуу катталган. Укук коргоочулар кыйноо фактылары кылмышка шектүүлөр кармалган алгачкы учурларда көп колдонулаарын билдирип келишет.

XS
SM
MD
LG